Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Бишкекте КМШ, Балтика жана Грузиянын кинофестивалы өтөт


Кыргызстандагы даректүү тасмалардын сынагы. Архив.
Кыргызстандагы даректүү тасмалардын сынагы. Архив.

КМШ, Балтика жана Грузиянын онунчу эл аралык кинофестивалы 14-17-сентябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кинофестивал "Манас" кинотеатрында саат 11: 00дөн 19:00гө чейин бекер көрсөтүлөт. Анда 14 тасма эл аралык сынакка, 12 тасма улуттук сынакка ат салышууда.

Иш-чара КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, "Айтыш" коомдук фондунун жана маданий кызматташтык фондунун көмөгү менен өткөрүлгөнү жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG