Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топ Тажикстанда жолукту


Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу.

1-7-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

"Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп айтылат маалыматта.

Кезектеги жолугушуу Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарында болгон. Анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Август айында Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек чек арасынан 40 чакырымы боюнча жумушчу топ орток пикирге келип, кол коюлганы маалымдалган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (МТа)

XS
SM
MD
LG