Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Орозайым Нарматова Москвага учуп кетти


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Жарандык активист Орозайым Нарматова бүгүн, 11-сентябрда "Манас" аэропортунан Москвага учуп кетти. Бул тууралуу анын адвокаты Сейитбек Довлотов "Азаттыкка" билдирди.

Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган. Ошол эле күнү кечке жуук активист күбө катары суралгандан кийин бошотулганын билдирди.

Активисттин кармалышын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыгышты.

Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG