Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Самаев: «Чемпион» деген ат бала кезде коюлган


Урматбек Самаев.
Урматбек Самаев.

Кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик жана буга байланыштуу атышууда аты аталган депутат Урматбек Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

27-июндагы сессияга катышкан 86 депутат ага «макул» деген добушун берди. Аны бул кызматка Самаев мүчө болгон «Кыргызстан» фракциясы сунуш кылды.

Буга чейин кыргыз-казак чек арасында «аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди» деген кишилердин бири депутатты ачык күнөөлөп чыккан. Самаев чуулгандуу ишке тиешеси жок экенин билдирип жатат.​

Фракциялашы Канатбек Исаев ал «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес» деп айтууда.

Комитет төрагасынын орун басарлыгына сунушталып жаткан кезде «Азаттык» Урматбек Самаевдин өзү менен байланышып, анын тегерегинде айтылган сындар боюнча бир нече суроого жооп алган.

«Азаттык»: - Токмоктогу чек арада быйыл январдагы ызы-чуудан кийин сизди туугандары аркылуу чек арадагы аткезчиликти көзөмөлдөйт деген маалыматтар айтылган. Бул ыраспы?

Урматбек Самаев: - Мен ал жерге барып, бирөөнү урбасам же бир нерсе кылбасам кандай тиешем болот? Баарыбыздын эле туугандарыбыз бар. «Тууганы» деп эле илештире берген туура эмес да.

«Азаттык»: - Негизи ал чуулгандуу иштин аягы эмне менен бүттү? Сизди сотко чакырыштыбы?

Урматбек Самаев: - Токмокто сот бүтүп, чечим чыккан. Мени сотко чакырды. Бирок эмне себептен чакырды? Мага карата арыз жазган киши жок болсо же мен аларга арыз жазбасам. Экөө «элдештирип кой» деп келсе. Элдештирип, сүйлөшүп атсак... Биздин эмне тиешебиз болмок эле? Андан кийин деле бир-эки окуя болду. Урушуп кетишти, кайра алып келип элдештирдик. Арыз жазышып, аны кайра алышты.

«Азаттык»: - Эки тарапты сиз элдештирдиңизби?

Урматбек Самаев: - Мен өзүм элдештирген жокмун. Алар өздөрү башында келген да. «Ушундай болуп кетти, элдештирип койгула» деп эки тараптан тең келишкен. Анан экөөнү жолуктургам. Бул тууралуу интервью бербедим беле.

«Азаттык»: - «Кыргызстан» фракциясы парламенттеги маанилүү маселелерди чечүүчү - Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына эмне себептен сиздин талапкерлигиңизди тандады. Коомчулукта муну сынга алгандар да жок эмес. Сиз ал чечимди колдойсузбу? Кандай жоопкерчилик бар деп ойлойсуз?

Урматбек Самаев: - Фракциянын чечимин колдойбуз да. Ишеним көрсөтүп атса, аны актоого, туура, таза иштөөгө, жаман кадамга барбаганга, элге колдон келген жардамды бергенге аракет кылабыз.

«Азаттык»: - Журналистке жасаган орой мамилеси үчүн кызматтан кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовго күйөө бала экениңиз айтылып жүрөт?

Урматбек Самаев: - Эми ал байкени сыйлайм. Бирок эч кандай тууганчылык мамилем жок. Бир беткей эле «мунун күйөө баласы, тиги-бу» деп каралап жатышат. Каралоо туура эмес. Мусулманчылыкта да анткенге болбойт. Карабайсызбы, кызын тааныбаган кишиге мени күйөө бала кылып салышты.

«Азаттык»: - Токмокто аткезчиликке байланышкан атышуудан кийин сиздин «Чемпион» деген каймана атыңыз бар экени белгилүү болду эле. Адатта, кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү бул өңдүү кошумча ысымдарга ээ болуп келгени белгилүү. Сиз кайдан жүрүп «Чемпион» атыккансыз?

Урматбек Самаев: - «Чемпион» деген ат бала кезден калган. Ал убакта бокс боюнча спорттук мелдеште Казакстандан жакшы мушкер келип, аны менен беттешкем. Экөөбүздүн таймашыбыз абдан катуу болуп, мен жеңгем. Ошондо эл кыйкырып-сүрөп турган. Бул каймана ат ошондон калган.

Ред.: Жогорку соттун маалыматына караганда, январдагы окуя боюнча Токмок шаардык соту 3-июнда чечим чыгарды. Ага ылайык, депутаттын тууганы деген Дастан Бейшенкуловго 260 000 сом айыппул салынып, үй камагына чыгарылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG