Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 18:04

Парламенттик шайлоо: 36 округ, облустарга бөлүнгөн мандаттар


Борбордук шайлоо комиссиясы.

Парламенттик шайлоонун эрежесин аныктаган мыйзам долбооруна президент кол кое элек. Борбордук шайлоо комиссиясы президент мыйзамга кол койгондон кийин бир жумадан соң мажоритардык система менен шайлоо өтө турган 36 округдун бөлүнүшүн жарыялай турганын билдирүүдө. Ушу тапта кайсы облуска канча мандат тийери анык болуп калды.

Бул жолу парламент партиялык ачык тизме (54) жана бир мандаттуу округдар (36) аркылуу шайланат. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдар облустардын негизинде түзүлүп жатканын, өлкө боюнча 36 округдун ар биринде 80 миңден кем эмес жана 120 миңден көп эмес шайлоочу болушу керектигин билдирди.

Округдар толугу менен бөлүштүрүлүп, чек аралары такталып бүтө элек. Азыркы учурда кайсы облуска канча мандат тиери белгилүү болгон.

Ага ылайык, Чүй облусуна – 6, Бишкек шаарына – 4, Ош облусу жана Ош шаарына – 9, Жалал-Абад облусуна – 7, Баткен облусуна – 3, Ысык-Көл облусуна – 3, Нарын облусуна – 2, Талас облусуна – 2 мандат тиет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов учурда облустардын ичиндеги округдардын чек араларын тактоо иштери жүрүп жатканын, президент мыйзамга кол койгондон кийин бир жума ичинде округдар кандай бөлүнгөнү жарыялана турганын айтты.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Азыр губернатор, аким, айыл өкмөттөрү менен жер-жерлерде округдарды кантип чийүүнү талкуулап жатабыз. Президент мыйзамга кол коюп, шайлоо күнүн дайындагандан кийин бир жума ичинде округдар чийилип дайын болуш керек. Биз ошол убакытка жетишебиз”.

Шайлоо мыйзамы Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда бир мандаттуу округдардан шайлоо депутаттардын көпчүлүгүнүн каршылыгына кабылган. Бирок президент Садыр Жапаров депутаттарды резиденцияга чакырып, мажоритардык системаны киргизүү ал принципиалдуу маселе экенин айткандан кийин депутаттар колдоп берген.

Кыргызстан парламентти мажоритардык система аркылуу акыркы жолу 2005-жылы шайлаган. Ал парламенттик шайлоодон кийин чыккан нааразычылык 24-марттагы "Жоогазын революциясы" менен аяктаган.

Мажоритардык система менен шайлоого каршылар гендердик баланс, улуттук азчылык, жаштардын квотасы бузуларын, парламентке жалаң байлар жана эркектер келерин жүйө келтирип келет.

Укук коргоочу Эржан Сулайман Бишкек шаарын кошкондо 44 район бар Кыргызстанды 36 округга бөлүү райондор арасындагы бөлүнүүчүлүккө алып келерин айтат.

Эржан Сулайман
Эржан Сулайман

“Буга чейин партиялык системада бир аймактан 10 депутат болгон, же такыр болгон эмес. Бирок эч ким эмнеге биздин райондон депутат жок деп чоң чыр болгон эмес. Эртең бул система менен 3-4 район бир округга бириккенде райондор арасында атаандаштык, бөлүнүп-жарылуу башталат. Кара-Сууга окшош чоң райондор бизде калк көп жашайт, бирок эмнеге депутат аз деген маселе көтөрүшү мүмкүн”.

Ачык тизменин машакаты

36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келсе, 54 депутат пропорционалдык система аркылуу шайланат. Бул жолу шайлоочулар партияга гана эмес, партиянын ичиндеги талапкерлерге дагы добуш берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов ачык тизмен менен шайлоо өткөрүү үчүн жаңы техникалык жабдык сатылып алынбай турганын белгиледи.

“Жаңы техникалык жабдык сатылып алынбайт. Биздеги автоматтык эсептегич урналардын техникалык мүмкүнчүлүгү партияны дагы талапкерди дагы тандаганды өздөштүрө алат. Бир бюллетенде саясий партиялардын аталышы, ылдый жагында талапкерлердин номери коюлат”.

Парламент “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун 28-июлда кабыл алган. Мыйзам кабыл алынып, президентке кол коюга жөнөтүлгөндөн кийин президент 30 күндүн ичинде кол коюшу же кайра кайтарып бериши керек.

Президент шайлоо мыйзамына кол койгондон кийин 90 күндөн кеч эмес убакытта Жогорку Кеңешке шайлоо өтүшү керек.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Конституция өзгөрүп, Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өткөндөн кийин парламенттик шайлоонун мааниси дагы жоголду дейт.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Азыркы президенттик башкаруу формасында парламенттин конституциялык укугу алсыз. Мурда өкмөттү көзөмөлдөсө, бул жолу парламент мыйзам чыгарганга гана укуктуу. Ал эми мыйзамдардын 90 пайызы өкмөт тарабынан демилгеленет. Ошондуктан 7-чакырылыштагы парламент саясий ролу төмөн парламент болот”.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо бийликтин алмашуусу менен аяктап, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG