Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Аткезчилик чуусу боюнча эки адам камакка алынды


“Токмок-Автожол” өткөрмө бекети.
“Токмок-Автожол” өткөрмө бекети.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы “Токмок-Автожол” өткөрмө бекетиндеги аткезчилик окуясына байланыштуу эки адам камакка алынганын билдирди.

Ага ылайык, 31-январда Чүй облустук сотунун чечими менен Дастан Бейшенкулов “өзгөчө мыккаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу” жана “өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуу”, беренелери (203, 39-130-беренелер) боюнча кылмыш кылган деп шек саналып Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Ушул эле күнү Аламүдүн райондук соту Аскат Үсөновду (адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; ок атуучу, газ-травматикалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, ден соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка предметтерди колдонуу же колдонуп кылмыш кылган (266-берене) деген шек менен эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кыргыз-казак чек арасындагы окуяны 26-январда “Бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган жана учурда тергеп-иликтөө уланып жатат. Жергиликтүү милиция "фактыны жаап-жашырууга аракет кылган" деген дооматтарды четке каккан. Окуя болгон күнү жаңжалда аты аталган адамдардын баары күбө катары суралганын, бирок алар көрсөтмө берүүдөн, соттук-медициналык экпертизадан өтүүдөн баш тартканы маалымдалган.

25-январда кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок-Автожол” өткөрмө бекетинде аткезчилик менен алектенген эки топтун ортосунда жаңжал чыккан. Аскат Үсөнов окуяга байланыштуу Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаевди ачык күнөөлөгөн жана президенттен жардам сураган. Аны депутаттын жакын тууганы Дастан Бейшенкулов травматикалык тапанча менен атканын билдирген. Самаев болсо дооматтарды четке кагып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG