Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Франция: 2015-жылкы Париждеги террордук чабуул боюнча сот башталды


Париждеги террордук чабуулга айыпталгандарын бири Салах Абдеслам Брюсселдеги сот процессинде, 5-февраль, 2018-жыл.
Париждеги террордук чабуулга айыпталгандарын бири Салах Абдеслам Брюсселдеги сот процессинде, 5-февраль, 2018-жыл.

8-сентябрда алты жыл мурунку Париждеги террордук чабуулга айыпталган 20 кишинин соту коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта башталды. 2015-жылы Парижде болгон чабуулдарда 130 кишинин өмүрү кыйылып, бар-ресторандарда, концерттик залда жана Франциянын улуттук футбол стадионунда жүздөгөн киши жарадар болгон.

2015-жылдын 13-ноябрында 10 кишиден турган жанкечтилердин тобу элге бүлүк салганын “Ислам мамлекети” тобу өз мойнуна алган. Бул француздардын соңку жаңы тарыхындагы эң кандуу чабуул болуп калган.

31 жаштагы теги марокколук француз жараны Салах Абдеслам кол салгандардын арасынан тирүү калган. Ал Париждин борборундагы Апелляциялык сотто атайын салынган залда калган 13 айыпкер менен бирге сот процессине катышат. 19 шектүүнүн алтоо курал-жарак жана автоунаа менен камсыздаган же башаламандык уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган. Алардын өкүмүн сот сыртынан угузат.

Прокурорлор 12 кишини өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Кол салгандардын көбү Брюсселдин бир районунда бала кезинен бери тааныш болуп чоңоюшкан. Алардын айрымдары кийин “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен.

Сот процесси 143 күнгө созулуп, 1800 доогер, 330дой юрист жана Франциянын мурдагы министри Франсуа Олланд күбө катары катышат. Өлкөнүн юстиция министри Эрик Дюпон-Моретти процессти "сот адилеттиги менен терроризмдин тарыхый беттешүүсү" деп сыпаттады.

542 томдон турган кылмыш иши миллион беттен ашат. Француз соту өз өкүмүн эмки жылдын май айынын соңунда угузат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG