Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 100 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 11-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан үч киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2569 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 100 адамдан аныкталды.

  • Бишкек шаарында -55
  • Чүй облусунда -17
  • Ош облусунда –2
  • Талас облусунда –1
  • Нарын облусунда -5
  • Ысык-Көл облусунда -10
  • Жалал-Абад облусунда -6
  • Баткен облусунда -4

Ош шаарында вируска чалдыккан адам расмий катталган эмес.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 177 803 кишиге жетти.

Алардын 648и ооруканада жатат, дагы 1086 бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 146 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 326 киши.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG