Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Ооганстан: Хайбатулла Ахундзада тууралуу эмне белгилүү?


Молдо Хайбатулла Ахундзада.
Молдо Хайбатулла Ахундзада.

Оогандык талибдер эл аралык коомчулук тарабынан тааныла элек башкаруу түзүмүнүн лидерлигине суннит агымындагы диниятчы, түнт жана катаал Хайбатулла Ахундзаданы алып келди.

55 жаштагы Мавлави Хайбатулла Ахунзада буга чейин эле радикалдуу фундаменталдык топтун лидери катары белгилүү болчу. 2016-жылы “Талибанды” (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) чейрек кылымдан бери башкарып келген молдо Ахтар Мухаммед Мансур Пакистандын түштүк-батышында америкалык дрон аркылуу өлтүрүлгөндөн кийин анын ордун Хайбатулла Ахундзада баскан.

“[Ахундзада] – диний ишмер, динди бекем карманганы менен чоң урмат-сыйга татыган, -дейт оогандык журналист Сами Юсафзай. - Ал “Талибандын” жогорку даражалуу судьясы жана кыймылды негиздеген молдо Мохаммад Омардын ишенимдүү өкүлү болуп турган”.

Ахундзада дин аалымы жана бир нече китептердин автору деп кошумчалады Юсафзай. Анын айтымында, 2001-жылдын соңунда АКШ баштаган күчтөрдүн кийлигишүүсү менен талибдердин режими кулагандан кийин “Талибан” лидерлери Пакистандын Белужистан провинциясына баш калкалаган.

“Мурда ал Кветтадан алыс эмес жердеги медресени башкарган”, - деп Юсафзай талибдердин болочок лидери Белужистандын борборундагы диний мектепти жетектеген учурун эске салды.

“Кучлактык Ахундзада деп белгилүү болчу жана чөлкөмдөгү түрдүү медреселердин бүтүрүүчүлөрү алдында сөз сүйлөйт эле”.

Кучлак —Кветтадан анчейин алыс эмес аралыктагы шаарча. Бул жерде акыркы жыйырма жыл ичинде “Талибандын” көптөгөн жогорку даражалуу башкаруучулары жашырынып жүргөн деп айтылат.

“Талибандын” (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) негидөөчүсү Молдо Омар сыяктуу эле Ахундзада дагы өлкө түштүгүндөгү Кандагар провинциясынан чыккан. Бул аймакта 1994-жылы кыймыл түптөлгөн. Такталбаган маалыматтар боюнча 1961-жылы туулганы айтылат. Атасы айылдык имам болгон экен.

1980-жылдары советтик аскерлер менен согушкан ыктыярчылардын катарында болгон. Бирок согушка түздөн-түз катышкан эмес. Андан соң үй-бүлөсү менен Пакистандын түндүгүндөгү Кветта шаарына көчүп келген. 1994-жылы "Талибандын" катарына өткөн.

Ахундзада иерархиялык тепкичтен тездик менен көтөрүлүп, 1990-жылдардын аягында талибдердин башкы аскер судьясынын милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Буга анын диний билими себеп болгон.

Талибдердин жакында эле жарыяланган кайрылуусу Ахундзада жаңы өкмөттүн Ислам Эмираты аталган стратегиялык багытын аныктарын көрсөтүп турат.

"Ислам Эмиратынын лидери толук көрсөтмөлөрдү жана бардыгынын жоопкерчиликтери тууралуу маалыматтарды берди”, - деп жазды “Талибандын” расмий өкүлү Забиулла Мужахид Twitter баракчасына.

Ал билдирүүнү ушул аптада Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында өткөн талиб лидерлеринин үч күндүк кеңешмесинен кийин жазды.

“Талибандын” расмий өкүлү Забиулла Мужахид Кабулдагы басма сөз жыйынында, 7-сентябрь, 2021-жыл.
“Талибандын” расмий өкүлү Забиулла Мужахид Кабулдагы басма сөз жыйынында, 7-сентябрь, 2021-жыл.

Кыязы, “Талибан” аны алдыны көрө билген көсөм катары тааныштырууга умтулууда.

“Биздин өлкөдөн чет жерлик күчтөр чыгып кеткенден кийин дүйнө менен, анын ичинде Кошмо Штаттар менен жакшы мамиле түзүүнү каалаганбыз, - деп “Талибандын” өкүлү Ахундзаданын июлдагы сөзүн мисал келтирди. – Мындай мамилелер дипломатиялык, саясий жана экономикалык аспектиде эки тарапка тең пайдалуу болушу керек”.

Хайбатулла Ахундзада - молдо Омардан (2013-жылы каза тапканы айтылат) жана Ахтар Мансурдан (2016-жылы өлтүрүлгөн) кийинки талибердин жогорку лидери.

2015-жылы Мансур кыймылдын жетекчилигин өзүнө алганда, аны менен уруулук байланыштары жана ынак мамилеси, диний кадыр-баркы Ахундзада анын оң колу болушуна жол ачты. Узак созулган күрөштөн кийин Мансур “Талибандын” расмий лидери катары дайындалган.

Назар Мохаммад Мутмаин талибдердин позициясын түшүндүрүүгө аракет кылып жүргөн “Талибан” режиминин мурдагы чиновниги. Ал Ахундзаданын сабырдуу жана узак диний баяндарга жакын диниятчы катары мүнөздөп жазды.

“Ал эмоцияларын башкара билет жана талибдер аны азыр өздөрүнүн катарын калыңдатууга жөндөмдүү киши катары карап жатат”, - деп жазган Мутмаин.

Кабулдун борборундагы тең укуктуулукту талап кылган аялдардын акциясы. 7-сентябрь, 2021-жыл.
Кабулдун борборундагы тең укуктуулукту талап кылган аялдардын акциясы. 7-сентябрь, 2021-жыл.

Ахундзаданын жетекчилиги алдында талибдер дипломатиялык жана аскердик жеңиштерге жетишти. Саясий иштер боюнча орун басар молдо Абдул Гани Барадар экөө Америка Кошмо Штаттары менен негизги келишимди сүйлөштү. Келишимге 2020-жылдын февраль айында Дохада кол коюлган. Бул келишим америкалык аскерлердин жана союздаштарынын күчтөрүн Ооганстандан толук чыгарууга жол ачты.

Ахундзада талибдердин биримдигин колдоп, молдо Омардын уулу Якубду өзүнүн орун басары катары, "Хаккани түйүнү" тобунун негиздөөчүсүнүн уулу Сиражуддин Хакканини аскер бөлүктүн жетекчиси кылып дайындаган.

Эми “Талибандын” аскер машинасы Кабулду жана Ооганстандын чоң аймагын ээлеп алгандан кийин Ахундзада көптөгөн көйгөйлөргө туш болду.

Ахундзаданын жетекчилиги алдында "Талибан" эл аралык легитимдүүлүккө жетиши керек. Өлкө ичиндеги өтө тереңдеп кеткен экономикалык кризисти чечип, калктын коопсуздугун камсыздоо милдети турат. “Талибан” реформа тууралуу көптөгөн убадаларды берген.

Ахундзада “Талибанга” чет жактан дагы, өлкө ичинен дагы өзгөчө көңүл бурулуп, талаптар өсүп турган кырдаалда жоопкерчиликти алды.

XS
SM
MD
LG