Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Шайлоо-2021: саясий күчтөрдү эмне бириктирет?


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети менен 75 партия жазуу түрүндө билдирме тапшырды. Бул рекорддук көрсөткүч. Бирок анын баары тең шайлоого катышат дегенди билдирбейт. Ортодо саясий биригүүлөр болуп, талаптарды аткарбай шайлоодон четтетилген партиялар чыгат. Бул жолку парламенттик шайлоого кандай саясий күчтөр катышканы турат, оппозициянын алы кандай?

Жарышка 75 партия катышуу ниетин билдирди

Быйыл 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууга партиялардан билдирме кабыл алуу 3-сентябрда аяктап, Боршайкомго 75 партиядан билдирме түштү.

Эми саясий уюмдар 13-октябрга чейин съезддерин өткөрүп, курултайда жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, талапкерлерге тиешелүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырып жетишүүсү шарт.

Боршайком 28-октябрга чейин түшкөн документтерди текшерип чыгып партияны каттоо же шайлоого коё бербөө чечимин чыгарат. Башкача айтканда, 28-октябрга чейин бюллетенге жазылчу партиялар аныкталып, 29-октябрда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов талапкерлердин тизмесин түзүүнүн эрежелерин түшүндүрүп берди.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

“Талапкердин тизмеси 54 кишиден ашпашы керек. Тизме түзүүдө бир жыныстагы жарандар 75% көп болбошу зарыл. Жаштардын, башка улуттардын өкүлдөрү 15% кем болбошу керек. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар 54 талапкердин ичинде эки адамдан аз болбошу шарт жана бирөө алдыңкы 25 талапкердин арасына кошулат. Ушундай талап менен саясий партиялар съезддеринде талапкерлердин тизмесин жашыруун добуш берүү менен бекитет. Андан кийин алар соттуулугу, жарандыгы, билими боюнча документтерди беришет. БШК аларды текшерип чыгат”.

Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн БШКга билдирме калтырган 75 партиянын баары тең шайлоого катышат дегенди түшүндүрбөйт. Боршайкомго тиешелүү документтерди бербеген, шайлоо күрөөсүн төкпөгөн, мыйзамда көрсөтүлгөн квотаны сактабаган партиялар саясий жарышка катыша албайт.

Ара жолдо партиялар биригип шайлоого чогуу баргандар болот. Кандай болгон күндө да бул жолку парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны рекорд койду.

Мисалы, 2015-жылы парламенттик шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирип, 14ү катышкан. 2020-жылы октябрда жыйынтыгы жокко чыгарылган Жогорку Кеңешке шайлоого 44 партия катышуу тууралуу арыз таштап, анын ичинен 16сы гана аягына чейин барган. Кыргызстанда жылдан-жылга партиялар көбөйүп баратат. Быйыл алардын саны 300гө жакындап калды.

Шайлоого кимдер баратат?

Саясат талдоочу Адил Турдукулов бул демократиялуу коомдо кадыресе эле көрүнүш, тескерисинче бардык саясий күчтөргө шайлоого катышууга жол ачылып жатканынын белгиси деп эсептейт.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Көз карандысыз шайлоонун негизги белгилеринин бири – ар кандай саясий күчтөрдүн шайлоого эч кандай тоскоолдуксуз катышуусу болуп саналат. Бирок быйыл шайлоого 20га жетпеген партия катышат. Себеби, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүш керек. Бул биздин мамлекетте чоң эле сумма. Экинчиден, партиялар бийлик менен сөзсүз соодалашат. Кайсы бир кызмат ордун сунуштап айрым талапкерлерди шайлоого чыгарбай коюшу мүмкүн. Үчүнчүдөн, партиялар биригет. Менин пикиримде парламентке бийликчил эки партия, анча радикалдуу эмес оппозициялык партия өтөт”.

Жогорку Кеңешке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, калган 36сы бир мандаттуу шайлоо округунан шайланат. Бир мандаттуу округдарда партиялар деле талапкер көрсөтсө болот. Бирок саясий уюмдар негизинен 54 мандат үчүн күрөшөт.

Эми шайлоого катышуу ниетин билдирген партияларга келсек. Социал-демократтар, “Улуттар Биримдиги”, “Ишеним”, “Альянс”, “Жашылдар партиясы”, “Жаратман Эл”, “Ата Мекен”, “Ыйман Нуру”, “Ар-Намыс”, “Азаттык”, “Ынтымак”, “Аалам”, “Ата-Журт – Кыргызстан”, “Эмгек”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ордо”, “Чоң Казат” “Замандаш”, “Ак шумкар”, “Улуу-Журт”, “Нур”, “Реформа” жана “Кыргызстан” партиялары БШКга билдирме калтырды. Арыз берген партиялардын саны көп болгондуктан биз алардын айрымдарына гана токтолдук.

Саясий күчтөрдүн күтүлгөн конфигурациясы

Эми алар шайлоо алдында тил табышып бириге алабы дегеле аларды саясий уюмдун кармаган багыты, позициясы бириктиреби же башка кызыкчылыктар негизги ролду ойнойбу?

Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов пикири менен бөлүштү.

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

“Партиялар бийликтин партияларына биригүүгө, аларга шериктеш болууга аракет кылат. Аларга кире албай, батпай калган олигархтар жоон топ күч болуп өзүнчө биригет. Анткени бийликтин партиясында деле квота чексиз эмес да. Кыргызстанда акчалуулар баары бири-бирине каршы ойнобойт. Акчасы барлар бири-бири менен эсептешип турат. Өлкөдө саясий талаа тазаланып оппозиция деле жок болуп калды. Бирок прогрессивдүү күчтөр бар. Алар өзүнчө бир топ болот. Алардын арасында Жогорку Кеңеште азыр депутат болуп отурган айрым депутаттар жана акыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышкан жаш саясатчылар бар. Ошентип, болжол менен үч саясий топ болот. Ал эми соодалашуу үчүн шайлоого бараткан партиялар катарындагы бир-эки лидерин башка партияларга кошууга аракет кылат. Кыргызстанда шайлоодо акча, бийлик анан идеология саясатчыларды бириктирет. Аягында бийлик менен акча утуп кетет”.

“Эмгек”, “Ата-Журт – Кыргызстан”, “Ынтымак” Социал-демократтар жана “Ишеним” партиялары Бишкек шаардык кеңешине соңку шайлоодо өткөн.

“Чоң Казат”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Социал-демократтар”, “Ата Мекен”, “Ыйман Нуру”, “Ордо”, “Замандаш” жана “Реформа” партиялары былтыр парламенттик шайлоодо босого чектен өтпөй калган. Алар Бишкекте ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккан. Ошол шайлоодо алдыда келген “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары шайлоого катышууга билдирме калтырган жок.

Андан тышкары Жогорку Кеңештин VI чакырылышында иштеп жаткан “Республика”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” партиялары да шайлоого катышпай турган болду.

Шайлоого аттанган партиялардын арасында лидери камакта жаткан партиялар, иш козголгон саясатчылар да бар. Адил Турдукулов алардын саясий жарыштагы ролу тууралуу мындай деди.

“Оппозициялык күчтөр сөзсүз болот. Мен аларды бир нече топко бөлөт элем. “Кустурулгандар” реабилитация болуп, реванш алганга аракет кылат. Экинчиден, камакта отурган саясатчылардын партиялары бар. Мисалы, Темир Сариевдин “Ак шумкар” партиясы бар. Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар партиясы турат. Бул саясий күчтөргө шайлоодо лидерлерин камактан бошотууга жакшы мүмкүнчүлүк. Андан тышкары классикалык оппозициялык партиялар да бар. Ошол эле “Ата Мекен”, "Реформа" партиялары парламентаризмди колдоп чыгат. Андан тышкары диний баалуулуктарды жактаган да партиялар бар”.

Партиялар курултайларын өткөрүп, тизмелерин ачык жарыялаганга чейин баары бир саясий күчтөрдүн конфигурациясы так көрүнбөйт. Ал эми бийликчил деген партиялардын абалы кандай болот? Шайлоочунун добушун алуу үчүн саясий күчтөр бул жолу кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн жана бийлик саясий жарышка кандай ал күч менен барат?

Бул суроого социолог Самар Сыргабаев мындай жооп берди.

Самар Сыргабаев.
Самар Сыргабаев.

“Эл аралык республикалык институттун (IRI) сурамжылоосу электораттын бийликке карата көз карашы өзгөргөнүн көрсөтүп турат. Бул табигый эле нерсе. Чоң-чоң саясий окуялардан кийин элдин бийликке болгон үмүтү чоң болот. Азыркы бийлик болсо убагында бир топ популисттик убадаларды берген. Коомчулуктун социалдык маанайы экономикалык көрсөткүчтөргө байланыштуу болот. Азыр сыртта кымбатчылык. Экономика алсыз. Бул былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки окуялардан соң болгон саясий окуялар учурундагы эйфорияны жоготуп, элди реалист кылып койду. Эми ушундай экономикалык оор абалда эл ким көбүрөөк акча сунуштаса, добушун ошого берет”.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан. Октябрь окуялары учурунда Жогорку Кеңештин VI чакырылышы мөөнөтүн узарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG