Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Шайлоо-2021: жаңы эрежелер талкууга түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар 3-сентябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) билдирүү бериши керек. Андан ары курултайлар өтүп, талапкерлердин тизмеси аныкталат.

Бул жолку парламенттик шайлоо бир катар жаңы эрежелер менен өткөнү турат. Ага Боршайком техникалык жактан даярбы жана саясий иш-чараны таза атаандаштыкта өткөрүү үчүн бийлик эмне кылышы керек?

Талапкер жылдыруунун тартиби

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоону 28-ноябрга дайындагандан кийин шайлоого расмий старт берилип, саясий чөйрөдө кыймыл жанданды. Мунун алдында өлкө башчы тиешелүү мыйзамга кол да коюп шайлоонун эрежеси аныкталган.

Эми күзүндө өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалаган партиялар 3-сентябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) билдирүү калтырып, саясий жарышка катышуу ниетин билдириши керек. Мындан кийинки иш-чаралардын жол-жобосун БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов түшүндүрүп берди.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Партиялар 3-сентябрга чейин кабарлама берип коёт. Андан кийин съезддерди өткөрүү, талапкерлердин тизмесин бекитүү шайлоого 45 календардык күн калганга чейин жүргүзүлө берет. Бир мандаттуу округдардан өзүн көрсөткөндөр да шайлоого 45 күн калганда талапкерлигин жылдырып үлгүрүш керек. Ал эми 3-сентябрга чейин БШКга билдирүү берүү талабы саясий партияларга гана тиешелүү».

Жогорку Кеңеште баш-аягы 90 депутат болот. Анын 54ү партиялык тизме, калган 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоочулар партияга жана анын катарындагы талапкерге да өзүнчө добуш берет. Абдыжапар Бекматов Кыргызстандагы колдо бар автоматтык эсептөөчү урналар менен эле шайлоону ушундай тартипте өткөрсө болорун айтты.

Шайлоолорго көз салып келаткан эксперт Айнура Усупбекова да шайлоону жаңы ыкма менен өткөрүүгө Боршайкомдун техникалык жактан чама-чаркы жетет деп ишенип турат. Ал шайлоонун жыйынтыгын аныктоо боюнча система жолго коюлуп калганын, бирок баш ооруга айланган айрым маселелер дагы деле чечилбей келатканын билдирди.

Айнура Усупбекова.
Айнура Усупбекова.

«Жаңы кодексте административдик ресурс менен добуш сатып алуунун жоопкерчилиги жеңилдетилип калды. Ушул маселеге көңүл буруш керек. Дагы бир кооптоно турчу жагдай талапкерлердин шайлоо фондуна байланыштуу. Кичине ката кетиргендер шайлоодон четтетилип калат. Буга чейин БШКда партиялардын бирден-экиден эле өкүлдөрү болчу. Эми өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин ар биринин өкүлү болот. Алар эрежелерди так билбей чыр-чатак башталат».

Партиялардын парламентке өтүү босого чеги 5%, партиянын катарында көп добуш топтогон талапкер тизмеде алдыга жыла берет. Ал эми бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин кимиси көп добуш алса ал Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Буга чейин саясий күчтөрдүн нааразылыгын жараткан №2 форма менен добуш берүү жоюлган.

Талашы бүтпөгөн бир мандаттуу шайлоо

Саясатчы Бектур Асанов бир мандаттуу округдардагы шайлоо камтамачылыкты жаратып жатканын, башта айтылгандай административдик ресурс менен добуш сатып алуу көйгөйлөрү чечилбегенин айтып, шайлоонун таза өтөөрүнө ишенбей турат.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Бул бийлик таза шайлоо өткөрө албайт экен. Буга жакында эле болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоо далил болуп турат. Бизге жеткен маалымат боюнча бийликтин партиялары 36 округдан ким өтүп келет чечип койду. Талапкерлер азыр эле мактанып жүрөт. Жергиликтүү бийлик, олигархтар аларга иштей баштады. «Мандат чөнтөктө» деп айтып жүргөндөр бар. Бирок баары тең алар каалагандай болбойт. Бийлик «биз каалагандай болот» дегени үчүн үч революцияны көрдүк. Ошондуктан баары тең эл каалагандай болот. Ошону эске алышыбыз керек».

Кыргызстанда парламент депутаттары бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система менен акыркы жолу 2005-жылы шайланган. Айрымдар шайлоонун мындай ыкмасы менен Жогорку Кеңеште гендердик баланс, жаштардын квотасы бузуларын, парламентке жалаң байлар жана эркектер келерин айтып келишет.

Бийлик партиялык система менен шайлоо толугу менен жоюлуп кетпегенин жүйө келтирип мындай тобокелчиликтерди четке кагууда. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев да ушул маселени көтөрдү. Ал шайлоонун оюну аныкталып, күн-айы такталганы менен көзгө көрүнгөн саясий күчтөр жок экенин айтып жатат.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Жаңы мыйзам боюнча депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайланары кубантып жатат. Бирок бир мандаттуу шайлоо округдарынан чочулап турам. Анткени биз бул этапты басып өткөнбүз. Жаңжалдын баары ушул системадан чыгышы мүмкүн. Аны алдын-алуу үчүн бийлик да, БШК да адилеттүү болушу керек».

Кыргызстан ушуну менен күзүндө быйыл үчүнчү чоң шайлоону өкөрүү алдында турат. Жыл башында президенттик шайлоо, андан кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоо болду.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда буга чейинки толкундоолор адилетсиз шайлоолордун кесепетинен улам болгонун, ал башында турган бийлик ага жол бербесин бир нече жолу кайталаган. Жыл башында Орусияда кыргызстандык мигранттар менен жолугушуусунда мындай деген эле.

«Административдик ресурс колдонулду деген сөздөн алыс бололу, мурункулардын катасын кайталабайлы дегендиктен («Мекенчил» партиясы - ред.) катышпайт деп чечтим. Парламенттик шайлоого да катыштырбайбыз. Мындан ары шайлоолор таза болот. Административдик ресурс колдонулбайт, сатып алуу да болбойт. Жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтөт».

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан. Октябрь окуялары учурунда Жогорку Кеңештин VI чакырылышы мөөнөтүн узарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG