Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Шайлоо-2021: мигранттардын укугу, консулдук каттоо


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 60тай добушкана ачуу каралып жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 6-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында билдирди. Буга чейинки шайлоолордо 48 шайлоо тилкеси ачылган эле. Деген менен четтеги кыргызстандыктардын шайлоого аз катышуусу өңдүү маселе бар жана адатта консулдук каттоого байланыштуу нааразылык көп.

Тышкы иштер министрлигинде парламенттик шайлоого байланыштуу атайын штабы түзүлдү. Министр Руслан Казакбаев бул жолку шайлоодо чет өлкөлөрдөгү добушканалардын саны көбөйтүү каралып жатканын айтты. Маселен, Орусиянын дагы беш шаарында шайлоо тилкеси ачылышы мүмкүн.

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

"Өткөн жолку шайлоолордо 48 шайлоо тилкеси болгон. Чет мамлекеттерде жашап жаткан мекендештерибиздин өтүнүчү менен добушканалардын санын 57ге чейин көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Анын баары чечилди дегенге албетте болбойт. Ал жактарга БШКдан кат жөнөтүлгөн, Тышкы иштер министрлиги ал мамлекеттерге ноталарды жөнөтүп жатат. Кээ бир өлкөлөрдөн уруксат алынса, айрымдарынан жооп ала элекпиз. Орусияда кошумча Хабаровск, Краснодар, Томск, Казан жана Самара шаарларында ачалы деген үмүт менен аракет кылып жатабыз. Түркиянын Анталия шаарында, АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго штаттарында кошумча шайлоо тилкелерин ачалы деп жатабыз".

Руслан Казакбаев болжол менен чет мамлекеттерде 67 миңдей жаран консулдук каттоодон өткөнүн билдирди.

"Чет мамлекеттердеги жарандарыбыз өзүнүн жарандык укугунан пайдаланып, шайлоого катышуусу үчүн биометрикалык белгилерин тапшырышы жана консулдук каттоодон өтүшү керек. Консулдук каттоо мажбурлап же милдеттүү түрдө эмес. Бирок бул шайлоочулардын тизмесин түзгөнгө бизге жардам берет. Пандемияга байланыштуу былтыркы парламенттик шайлоого 9300 миңдей шайлоочу катышкан. 2021-жылы референдумда 3,5 миңдин тегерегиндеги адам катышкан. Шайлоочулардын эң көп катышкан учуру президенттик шайлоо учурунда болду, анда 13,5 миңдей адам добуш берди".


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген жана 16 жылдан кийин кайрадан бир мандаттуу мажоритардык система менен өтөт. Ага ылайык, 54 депутат партиялык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай өзгөрүүлөрдөн улам бул жолку добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

"Чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыз пропорционалдык тутум менен өтчү шайлоодо бир шайлоо округуна катталган деп эсептелет. Ошол шайлоого катышат. Ал эми можаритардык тутум менен өткөрүлчү шайлоого чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз катыша албайт. Бул жаңы шарт, жаңы норма болуп жатат".


Айрыкча Орусияда буга чейинки шайлоолордо консулдук каттоо, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, жүргөн жеринде добуш берүү үчүн арыз жазуу өңдүү шарттардан улам нааразылыктар айтылган. "Менин укугум" кыймылынын активисти Орозайым Нарматова мунун айынан миңдеген мигранттар добуш бере албай каларына токтолду. Ал ошондой эле каттоого туруунун түйшүгү көп экенин кеп салды.

"Баш мыйзамда "кыргыз жараны шайлоого жана шайланууга укугу бар" деп жазылган. Бирок бул укугубузду БШК башка мыйзамдарга, кодекстерге таянып, "кыргыз жараны консулдук каттоого алынса гана шайлоого катыша алат" деп чектеп койгон. Мурда деген форма №2 деген балээ болсо, азыр консулдук каттоодон өтүш керек деген чектөө менен биздин укугубузду чектеп келишет. Мигранттардын Кыргызстанга жөнөткөн акчасы адал, добуш арам дегендей нерсени мээбизге сиңирип жатат. Эгерде консулдук катоо деген чектөө алынбаса, быйылкы шайлоо деле буга чейинкилердей болот. Былтыр парламенттик шайлоодо Москвада үч добушкана ачылган, сегиз миң жаран консулдук каттоодон өткөн, ошолордун беши миңге жакыны гана добуш берген. Мисалы, Москва шаарында мигранттарга бир эле күнү, жекшембиде гана эс алуу болот. Ал күнү консулдук каттоо эртең мененки саат 10-11ден түшкү саат 2ге чейин гана иштейт. Башка күндөрү болсо биздин мигрант боордошторубуз бошобойт. Биз былтыр Москвада азап-тозок менен сегиз миң адамды каттатканбыз, быйыл андан дагы оор болот. Орусияда кеминде 700 миң кыргыз бар, ошолордун 80-90 пайызы добуш берүүгө жарамдуу".

Москвадагы "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов мигранттардын шайлоодо активдүү болбой жатканынын бир катар себептерин атады.

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

"Адатта мигранттарды ойлогон анча көп адам болбойт. Шайлоодо керек деп ойлошот, бирок мигранттар оппозициялык партияларга көбүрөөк добуш берет дешип, аларга ушул мезгилге чейин жакшы көңүл бурулбай келет. Былтыркы парламенттик шайлоодо биз, активисттер онлайн шайлоо өткөрүүнү сунуштап чыкканбыз. Ошол күнү мигранттардын көбү жумушта болот. "Мен шайласам деле баары бир өздөрүнүкү өтөт" деп бийлик дагы ишеничтен кетип калган. Ошондуктан мигранттардын көбү барбайт. Андан сырткары ар түрдүү тоскоолдуктарды кыла беришет. Мисалы, убактылуу каттоого туруш керек дейт, ал каттоо ошол шайлоого гана жарайт, кийинки шайлоодо кайра убактылуу каттоо талап кылышат. Мигранттардын аз добуш бергени биринчиден кайдыгерлик, экинчиден, бийликке ишенимдин жоктугу. Шайлоого аз эле калды, мен жакшы жакка өзгөрүүнү көрбөй жатам".

Жалпысынан парламенттик шайлоого катышуу үчүн 75 партия арыз берди. Саясий партиялар жана бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөн жарандар 18-октябрга чейин документтеринин баарын тапшырышы керек. Үгүт өнөктүгү добуш берүүгө бир ай калганда башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG