Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

ТИМ 74 миң кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынганын билдирди


Москва шаары. 2018-жылы тартылган сүрөт.
Москва шаары. 2018-жылы тартылган сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 74 миң жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынганын, алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын билдирди.

Орусиянын мыйзамдары боюнча, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга чейин өлкөгө кире албайт.

Тышкы иштер министрлиги “кара тизмеге” киргизилген Орусиядагы журтташтарга бул өлкөгө кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтүнүн аякташын күтүү керектигин билдирди. Же соттун чечимине даттанууга негиздер болсо сотко кайрылууну сунуштады.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон көп экени айтылып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG