Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Адахан Мадумаров Нарматованын кармалышын сынга алды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров партиянын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышын Кыргызстандагы мыйзамсыздыктын жеткен чеги катары баалады. Бул тууралуу ал 10-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

“Эки доско каршы сүйлөп койсоң бийлик аны мамлекетке каршы сүйлөгөндөй кабыл алат. Каалаган берене менен айып коё берет, ал жараша берет. Бул өтө чоң жапайычылык. Орозайым Нарматова бир ай атасынын үйүндө жаткан экен. Эмне үчүн укук коргоо органдары үйүнө басып барып койбойт? Эмне үчүн аэропортко келип учайын деп каттоодон өтүп жатканда кармашат? Милиция качантан бери чек араны кайтарып калды эле? Ал эми чек ара кызматы кимге баш ийет билесиңер. Экинчиден, ал кыз жападан-жалгыз бир тууган агасынын сөөгүн алып келип жерге берип, кыргыздын салты боюнча 40 күндөн кийин жеңесин, агасынан калган төрт баланы алып кетип баратканда кармалганы чектен чыккан жапайычылык”, - деди Мадумаров.

Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.

Анын адвокаты Сейитбек Довлотов Орозайым Нарматовага Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айып тагылганын айтты. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын билдирди.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Ал президент Садыр Жапаров камакта жаткан кезинде активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындай баштаган. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга бир тууганынын зыйнатына келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барганда кармалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG