Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Токмоктогу атышуу боюнча шектүү жаранга милиция издөө жарыялады


Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов басма сөз жыйынын өткөрүп жатат.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов басма сөз жыйынын өткөрүп жатат.

"Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанында болгон атышуу боюнча шектүү Аскат аттуу жаранга издөө жарыяланды.

Ал мурдараак милиция кызматкерлеринин чакыруусуна баш ийбей, келүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов басма сөз жыйынын өткөрүп жатып билдирди.

Самат Курманкулов желим ок тийген Дастан аттуу жабырлануучу азыр Токмок шаардык ооруканасында жатканын кошумчалады.

25-январда болгон чуулгандуу окуя "Бейбаштык" беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маалыматка ылайык күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташыганы айтылып жаткан Дастан менен Кубан аттуу жарандар аткезчилик менен жаңыдан алектене баштаган Бахтияр, Аскат деген адамдарга кысым көрсөткөн. Ортодо талаш-тартыш чыгып, Аскат аттуу жаран травматикалык тапанчадан денесинин төрт жеринен жараат алган. Интернетте башына, аркасына жана санына желим ок тийген жаран тартылган кыска видео да жайгаштырылды. Андагы сүйлөшүүлөрдөн "Чемпион" деген каймана аты бар адамдын Дастан аттуу таанышы атканын айтып жатканын угууга болот.

Расмий такталбаган маалыматка караганда Кубан Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев болушу мүмкүн. Кочкорбаев болсо Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаев менен жакын мамиледе экени белгилүү. Тар чөйрөдө депутат Самаев "чемпион" деген каймана ат менен белгилүү. (EBM/KR)

XS
SM
MD
LG