Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Пакистандыктар: экономикалык пайда жана коопсуздук


Милиция кызматкерлери пакистандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстанга соңку айларда Пакистандан 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү учуп келип, "Манас" эл аралык аэропорту мындан 540 миң доллар пайда көрдү. Бул акыркы кездерде өлкөдө жүргөн пакистандыктарга карата кыргыз коомчулугундагы мамилени өзгөртүп, талкууну күчөттү.

Ал Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде да каралып, кайчы пикирлер айтылды. Айрым депутаттар пакистандыктардын көбөйүшү коронавируска байланыштуу калктын ден соолугу, дегеле өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурарын эскертүүдө. Мамлекеттик мекемелер мындай тобокелчиликтер алдын алынганын, тескерисинче пакистандыктардын келишинен киреше табуу керектигин билдиришти.

"Манаска" түшкөн пайда

"Манас" эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеевдин маалыматына караганда, Кыргызстанга Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот деген үч шаарынан 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү учуп келген. Алардын көбү туристтик виза менен киргендер.

“Кыргызстанга келип жаткан пакистандыктар, индустар биздин жарандар Орусияга барып иштеп аткандай эле алар да Араб өлкөрүнө барып иштешет. Пандемияга байланыштуу аларга түз каттам менен учуп кетүүгө тыюу салынгандыктан, Кыргызстан аркылуу кетип жатышкан. Дубай эми гана ачылды. Мен киреше боюнча айтсам, жүргүнчүлөрдөн "Манас" эл аралык аэропортуна 540 миң доллар пайда түштү”.

Акыркы айларда өлкөдө пакистандыктар көбөйүп жатканына айрым кыргызстандыктар тынчсыздануусун билдирген. Себеби, алардын Кыргызстанга келиши “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) Ооганстанда бийликти колуна алган учурга туш келди.

Бишкекте жана башка аймакта жүргөн пакистандыктарды, индиялыктарды бура бастырбай видеого тартып, өз алдынча сурак да кылган окуялар катталды. Бул маселе 7-сентябрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлүп, мамлекеттик мекемелер маалымат берди.

Милиция кызматкерлери пакистандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Милиция кызматкерлери пакистандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин айтымында, Кыргызстандын консулдук кызматы 1-январдан 1-сентябрга чейин Пакистандын 9 917 жаранына туристтик виза берген.

“Бүгүнкү күнгө чейин Пакистандан 10 миң турист келди. Алардын ар бири электрондук визага 51 доллардан төлөйт. Андын тышкары "Кыргызаэронавигация" 65 каттамды тейлеп, 200 миң доллардай пайда тааптыр. "Манас" эл аралык аэропорту 500 миңден ашык доллар пайда көрүптүр. Андан тышкары алардын ичкен тамак-ашы бар, такси кызматын пайдаланат. Баары бири-бирине байланыштуу болуп атпайбы”.

Ал чет өлкөдөн келгендерди кодулабай тескерисинче, аларга меймандостукту көрсөтүүнү сунуштады. Пакистандын жарандары Кыргызстанда 30 күн визасыз жүрө алат. Чек ара кызматы 1-сентябрдан 5-сентябрга чейин өлкөгө Пакистандын 532 жараны кирип, 1 596сы чыгып кеткенин кабарлады.

Депутаттарды коопсуздук маселеси кооптондурду

Кыргызстанга келген пакистандыктардын дээрлик бардыгы Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек мигранттары. Алар учуп кеткиче Бишкекте, Ысык-Көлдө обсервацияда болот жана ушул күндөрү көчөлөрдө топ-топ болуп жүрүшөт.

Жакында эле Ысык-Көлдүн Бостери айылында көчө бойлой бараткан бир нече пакистандык тартылган тасма интернетке тарап, аларга карата кыргыз коомчулугунун сынын күчөттү. Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов экономикалык пайдадан дагы коопсуздук маселеси курч экенин айтууда.

Акыл Кемелов.
Акыл Кемелов.

"Ооганстандагы "Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) мүчөлөрү өлкөсүнөн качып Пакистанда бир нече жыл жашынып жатышты. Алар Кыргызстанга кандай максатта келди ушунун баарын эске алып коопсуздукту карашыбыз керек. Жөн эле киргизип жибергенден абайлашыбыз керек. Эгерде инвестиция салып атса, башка маселе. Биз “Талибан” кыймылы эмнеге жөндөмдүү экенин көрүп эле турабыз да”.

Ички иштер министрлиги акыркы окуяларга байланыштуу пакистандыктарга өзүн алып жүрүү, Кыргызстанда аларга карата мамиле боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Расмий маалымат боюнча, обсервацияга алынгандардан тышкары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 8 067 пакистандык билим алат. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Бейшеналы Нурдинов да коопсуздук маселесине көңүл бурду.

“Туризм өнүгүп, элге пайда түшүп жатканы жакшы. Бирок Ооганстанда чыр чыккандан бери бизде пакистандыктар менен индиялыктар көбөйүп кеткенин билебиз. Алардын арасында оогандыктар да болушу мүмкүн. Алар Кыргызстанга обсервацияда жаткандан кийин эч жакка чыкпаш керек. Бир күнү алардын ичинен бирөө мыйзамга каршы иш жасап койсо, биздин жаштар кол көтөрүп эки элдин ортосунда чыр чыкса ким жооп берет. Ошондуктан коопсуздукту карагыла. Алар каякта каттоодо турат, эмненин негизинде көчөлөрдө басып жүрөт?”.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бир ай мөөнөт менен өлкөгө кирип, өз убагында чыгып кетпегендер Пакистанга кайра жөнөтүлөрүн айтты. Расмий маалымат боюнча азырынча мындай факт каттала элек.

“Пакистандын жарандары менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда чыр чыккан окуя жок. Кыргызстанга кирген 12 миң адамдын ичинде террористтик уюмдарга мүчө болгон адамдар барбы, коопсуздукка коркунуч жаратабы деген маселе боюнча иштеп атабыз. Алардын баары тең бир айдын ичинде өлкөдөн чыгып кетет деп ойлойбуз. Алар жаткан мейманкаларда, кээ бир жеке үйлөрдө жүргөн пакистандыктарга түшүндүрүү иштери болуп атат. Өтө эле көп киши жашаган жерлерде биздин кызматкерлер күнү-түнү кызмат өтөп атышат. Коопсуздук камсыздалган”.

Туристтер үчүн күрөш

Пандемиядан улам дүйнөдө мамлекеттер экономикасын көтөрүү аргасы менен ар бир турист үчүн күрөшүп жатканда пакистандыктарга карата кыргыз коомчулугунун мамилеси талкуу жаратты. Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) мурдагы директору Илим Карыпбеков социалдык тармактардагы баракчасынан мындай пикири менен бөлүштү.

“Биз туристтер келсе экен, акчасын таштап кетсе экен деп жанталашып атабыз да. Миңдеген пакистандыктар келсе бизге эле пайдасы тийет. Алардын ар бири 30 күндө жок эле дегенде 500 доллардан калтырат. Миң киши 500 доллардан калтырса жөн эле 500 миң доллар болот да. Ал акча бюджетке түз эле кирип кетпейт. Алар силер саткан тамак-ашты, кийим-кечекти алат. Беш-алтоо биригип батирге чыгат. Көлгө барат. Машинени ижарага алат. Бир ай үйдө тумчугуп жата бербейт да. Кайра меймандос болсоңорчу. “Экономика өсүш керек, бир нерсе кылып бергиле” дейсиңер. Анан бир нерсе кылып атса кайра каршы чыгасыңар. Алар террорист болсо чара көрчү укук коргоо органдары бар да”.

Коомчулуктун сын-дооматынан кийин ушул айдын башында Министрлер кабинети Пакистандын, Индиянын жарандарына туристтик виза берүүнү убактылуу токтоткон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG