Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Суучул Шулико Гиннеске кирүү үчүн президенттен жардам алды


Президент Садыр Жапаров спортчу Владислав Шулико менен жолугушту. 8-сентябрь, 2021
Президент Садыр Жапаров спортчу Владислав Шулико менен жолугушту. 8-сентябрь, 2021

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү узунунан 180 чакырымдан ашуун сүзүп өткөн спортчу Владислав Шулико менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып жатты", - деди президент.

Жапаров суучулдун жетишкендиги тууралуу Гиннестин рекорддор китебине арыз берүүгө каражаттан көмөк көрсөтүп, президенттик фонддон 500 миң сом бөлдү.

21 жаштагы Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан алты күндө сүзүп өтүп, 27-августта рекорд койгон. Көгүлтүр көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.

Суучул бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген. (KЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG