Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:17

Партиялардын дарамети: "утурумдук кызыкчылык, туруксуз курам"


Жогорку Кеңештин сессиясы.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 саясий партия билдирди. Кыргызстандагы партиялык курулуштун өзгөчөлүгү эмнеде? Партиялык система куруу аракети кандай саясий салтты калыптандыра алды? Саясий партиялардын бүгүнкү дарамети кандай, келечеги барбы?

“Азаттык” ушул жана башка маселелерди “Арай көз чарай” берүүсүндө талкуулады. Талкууга партиялык шайлоо системасына көз салып келаткан эксперттер Динара Ошуракунова, Ыдырыс Кубатбеков жана окумуштуу - саясат таануучу Чолпонбек Сыдыкбаев катышты.

Чолпонбек Сыдыкбаев
Чолпонбек Сыдыкбаев

Чолпонбек Сыдыкбаев: Партиялык система жөнүндө сөз болгондо эле анын шайлоодогу оош-кыйыштары тууралуу кеп кетет. Эгемендик алгандан кийинки шайлоодо партияларга биринчи жолу 15 орун берилбеди беле. Күчтүү, активдүү депутаттар келди, партиялык система жакшы турбайбы деген ой калган. Бирок, ошондо деле “Демократиялык күчтөрдүн биримдиги” аркылуу залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду башына коюп, бийликчил партия өткөн. Ошол 15 орунду бөлүшүп алгандардын катарында “Ооган согушунун ардагерлеринин” партиясы, “Аялдардын жана жаштардын” партиясы сыяктуу партиялар бар эле. Кийинки парламенттик шайлоодо партиялык орундар жоюлуп кетип, кайра Бакиевдин тушунда партиялык система толук кирген.

Партиялык курулуштун трагедиясы дейбизби, бийлик шайлоочуларды, элди жайына койбой, административдик ресурсту ашыкча колдонуп атып, шайлоочулардын маданиятына да терс таасир этип, өнүгүүгө бут тосуп келатат. Бирок өткөн октябрдагы шайлоодо олигархтык-кландык системага сокку урулду десек болот. Ушундан сабак алынып, өсүшкө жол ачылса деген тилек бар.

Ыдрыс Кубатбеков
Ыдрыс Кубатбеков

Ыдырыс Кубатбеков: Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын саясий айдыңында партиялык саясий жаңы салт калыптанды деп айта албайм. Сандык өсүш болду, бирок, сапаттык өсүш болгон жок. Буга чейин Кыргызстанда партиялар үч типте болуп келген. Бул – бийликчил партиялар, харизмасы бар саясатчылардын айланасына бириккен партиялар жана идеологиялык партиялар.

Тилекке каршы, буга чейин бийликчил партиялар кандай курамда, кандай механизмде иш жүргүзүп келсе, бүгүн аттары эле өзгөрүп, бирок ошол эле нукта уланып келе жатат. Эң жаман жери мурда бийликчил партиялардын курамы туруктуу мүнөзгө ээ болсо, бүгүн бир шайлоодон экинчиге чейин утурумдук кызыкчылыктардан куралган партияларга айланды.

Харизматикалык кызыкчылыктардагы партиялар, мына билесиздер, Алмазбек Атамбаевдин айланасына КСДП, Өмүрбек Текебаевдин айланасына “Ата Мекен”, Азимбек Бекназаровдун айланасына “Асаба”, Феликс Куловдун айланасына “Ар-Намыс” бириккен. Тилекке каршы бүгүнкү күндө мындай партиялар да азайып бара жатат.

Азыр партиялардын иши мыйзамдагы түшүнүккө дал келбейт, бириктире турган идея, программа, долбоор, бардык катмарларды камтыган система жок. Дээрлик шайлоо алдында гана бириккен аты бар, заты жоктор.

Динара Ошуракунова
Динара Ошуракунова

Динара Ошуракунова: Акаевден, Бакиевден бери башталган шайлоодогу жаман өнөкөттү эмдигиче бир да президент алмаштыра элек. Жакшы саамалыктарды эч ким түзө элек. Атамбаев келип өз партиясын түрттү, Жээнбеков деле КСДПны бийликтин партиясы катары түздү. Азыр деле көрүп атабыз, шайлоолордо бийликте турган адамдардын партиялары утуп атат. Демек, саясий партияны түзгөндөр идеяны эмес, жолун таап, шайлоодон өтүп кетүү максатын гана көздөп атышат.

Экинчиден, көп партиянын шайлоого барып жатканын туура деп эсептейм. Көп партия болуп, анын саясий атаандаштыкты түзүп, тажрыйба топтогону, саясий күрөш тууралуу түшүнүк алганы жакшы. Бизде пропорционалдык система жаңы, саясий пратиялар жаш, партиялык курулуштун көп баскычын өттүк деп да айта албайм. Саясий маданият калыптана элек.

Мисалы, мен “Реформаны” колдоп жүрөм, андан башка ДДК, “Ыйман нуру” сыяктуу түзүлүп аткан партиялардын эрежелери, маданияты эски партиялардан айырмаланып жатат. Эски партиялар унутулуп, эл аларды көргүсү, уккусу жок. Азыр эскилер үчүн да, жаңылар үчүн да бири-биринен үйрөнүү шарты түзүлүп жатат. Булар аралашуусу керек. Тилекке каршы бизде мындайды каалашпайт.

Ыдырыс Кубатбеков: Парламенттик башкарууга өткөнүбүз менен, партиясыз парламенттик башкаруу болгон. Мыйзамда өзгөрүү болгону менен, ошол эле бийликти башкарууга келе турган негизги элиталык партиялар башкарууга даяр эмес болуп калган. Жеке саясий топтун кызыкчылыгына негизделген саясий партиялар болуп калгандыктан, биз кайрадан президенттик башкарууга өтүп атабыз. Биз парламенттик башкарууга мына жаңы партиялар пайда болот, дүркүрөп өсөбүз деген ниет менен өткөнбүз. Иш жүзүндө 2005-жылдагыдай шайлоо системасына кайтып келдик.

Динара Ошуракунова: Бул жерде жалгыз эле саясий партияларды күнөөлөгөн болбойт. Бийлик саясий эркин көрсөтүп, накта саясий атаандашууга шарттарды түзүп берип жатабы? Же өз кызыкчылыгы үчүн саясий оппоненттери менен күрөшүп жатабы? Бул да чоң маселе. Экинчиден, мыйзамдын, Конституциянын бийлиги орноп, эрежелер башынан сакталса - башка кеп. Эгер мыйзамдуулук болбой, сөз эркиндиги басылса, саясий оппоненттер куугунтукка алынып жатса, демек шарт түзүлгөн жок.

Чолпонбек Сыдыкбаев: Азыр административдик бийликти, каржылык мүмкүнчүлүгү көптөрдү ордуна кое турган прогрессивдүү күчтөрдүн, реформаторлордун, системдүү реформаларды талап кылгандардын биригиши мыйзамсыздыкка каршы чоң сокку болмок. Бирок ар кайсы жакта күйгөн шамдай болбой, бир муштумга бириге алабы – бул чоң суроо.

Ыдырыс Кубатбеков: Партиялык системалар өнүгүшү керек. Эмне үчүн? Себеби, 28-ноябрда боло турган шайлоодо элге чоң мүмкүнчүлүк берилди. Буга чейин (ыңгайлуу талапкерди – ред.) алдыңкы тизмеге киргизип, партия өзү чечип кое турган болсо, бул жолу эл өзү чечет. Эл туура тандап, акчасы жок, потенциалы бар, билимдүү, чыныгы патриот, мурдагы талапкерлердин критерийлерине өзгөрүү жасап, эволюциялык көз караш менен тандай турган болсо, анда кийинкиде партияларда үмүт пайда болот дагы, партияларда өнүгүү болот. Эгер, кайра эле берген акчасына же көргөзгөн кызматына карап тандай турган болсо партиялык системага урулган чоң сокку болот.

Видео талкуунун толук версиясын бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG