Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Бийликке "кызматы" өткөн Самаевдин дымагы


Урматбек Самаев
Урматбек Самаев

Токмок шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалиция жана Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токмоктун мэрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлигин көрсөтүп жатат. “Чемпион” деген каймана атка конгон Урматбек Самаев алгач чек арадагы аткезчилик чырына аралашкандан кийин калың элге таанылган.

Токмок шаарынын мэрлигине эки талапкер ат салышууда. 18 депутаттан түзүлгөн башкаруучу коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевди, 13 депутаттан турган оппозициялык азчылык шаардык кеңештин “Эмгек” партиясынан депутат Азат Кубатбек уулунун талапкерлигин көрсөттү.

Урматбек Самаевди мэрликке көрсөткөн Токмоктогу башкаруучу коалициянын лидери Кайрат Чокеев талапкердин артынан ээрчиген сөздөрдү "кара пиар" деп эсептейт.

“Көп жылдан бери бир командада келе жатабыз. Шаар үчүн иштей турган татыктуу талапкер катары билебиз. Токмок шаарына депутат катары салымы чоң. Аны кримчөйрөгө жакын деген сөз – ушак. Самаев спортчу, бизде спортчуларды караларга жакындата беришет эмеспи. ИИМдин тизмесинде эмес, бир дагы жолу административдик жазага тартылган эмес. Аткезчилик боюнча билесиздер да Токмоктун жарымы ошо менен алектенет. Урматты да байланыштырып жүрүшөт. Мен билгенден анын достору аткезчилик менен алектенчү. Ошондуктан жабыштыра берет”.

Самаев парламентке Токмоктун мурдагы мэри, депутат Канат Исаев жетектеген “Кыргызстан” партиясы менен келген. 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Исаевдин таасиринен чыгып, өз алдынча кеткени айтылып жүрөт. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов артында турганы айтылган “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан.

Ал шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” Токмок шаарында биринчи орунду алган.

Самаев парламенттик шайлоонун эртеси чыккан тополоңдон кийин Садыр Жапаровду колдогон депутаттардын катарында болгон.

Депутат Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында Урмат Самаев депутаттарды коркутканын билдирип чыккан. Анда дагы Самаев Касымалиеванын билдирүүсүн төгүндөгөн.

Журналист Семетей Талас уулу Министрлер кабинетинин төрагасы, көпчүлүк коалиция мэрликке сүрөп жаткан Урматбек Самаев октябрдагы окуяларда азыр бийликте отурган адамдарга кылган кызматы үчүн мэрликке бара жатканын айтат.

“Аткезчилик, кримчөйрөгө катыштыгы бар деп айтылып жүргөн Урматбек Самаев былтыр октябрь окуялары учурунда депутаттарды "Достук" мейманканасына айдап барып, этегин баса отуруп, кылган кызматы бар эмеспи. Депутаттар деле "Самаев коркутуп жатат" деп айтып чыгышпады беле. Ошол эмгектери үчүн кызмат берилип жатат. Мисалы Конституцияны кабыл алууда ченебей кызмат кылган Умбеталы Кыдыралиев “Кыргызалтын” ишканасына жетекчи болду. Анын бул тармакка кандай тиешеси бар?”.

Семетей Талас уулу айткан мурдагы депутат Умбеталы Кыдыралиев “Кыргызалтын” ишканасына жетекчи болуп дайындалды. Кыдыралиев дагы октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоп, Конституциялык реформасын сүрөөнгө алган депутаттардын бири болгон.

Депутат Урматбек Самаев өзү бийликке кылган кызматы үчүн Токмок шаарынын мэрлигине бара жатат деген сөздөргө кошулбайт.

“Бийлик менен макулдашылган деп айта албайм. "Бата алды" деген туура эмес. Биздин команда колдогон тарап акыркы шайлоолордо дайыма утуп келет. "Аткезчилик менен алектенет" деп айтып жатышпайбы. Мен бир дагы жерде кармалган эмесмин. Мени бандит, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дейт. Мен кимди атыпмын, кимди уруптурмун, ким арыз жазыптыр? Кайсы жерде тизмеде турат экем? Баары эле жалган болуп жатпайбы. Депутат болуп туруп Токмоктогу көп маселени көтөрүп келгем. Мэр болсом тарыхта кала турган иштерди кылам деген ойдомун”.

Спорттон саясатка келген 35 жаштагы Урматбек Самаев 2018-жылы дагы Токмоктун мэрлигине талапкерлигин коюп, кайра алып салган. 2019-жылдан бери парламенттин кылмыштуулук, коррупцияга каршы комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келет.

Кылмыштуулукка каршы комитетте орун басар болуп отурганы менен аны кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик жана кылмыш дүйнөсү менен байланыштыргандар дагы бар.

2019-жылы кыргыз-казак чек арасында аткезчилик менен алектенген эки топ жаңжалдашып, ок тийди деген Аскат Үсөнов аттуу жаран видеокайрылуу жасап, Урматбек Самаевди ачык күнөөлөп, президенттен жардам сураган. Ал өзүн депутаттын жакын тууганы Дастан Бейшенкулов травматикалык тапанча менен атканын билдирген.

Депутат өзү аткезчиликти калкалайт, кылмыш дүйнөсү менен байланышта деген айыптоолорду четке кагып келет.

Cаясатчы Мавлян Аскарбеков бийликтин кадр саясатын ирээтке келтирип, татыктуу адамдарды кызматка дайындайбыз деген убадасы аткарылбай жатканын билдирүүдө.

“Жаңы бийликтин реформа кылабыз, кадрлар баарын чечет деген урааны ушундай кадрдык дайындоолордон башталышы керек эле. Урматбек Самаевдин бэграунду, кечээки тарыхы элге маалым. Ушундай адамдар жогорку кызматтарга баратса, демек өсүп келе жаткан муундун окуюн, тажрыйба алайын, таза иштейин деген стимулу талкаланат. Себеби кандай жол менен болбосун, контрабандист болосуңбу, бандит болосуңбу, эптеп арам акча топтоп бийликке жетсең, каалаган кызматты сатып алганга мүмкүн экен деген түшүнүк жайылат”.

Токмок шаарынын мэрлигине “Эмгек” жана “Асыл Мурас-Жаштар” партиясынан турган азчылык коалиция “Эмгек” партиясынан депутат Азат Кубатбек уулунун талапкерлигин көрсөтүүдө. 30 жаштагы Кубатбек уулу буга чейин Токмок мэриясында иштеп келген.

Токмок шаарынын мурдагы мэри Данияр Амангелдиев экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэр шайлоо 26-августта өтөт. Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо 11-июлда өтүп, “Бирге” (9), Эмгек” (8), “Асыл Мурас-Жаштар” (5), “Патриот Ынтымагы” (5), “Эл Биримдиги” (4) партиялары босого чектен өткөн.

Бишкек менен Ош шаарына мэрдин милдетин аткарып жатышкан Айбек Жунушалиев менен Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги сунушталды. Экөөнөн башка талапкер көрсөтүлгөн жок.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG