Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Жылкыбаев: Жаштар шайлоого көп катышпайт


Узарбек Жылкыбаев
Узарбек Жылкыбаев

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев кыргызстандык жаштар шайлоолорго активдүү катышпай жатканын билдирди. Ал бул тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышып жатып айтты.

"Преференциалдык система менен шайлоо - жаштар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок социалдык тармакта жазып эле отура бербей, шайлоого барыш керек. Статистиканы карасак, жаштардын көпчүлүгү шайлоого барбайт", - деди Жылкыбаев.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул жолу мурдагы шайлоолордон айырмаланып, шайлоочулар партия менен катар тизмедеги талапкер үчүн дагы добуш бере алат.

Парламент депутаттарынын саны 90ду түзөт. Анын 54ү партиялык ачык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG