Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Жогорку Кеңештин комитетине «Чемпион» келатат


Урматбек Самаев.
Урматбек Самаев.

Кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик жана буга байланыштуу атышууда аты аталган депутат Урматбек Самаевдин талапкерлиги парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү.

Аны бул кызматка Самаев мүчө болгон «Кыргызстан» фракциясы сунуш кылып жатат. Чуулгандуу окуяда аты аталган депутаттын маанилүү комитеттин орун басарлыгына көрсөтүлгөнү ар кандай суроолорго жем таштады. Буга чейин кыргыз-казак чек арасында «аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди» деген кишилердин бири Самаевди ачык күнөөлөп чыккан. Депутат бул ишке тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

Жогорку Кеңештеги маанилүү комитеттердин биринин төрагасынын орун басарлыгына «Кыргызстан» фракциясы депутат Урматбек Самаевди көрсөтө турганын анын фракциялашы Канатбек Исаев 25-июнда жарыялаган. Исаев шаршембиде жердеши Урматбек Самаев «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес» деп билдирди:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Урматбек Самаев боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына бир топ маалымат чыкты. Мен расмий түрдө Самаев эч убакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айта алам. Ал эч убакта расмий катталган эмес. Эгерде менин сөзүм калп болсо, муну Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет айтсын. Экөөбүз бир райондон болобуз. Ал болгону спортчу. Эгерде башка маалыматыңар болсо көрсөтүп бергиле. Андай шек ар кимибизде боло берет да. Мени деле «Самаевдин үстүнөн Исаев карайт экен» деп айтышты. Дагы бир жолу расмий айтып коёюн. Урмат Самаев эч убакта уюшкан кылмыштуу топторго катышы болгон эмес».

Анткен менен Исаевдин демилгеси коомчулукта ар кандай сын-пикирлерге түрткү болууда. Депутаттын сунушун сындагандардын бири - журналист Марат Тагаев.

Марат Тагаев.
Марат Тагаев.

«Эки жума мурда эле «криминал парламентте отурат» деп кыйкырган Канатбек Исаевдин эми аткезчиликке байланыштуу айыпталып жүргөн, каймана аты бар депутатты комитет төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүшү - кыргыз саясатчылары канчалык принциби жок экенин айгинеледи деп эсептейм», - деди ал.

Самаев азыр сөз болуп жаткан Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин мүчөсү. Парламенттеги бул маанилүү комитеттердин бирин «ата мекенчи» Наталья Никитенко жетектейт. Эреже боюнча анын эки орун басары болууга тийиш. Учурда бирөөнүн орду бош турат. Экинчиси - бажыдагы чуулгандуу иштер боюнча сынга алынып жүргөн жана «Раим миллион» атыккан Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы, депутат Искендер Матраимов.

Каймана ысымдан Урматбек Самаев да куру эмес. Быйыл 26-январда Токмокто аткезчиликке байланышкан атышууга Самаевдин аралашканы айтылгандан кийин анын «Чемпион» деген лакап аты бар экени ачыкка чыккан. Окуядан кийин чек арада «аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди» деген Аскат Үсөнов аттуу жаран видео аркылуу кайрылып, Урматбек Самаевди ачык күнөөлөп, президенттен жардам сураган. Ал өзүн депутаттын жакын тууганы Дастан Бейшенкулов травматикалык тапанча менен атканын билдирген:

«Токмокто, чек арада «Дунларовдо» иштеп жатсак, бизди итке окшоп атып кетишти. Эми же ооруканага жата албайсың же милицияга кайрыла албайсың. Анткени баарынын үстүндө Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев турат. Кайрылган күндө деле иш эртеси кайра жабылат. Канча иш буга чейин жабылды?»

Мындай ызы-чуудан кийин Урматбек Самаев туугандары аркылуу чек арадагы аткезчиликти көзөмөлдөп келгени жана ал учурдагы депутат жана Токмоктун мурдагы мэри Канатбек Исаевдин көздөй кишиси экени да айтылган. Бирок Самаев өзүнө карата сын-дооматтарды «каралоо» деп сыпаттап жүрөт. «Азаттык» аны менен байланышканда, фракциянын акыркы чечимин өзүнө көрсөтүлгөн ишеним катары мүнөздөп, Токмоктогу окуяга тиешеси жок экенин кайталады:

Токмоктогу окуя боюнча айтсам, ал жерге барып бирөөнү урбасам же бир нерсе кылбасам, кантип менин тиешем болот?

«Фракциянын чечимин колдойбуз да. Ишеним көрсөтүп атса, аны актоого, туура, таза иштөөгө, жаман кадамга барбаганга, элге колдон келген жардамды бергенге аракет кылабыз. Токмоктогу окуя боюнча айтсам, ал жерге барып бирөөнү урбасам же бир нерсе кылбасам, кантип менин тиешем болот? Баарыбыздын эле туугандарыбыз бар да. Тууганы деп эле илээштире берген туура эмес».

Самаев Токмоктогу чыр боюнча эки тарап элдешкенин да кошумчалады. Бул багытта жабырлануучу Аскат Үсөновдун пикирин алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Январдагы окуя тууралуу маалымат чыкканда алгач Чүй облустук милициясы менен Мамлекеттик чек ара кызматы аны четке кагып, кабарды биринчилерден болуп жарыялаган «Кактус Медиа» сайтынын кабарчысы суракка чакырылган. Атышуу болгонун милиция үч күндөн кийин гана моюнга алган.

Натыйжада, окуя аткезчилик менен байланыштуу экенине карабай Жазык кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, атышууга катышкан эки киши тең камакка алынган. Бул иш боюнча Токмок шаардык соту 3-июнда чечим чыгарды. Ага ылайык, депутаттын тууганы деген Дастан Бейшенкуловго 260 000 сом айыппул салынып, сот залынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгы «атышуу тууралуу өз убагында маалымат берген эмес» деген жүйө менен Токмок шаардык милициясынын башчысы Адилет Султановго сөгүш берилип, он чакты милиционер жазага тартылганын жарыялаган. Бирок быйыл майда Султанов кызматынан көтөрүлүп, облустук криминалдык милициянын башчысы болуп дайындалганы белгилүү болду. Чүй дубанынын милициясынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева «Азаттыкка» муну ырастады:

Назира Имангазиева.
Назира Имангазиева.

«Кызматынан жогорулатылган эмес. Анын жакшы иштегени эске алынып, кесипкөйлүгүнө карап ушул кызматка дайындалган».

Буга чейин Урматбек Самаев журналист кызга кылган орой мамилеси үчүн кызматтан кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун күйөө баласы деген кабар тараган. Аны Самаев да, Абдраимов да четке кагышты.

Эми депутатты комитет төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүү жөнүндө сунуш качан каралаары белгисиз. «Кыргызстан» фракциясы маселени парламент жалпы жыйында жакын арада кароого үлгүрбөсө, күзүндө талкуулай турганын кабарлады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG