Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

"Талибан" аялдарга жаңы "дресс-код" киргизди


Гераттагы аялдардын нааразылыгы, 2-сентябрь 2021-жыл.
Гераттагы аялдардын нааразылыгы, 2-сентябрь 2021-жыл.

"Талибан" Ооганстандагы жогорку окуу жайларда иштеген жана билим алган кыз-келиндерге жаңы "дресс-код" киргизди. Ага ылайык, аялдар денесин толук жапкан кара кийим жана колдоруна мээлей кийип жүрүшү керек. Ошондой эле кыздар менен балдарга класста чогуу отурууга тыюу салынат.

"Талибан" Ооганстанда гендердик сегрегацияга жол ачкан жана жеке менчик университеттер менен коллеждердеги аялдар кандай кийиниши керектигин аныктаган жаңы эрежелерди киргизди. Мындай чектөөлөр камтылган декретти талибдер башкарган Билим берүү министрлиги 5-сентябрда чыгарды. Бул документ менен "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун журналисттери да таанышты.

Ага ылайык, жогорку окуу жайлардагы студент кыздар, аял мугалимдер жана башка аял кызматкерлер денени толук жапкан, анын ичинде адамдын жүзүнүн көп бөлүгүн көрсөтпөгөн көйнөк же никаб кийиши керек. Кийим кара өңдө болушу шарт. Мындан тышкары кыз-келиндер колдорун көрсөтпөш үчүн мээлей кийиши абзел.

Класста балдар менен кыздар өзүнчө отурушу керек. Бери дегенде эки топтун ортосун парда бөлүп турушу зарыл. Декретке ылайык, кыздарды аял мугалимдер гана окута алат. Кокус аял мугалимдер жок болсо, кыздарга жүрүм-туруму жакшы деген "улгайган эркектер" да сабак берсе болот.

"Талибан" өткөн айда ооган бийлигин колго алып, Кабулдагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөт кулаткандан бери Ооганстанда "аялдар менен кыздар исламдын алкагындагы бардык укуктарга" ээ болоорун билдирип келет.

Кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 6-сентябрда Кабулдагы маалымат жыйынында мындай убаданы дагы бир жолу кайталады.

"Биз аялдардын укугун шарият мыйзамдарынын алкагында камсыз кылып жатабыз. Жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен аялдардын исламдын мыйзамдары уруксат берген тармактарда иштеши үчүн атайын жол-жоболор кабыл алынат. Алардын ишмердүүлүгү камсыздалат. Аялдар Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш орундарына эбак эле кайтып барышкан. Алар билим берүү тармагында да иштеп жатышат", - деп билдирген Забиулла.

Талибдер оогандыктарды жана эл аралык коомчулукту "кыймыл 20 жыл ичинде өзгөрдү" деп ынандырууга, өздөрүнө жаңы заманбап имидж түзүүгө аракет кылып келүүдө. Бирок "Талибан" 1996-2001-жылдары бийликте турганда аялдардын укугун басмырлап, кыздардын билим алышын чектеп койгону белгилүү.


"Репрессиянын анык белгиси"

Алар кайра бийликке кайтып келгенге чейин ооган кыз-келиндери окуу жайларда эркек балдар чогуу эле билим алып келишкен. Ошондой эле аларга аял мугалимдер менен чогуу эле эркек мугалимдер да сабак берип турушкан. Кыз-келиндер үчүн өзгөчө бир "дресс-код" да жок болчу. Андыктан эми Ооганстанда кыз-келиндер жаңы жана оор реалдуулукка туш болуп жатат.

"Мектептер менен университеттердеги гендердик сегрегация сыяктуу жаңы өзгөрүүлөр кооптонууну күчөтүп, кыз-келиндерге каршы маданий басмырлоого жол ачты", - деди талибдердин коркутуусунан улам Ооганстандан чыгып кеткен активист Самира Хамиди.

"Кара көйнөк кийген аялдар ооган маданиятынын бир бөлүгү эмес. Бул кыз-келиндердин жашоо-турмушундагы репрессиянын анык белгиси", - деп кошумчалады аялдардын укугун коргогон бул активист.

Маселен Кабулдагы Ибн Сина атындагы жеке менчик университте бир эле аудиторияда окуп жаткан эркектер менен кыз-келиндердин ортосунда парда тартылып турганын социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөр күбөлөйт. Бул сүрөттөрдө кыз-келиндердин көбү кара көйнөк жана хижаб кийип отурушат. Бирок алардын жүзү ачык эле көрүнүп турат. Бул талибдердин жаңы эрежесине каршы келип калышы мүмкүн.

"Талибандын" буйругуна ылайык, аялдар бетинен башка денесинин дээрлик бардык бөлүгүн жапкан узун көйнөк же көздү гана ачык калтырган никаб кийиши керек.

Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарынан "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун ооган кызматы менен байланышкан Марямдын айтымында, өлкөдө аялдардын көбү хижабга эмес, денени толугу менен жапкан никаб же паранжыга каршы чыгып жатат.

"Талибдер аялдар хижаб кийиши керек дейт. Эгер алар ислам өлкөлөрүндө кенен тараган хижабды айтып жатышса, биз аларды кийүүгө даярбыз. Себеби биз да мусулманбыз. Бирок эгер алар никаб же паранжыны айтып жатышса, анда ал, менимче, ооган аялдары үчүн кабыл алынгыс. Хост шаарында бурка же паранжы кийим жүрүү - иши бар, билимдүү аялдарга туура келбейт", - деди Марям.

Эски эрежелер кайтып келеби?

Талибдердин жаңы эрежесине ылайык, эркектер менен аялдар жогорку окуу жайлардын эки башка эшигинен кирип чыгышы керек. Алар эркек курсташтары менен сыртта жолукпашы үчүн сабактары беш мүнөткө эрте бүтүшү кажет. Ошондой эле документте белгиленгендей, эркек студенттер имараттан чыгып кеткиче, кыз-келиндер атайын бөлмөдө да күтүп отурууга туура келиши мүмкүн.

Кабулда акцияга чыккан аялдар, 3-сентябрь 2021-жыл.
Кабулда акцияга чыккан аялдар, 3-сентябрь 2021-жыл.

АКШ баштаган эл аралык күчтөр 2001-жылы Ооганстанга киргенден кийин университетте билим алган кыз-келиндердин саны өскөн. Өлкөдө миллиондогон окуучу кыздар мектепке бара баштаган. Бирок мындай көрүнүш чоң шаар менен гана чектелген.

Аялдар министрлик кызматтарга дайындалып, парламентке да шайланып келишкен. Кыз-келиндерге үйүнүн сыртында добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

"Талибан" 1996-2001-жылдары бийликте турганда аялдарга үйүнөн башка жерде иштөөгө тыюу салынып, алар паранжы кийип жүрүүгө милдеттендирген эле. Ошондой эле кыз-келиндер эркек тууганы же күйөөсү жок, жалгыз сыртка чыга алышчу эмес.

Соңку кабарлар талибдер бул сыяктуу эски эрежелерин кайра ишке киргизип жатканын каңкуулап турат. "Талибан" Кабулду ээлегенден бери жер-жерлерде аялдардын укуктарын алга сүрөгөн акциялар өтүп жатат.

6-сентябрда талиб жоочулары Мазари-Шариф шаарында акцияга чыккан аялдардын тобун күч менен таратты. Ал күнү ондогон адамдар аялдардын укуктарынын сакталышын жана алардын жаңы өкмөткө кошулушун талап кылышкан. Бирок жоочулар митингдин катышуучуларын, анын ичинде акцияны чагылдыруу үчүн келген журналисттерди ур-токмокко алган.

Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөт жана видеолор көрсөткөндөй, чогулгандар "Аялдардын укугун бузуу - адам укугун бузуу", "Биз бардык деңгээлде саясий турмушка аралашууну каалайбыз" деген сыяктуу плакалаттарды көтөрүп турушту.

"Талибандын" жетекчилери Ооганстандын төртүнчү ири шаарында болгон бул окуя боюнча комментарий берген эмес.

4-сентябрда талибдер Кабулда жүрүшкө чыккан ондогон аялдарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонуп, эскертүү иретинде ок аткан. Ушундай эле окуя бир канча күн мурда Герат шаарында да катталган.

P.S. Бул материал "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун баяндамачысы Фруд Бежандын жана "Азади" радиосунун макалаларынын негизинде жазылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG