Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Шайлоо: Бюллетенде талапкердин номери гана көрсөтүлөт


Шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңешке шайлоодо бюллетенде партиялык тизме менен бараткан талапкерлердин номери гана көрсөтүлө турган болду. Бул жагдай шайлоочуга тандоодо татаалдык жаратары белгиленүүдө.

Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча гендердик жана этностук баланстын сакталышы коркунучка кептелди. Келерки шайлоодо административдик ресурс колдонуу жана добуш сатып алуу тобокелдиги кала берүүдө.

Жаңыланган "оюн эрежелери"

Парламенттик шайлоого байланыштуу жаңы эрежелер Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атайын басма сөз жыйынында белгилүү болду. Ал пропорционалдык жана мажоритардык тутумдардын өз-өзүнө тиешелүү тартиптерин чечмелеп берди.

Демек, мурда кабарлангандай, 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. Партиялар үчүн жалпы өлкө бирдиктүү округ деп эсептелет, алар жалпы шайлоочулардын 5% ашыгынын добушун алыш керек.

Бир мандаттуу округдарды БШК шайлоочулардын санын теңдеп бөлүп чыкты, алардын картасы жакын арада жарыяланат. Бул округдарда жарышка түшкөндөрдүн ичинен көп добуш алганы жеңүүчү деп эсептелет.

Натыйжада шайлоо күнү бир шайлоочу эки бюллетень алат. Биринде бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгондордун тизмеси, экинчисинде партиялардын тизмеси жана 54кө чейинки сан берилет. Башкача айтканда, шайлоочу партияны тандагандан кийин талапкердин номерин да кошо тандашы керек. Ошондуктан партиялар аркылуу чыккандар партиясынын номеринен сырткары өзүнүн да номерин элге таанытышы керек.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова муну жаңы системанын артыкчылыгы катары атады:

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

"Жарандарда бир мандаттуу округ боюнча да, пропорционалдык тутум боюнча да конкреттүү талапкерди шайлоого мүмкүнчүлүгү болот. Бирок бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу үчүн биз шайлоочуларга кеңири маалымат беришибиз керек. Ошондуктан ар бир талапкер боюнча кыскача маалымат, сүрөтү менен ар бир добушканада болот. Жалпыга маалымдоо каражаттарында да партиядан сырткары ар бир талапкер жөнүндө кенен маалыматтар чыгарылып турат".

Негизи партиянын ичиндеги талапкерлерге өзүнчө добуш берүү системасы, же преференциалдык деп аталган тартип киргизилип жатканда эле көп талкуу болгон. Аны алгач сунуштап чыккан депутаттар Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев жана башкалар бул система кирсе, бюллетенде партиядан сырткары ар бир талапкердин аты-жөнү жазыларын айтышкан эле. Бирок кийин каралган мыйзамдарда ал оңдолуп кеткен.

Логикасы мындай: эгер, маселен, шайлоого 10 партия катышып калса, алардын ар биринде 54төн талапкер болсо, бул 540 киши. 20 партияныкы 1080ди, 30 партияныкы 1620ны түзмөк. Мынча кишинин аты бюллетенге батпайт, батса деле этектей болуп кетмек.

Ошол себептүү “партиячы талапкерлердин” номери гана берилип жатат. Башка маселе, шайлоочулар өзүнө керектүү талапкерлердин аты-жөнүн эстеп, өзү туура деп эсептеген тандоосун жасай алабы?

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев үн кошту:

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

“Болору болду деп коёт эмеспи. Муну эми канча айтканыбыз менен артка кетпейт. Бирок эми бир топ башаламандыктар, түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Ага жол бербеш үчүн түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүү керек. Талапкерлерди шайлоочу ичинде тандай алат, бирок кабинага киргенде номерин эстеп калабы же жокпу, ишенүү кыйын. Себеби жаза алганды, окуганды билген менен шайлоочулардын ичинде татаал нерселерди түшүнбөй калгандар арбын. Көбү шайлоо күнү эле барып, чечем деп коюшат. Алар партияны тандап туруп, талапкерге келгенде болжолдоп эле белгилеп коюшу мүмкүн”.

Баланс, админ ресурс жана добуш сатып алуу

Партиялык тизменин ичинде бир жыныстагы адамдар 70% көп болбошу керек, 35 жаштан ашпаган талапкерлер 15%, ар кандай этностогу талапкерлер 15% кем болбошу керек. Жалпы талапкерлердин экөө сөзсүз майыптыгы бар адамдар болушу зарыл.

Мындай талаптар негизинен мурдагы шайлоолордо деле бар болчу. Бирок бул жолку шайлоодо бир мандаттуу шайлангандар көп болгондуктан, анда көбүнчө эркектер утуп кетет деген шек бар. Мында гендердик баланс бузулат. Ушул эле мажоритардык шайлоо тутуму аркылуу улуттук жана жаштар балансы да бузулуп калышы мүмкүн деген кооптонуу бар.

Адистер андан башка жаңы мыйзамдарда административдик ресурстардын жана добуш сатып алуулардын жоопкерчилиги жеңилдетилип калганын айтып, бул көрүнүштөр келерки шайлоодо да кызуу ишке ашарын белгилешти.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова кепке кошулду:

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

“36 округдан жалаң эркектер утуп чыгат деп ойлойм. Партиялар топ-топ болуп катышып жатат, бирок аларда деле номерине карап чечкенден улам көбүнчө эркектер көп добуш алат. Анткени аялдардын акчасы, таасири аз. Аялдар акча чачкан, ыплас жолдор менен ойногон эркектер менен атаандаша албайт. Анан административдик ресурс сөзсүз болот. Бийликтегилер “жок, биз колдогон жокпуз” дегени менен бир нече партиянын артында бийлик турары айтпаса да түшүнүктүү. Ушунун өзү эле далил. Быйылкы шайлоодогу атаандашуу да административдик ресурс менен добуш сатып алуунун ортосунда жүрөт”.

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата божомол келтиргендер азыркы бийликтин тушунда өткөн жергиликтүү жана шаардык кеңештеги мыйзам бузууларды көп мисал келтиришүүдө. Быйыл 11-апрелде 448 кеңеште өткөн шайлоодо добуш сатып алуулар жана административдик ресурс боюнча айыптоолор күч болуп, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыккан. Аталган үч шаарда 11-июлда кайра шайлоо өткөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө буларга токтолду:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Алдыдагы парламенттик шайлоо - президент Садыр Жапаровдун саясий эркин, сөзүнө канчалык тура аларын сынай турган шайлоо. Өлкөдө чоң бурулуш жасаш үчүн радикалдуу кадамдар, бекем саясий эрк керек. Азыркы бийлик шаардык кеңештерге шайлоодо ортозаар эркин билдирди. Эгер президент чын эле дос-тууган, ака-үка, куда-сөөк деген принциптерден кетип, бардык партияларга бирдей мамиле кылса, анда таза шайлоо болот жана саясий күчтөр консолидация болуп, президент узак мөөнөт иштейт. Эгер аны кылбаса чоң тобокелдиктер күтүп турат", - деди ал.

Мурдагы шайлоолордо үгүтчүлөрдүн санына чектөө коюлбаса, жаңы шайлоодо бир мандаттуу округдардан 500гө чейин, партиялык жалпы округда 10 миңге чейин гана киши жалдоого уруксат берилди. БШК мына ушул чектөөлөр алдыдагы шайлоодо добуш сатып алуунун алдын алат деп ишенүүдө.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 саясий партия билдирген. Бир мандаттуу округдарга талапкерлер 13-октябрга чейин кабыл алынат. Шайлоо алдындагы үгүт 29-октябрда башталып, 27-ноябрда саат 8:00дө аяктайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG