Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Кыргызстанда вакциналарды сактоочу эки миңден ашуун муздаткыч бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда вакциналарды сактоо үчүн 2,122 атайын муздаткыч жабдуулар бар. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев 10-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, 2019-2020-жылдары муздаткыч жабдууларын оптималдаштырууга эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 973 атайын муздаткыч жабдуулары алынган.

“Муздаткыч чынжырынын жабдуулары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына жооп берет жана Дүйнөлүк шайкештик сертификаттарына ээ. Медициналык кызматкерлер муздаткыч чынжыры боюнча окуу жана тренингден жыл сайын өтүүдө. Ошондой эле, мобилдик бригадалардын жана медициналык мекемелерден тышкаркы жайгашкан убактылуу эмдөө пунктары термоконтейнерлер жана термосумкалар менен толук камсыздалган”, - деди Кыргызбаев.

Муздаткыч чынжыр - вакциналарды сактоонун жана ташуунун бардык баскычтарында аларды өндүрүүчү ишканадан эмдөө пунктарнына чейин жеткирүүнүн оптималдуу температуралык режимин камсыз кылуучу механизм болуп саналат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда эмделгендердин саны 1,2 млн. ашты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG