Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Коргоо министри күтүүсүз алмашты, кадр саясаты талкуу жаратты


Таалайбек Өмүралиев эки жолу коргоо министри болгон.

Президент Садыр Жапаров коргоо министрин күтүүсүз алмаштырды жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине генерал наамдарын ыйгарды. Таалайбек Өмүралиев Министрлер кабинети куралган үч айдын ичинде алмашкан бешинчи министр болуп калды. Бул кадам кадр саясаты жана наамдар тууралуу талкууну кайра козгоду.

Садыр Жапаров 6-сентябрда Таалайбек Өмүралиевди "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде кызматтан бошотту. Анын ордуна Бактыбек Бекболотовду коргоо министри кылып дайындады. Президенттин администрациясы Өмүралиев кайсы кызматка барары тууралуу азырынча маалымат бере элек. "Азаттык" бул макала жазылып жаткан чакта мурдагы министрден комментарий ала алган жок.

Өмүралиев коргоо министри болуп алгач 2011-2014-жылдары иштеген. Ага 2015-жылы "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Былтыр 9-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетер алдында Өмүралиевди Башкы штабдын жетекчиси кылып дайындаган.

Өмүралиев ушул жылдын февраль айында кайра коргоо министри кызматына келген жана анын сот иштерине байланыштуу талкуу чыккан. Бишкек шаардык соту аны март айында күнөөлүү деп таап, беш миллион сом айып пул салып, генерал-майор наамынан ажыраткан. Бир айдан кийин Жогорку сот Өмүралиевди актаган.

Жаңы коргоо министри Бактыбек Бекболотов тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Ал 2008-2009-жылдары Улуттук гвардиянын башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген, ошондой эле "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармалыгын жетектеген.

Өмүралиев кызматтан алынды деген маалымат чыгар алдында ал "Кыргыз-орус" өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковго Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн улук-лейтенант наамын ыйгарган.

Коргоо министринин алмашуусу Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгуусу башталып жаткан учурга туш келди.

Деген менен талдоочу Токтогул Какчекеев бул өзгөрүүнү президенттин жаңылануу аракети катары сыпаттады.

Токтогул Какчекеев.
Токтогул Какчекеев.

"Өмүралиев өтө бышкан, татыктуу, билимдүү, зирек адамдардын бири. Аскердик кызматтын бардык тепкичтерин баскан. Ооган согушуна катышкан. Аскер адамдары адатта көп сөз айтып, мактана беришпейт да. Мисалы, парад болду, буга чейин деле болуп келген. Бирок Өмүралиев даярдагандай парад буга чейин боло элек болчу. Президентибиз башкы кол башчыбыз. Ал кимди кайда дайындоону, кайда алып барууну өзү билет. Өмүралиевди кызматтан алганда "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" деп жазылып турат. Башкы кол башчыбыз жаңы ишке коюуга, жаңыланууга бир максаты болушу керек деп ойлойм. Жаңы министр Бекболотов дагы бышык, мыкты офицерлерди бири. Медиа генералдар көп деп жаза берет. Силер Орусияда, Германияда канча генерал бар экенин билесиңерби? Эртең согуш болуп калса, бизде болгону үч эле генерал болсо армияны ким башкарат?"

Өмүралиев Министрлер кабинети түзүлгөн үч айдын ичинде алмашкан бешинчи министр болуп калды. Соңку өзгөрүү президенттин кадр саясатынын ырааттуулугу тууралуу талкууга жем таштады. Кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев кызматка дайындоо ачык-айкын жүрүшү керектигине токтолду.

"Өткөндөн жакшырак сабак алып, "менин командам, менин таанышым, тууганым, куда-сөөгүм, жердешим" деген маселеден кетиш керек. Ар бир тармак боюнча татыктуу адистер жетиштүү. Элге жүзү жарык кадрлар, иш билги кадрлар көп, өлкөдө кадрдык таңкыстык жок".

Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов парламент кадр саясатына байланыштуу үн катпай жатканын сынга алды.

"Келаткан шайлоодо эл акчага сатылбай, депутаттыкка эр жүрөк, коркпогон, президентке оюн айта алган адамдар келсе ошолор кадр саясаты тууралуу маселе көтөрүп, суроо беришет. Азыркы депутаттар деле берсе болот, бирок алар өзүнүн деңгээлин көрсөттү да. Президенттик башкарууда деле тең салмактуулук болушу керек. Элдин атынан эки эле орган: президент менен парламент эле сүйлөй алат да. Кадр саясаты келерки парламенттик шайлоодо келе турган депутаттардын сапаттык деңгээлинен көз каранды болот. Эгер алар бул маселени жигердүү көтөрүп чыгып турушса, президент балансты кармаш үчүн ойлонот, болбосо өзү билгенин кылат да".

Садыр Жапаров коргоо министрин алмаштырууга удаа эле жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен Таалайбек Өмүралиевге генерал-лейтенант наамы берилди. Жаңы министр Бакытбек Бекболотов менен Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев генерал-майор наамын алды.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын пикиринде, наамдардын баркы кетти:

"Муну бир комиссия түзүп карап да чыгыш керек. Муну оюнчук катары эле көрүп калышты, баркы деле жок болуп калды. Өткөндө эле мисалы ""Даңк", "Манас" ордендери берилди. Мунун эң жаман жагы- баркы кетип жатканы. Элдер жакшы иштегенге, жакшы кызмат кылууга умтулбай калат. Илгерки, эмгеги сиңген генералдар балким ызаланып деле жатса керек. Мээнет менен алгандар жана бүгүн алып жаткандар эки бөлөк нерсе болуп жатат. Бийлик адатта орун, кызмат калбай калганда генералдык наамдарды, медалдарды берип баштайт".

Атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков генералдык наам берүүнүн тартип-эрежесине токтолду, ал эми моралдык жагына коом баа берерин айтты.

"Генерал-лейтананттык наамга чейинки эреже-талаптар бар. Президент өзүнүн жардыгы менен генералдык наамды кимге берем десе ал ошого бере алат, ошондой ыйгарым укугу бар. Ал эми наамды алуудагы моралдык жагын эл электен өткөрүп, коомчулукта сын-пикир айтылышы мүмкүн".

Ушул жылдын май айында Жогорку Кеңеште депутат Каныбек Иманалиев генералдардын, полковниктердин саны көбөйгөнүн сындап чыккан. Ал мамлекеттик казынага оорчулук тууларын да эскерткен.

"Азыр Кыргызстанда генералдар өтө көбөйүп кетти. Акыркы учурда ага лейтенант, капитан деген аскер наамы бар адамдарды жолуктурбай калдым. Баары эле полковник, генерал болуп кеткен. Коргоо министрлигинин башкы штабында азыр канча генерал, полковник бар? Милицияда азыр катардагы кызматкерди көрүү мүмкүн эмес, баары эле полковник. Аскердик чин көтөрүлгөн сайын айлык да көбөйүшү керек. Ошону камсыздай алабызбы?".


Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда генералдардын саны 150дөн ашат. Полковник наамы канча адамга берилгени белгисиз. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 16 жарым миңдей аскер кызматкери бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG