Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:12

Эгемендикке 30 жыл: Кыргызстан баскан татаал жол


Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттери: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.
Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттери: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 30 жыл толду. Өлкө 1991-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул аралыкта алты президент алмашты, алардын үчөөнүн бийлиги ыңкылап жолу менен жаңыланды. Сырттан жасалган кол салуу, ички нааразылыктарды күч менен басуу жана улуттар аралык кагылыш мамлекеттеги талылуу окуялардан болуп калды. Ушундай кыйчалыш учурлар республиканы бирде өргө тартып, бирде артка кетирип олтурду.

"Азаттык" Кыргызстан баштан кечирген окуяларды хронологиялык тартипте тизип, эстеп, талдап көрүүгө аракет кылды.

Союздун тарашы жана эгемендик

КПССтин баш катчысы Михаил Горбачёв жарыялаган “Кайра куруу” реформалар программасынын жыйынтыгы менен 1980-жылдардын соңунда СССРди экономикалык кризис каптайт. Бул жана башка жагдайлар калк арасында нааразылык туудуруп, түрдүү каршылыктарды жаратат.

1986-жылы Казак ССРинде жаштар ири акцияга чыгышса, 1987-жылы Крым татарлары автономия сурап Москвада жүрүш өткөрөт. 1987-жылы Жаңы-Өзөн шаарында, 1988-жылы Карабакта, 1989-жылы Ферганада, 1990-жылы Бакуда жана Ошто улуттар аралык кагылыштар орун алат.

Ал ортодо Эстон (1988), Литва (1989) жана Латвия (1989) ССРлери суверенитет жарыялап, 1990-жылы СССРдин курамынан чыкканын жар салышат. Азербайжан ССРи 1989-жылы, Грузин, Орус, Өзбек, Молдова, Украин, Беларус, Түркмөн, Армян, Тажик, Казак жана Кыргыз ССРлери 1990-жылы алгач суверенитет жарыялайт. Булардын ичинде Армян ССРи гана биротоло СССРдин курамынан чыкканын кабарласа, калгандары иш жүзүндө советтик өлкөнүн ичинде кала берет.

Абсамат Масалиев жана Аскар Акаев. 1990-жылдын 27-октябры.
Абсамат Масалиев жана Аскар Акаев. 1990-жылдын 27-октябры.

Кыргызстандын өзүндөгү окуяларды тизмектесек, 1990-жылдын 22-октябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин сессиясында президент шайлоо маселеси каралат. Бул кызматка парламент төрагасы Абсамат Масалиев жана башка партиялык ишмерлер Апас Жумагулов менен Жумгалбек Аманбаев талапкерлигин коюшат. 350 депутаттын 175инин добушун алган киши президент болуп шайланмак. Масалиев 171 добуш алып, биринчи президент болууга төрт добуш жетпей калат.

Натыйжада 27-октябрда кайрадан шайлоо өтүп, ага катышкан бир нече талапкердин ичинен Аскар Акаев 179 добуш алып, алгачкы президент болуп шайланат. Саясий чөйрөдө мамлекет башчы болууга алгач жазуучу Чыңгыз Айтматовго сунуш берилип, ал өзү академик Акаевди сунуштаганы айтылып жүрөт.

“Легендарлуу” парламент деген аталыш менен тарыхта калган Жогорку Кеңештин ошол кездеги курамынын депутаты Жамин Акималиев ал учурду мындайча эстеди:

Жамин Акималиев
Жамин Акималиев

“1990-жылдын башынан баштап өлкөнү биз, парламент башкарып калдык. Партиянын кубаты кетти, эч нерсе чече албайт. Демократиялык күчтөр күчөдү. Советтер Союзу ыдырап жатат дейбиз, бирок президентибиз жок. Компартиянын биринчи катчысына болсо биз баш ийбейбиз. Иш жүзүндө мамлекетти сактап калдык, башкаруу эрежесин түзүп, туруп анан Акаевдин колуна өткөрүп атпайбызбы. Чынын айтканда, бул кызматты кудай Масалиевге буйруп турган болчу. Алгач ага айтсак, баш тартып койду, бирок кийин шайлоого барды. Шайлоодо Аскар Акаев менен Абсамат Масалиев эле болгондо, анда Масалиев жөн эле утуп кетмек. Жумагулов менен Аманбаев чыгып алганы үчүн добуштар чачырап кетти да, Масалиев өтпөй калды. Акаев болсо анча-мынча добуштук айырма менен араң өткөн. Башка өлкөлөрдө жалаң эле 1-катчылар президент болуп калбадыбы. Масалиевди мен күчтүү жетекчи деп айта албайм, жумшак болчу. Бирок демократ, таза киши болчу. Ал киши болгондо балким, өлкө башкача саясий нук менен кетмек. Бирок тагдырдын бурулушу Аскар Акаевдин пайдасына иштеп берди. Акаев өзү кийин элдик шайлоодон да утуп чыгып, Конституцияга кол койгондон кийин бизди, Кумтөр ишине байланыштуу таратып жиберди”.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын 12-декабрында өлкөнүн аталышынан “советтик” жана “социалисттик” дегенди алып, 15-декабрында “Көз карандысыздык” тууралуу декларация кабыл алат. Бирок жогоруда белгиленгендей, Советтер Союзунун курамындагы эркин өлкө деп эсептелип турат.

Бул арада СССРдин президенти болуп шайланган Михаил Горбачёв мурдагы советтик республикалардын алкагында жаңыланган федерация түзүүнү сунуштайт. Бул боюнча 1991-жылдын 17-мартында бирикмедеги тогуз өлкөдө референдум өтүп, демилге кабыл алынды деп эсептелет. Өздөрүн эгемен деп жарыялаган алты өлкө бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүүдөн баш тартат.

“Көз карандысыз өлкөлөрдүн бирикмеси жөнүндө келишимге” 1991-жылдын 20-августунда Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, күздө болсо Азербайжан, Кыргызстан, Украина жана Түркмөнстан кол коймок. Бирок 19-августта КПСС БКнын мүчөлөрүнүн тобу эгемен республикалар шериктештигин түзүүгө жол бербөө максатын көздөп, кутум уюштурат.

Өзүн “СССРдеги өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет” (Государственный комитет по чрезвычайному положению в СССР – ГКЧП) деп атаган топ мурдагы СССРдин сактап калууну жактап чыгат. “Август кутуму” (“Августовский путч”) деген ат менен тарыхта калган бул окуя тескерисинче, союздун тезирээк тарашына себепчи болот. Союздук өлкөлөр биринин артынан бири эгемендик жарыялашат.

Анын ичинде Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 31-августунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карандысыздыгы жөнүндөгү декларацияны” кабыл алган. Ошентип, дүйнөнүн саясий картасында жаңы, өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет – Кыргыз Республикасы пайда болот.

96,5% СССРди сактап калууга добуш берген

Жогорку Кеңештин ошол учурдагы төрагасы, эгемендик жөнүндө декларацияга кол койгон Медеткан Шеримкулов “Азаттыкка” курган маегинде ал окуяларды төмөнкүчө мүнөздөдү:

Медеткан Шеримкулов
Медеткан Шеримкулов

“Президент дагы, парламент дагы, кыргыз өкмөтү дагы, жадагалса кыргыз коомчулугу дагы “Советтер Союзун ураталык” деген ойдон алыс болчу. Ошол 1991-жылдын 17-мартындагы бүткүл союздук референдумда кыргызстандыктардын 96,5% “СССРди сактап калалы” деп добуш берген. Биз ага ынтызар болчубуз, оюбуз, максатыбыз ошондой болчу. Бирок Советтер Союзунун ичинде туруп, Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү сакталып турушун, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүүсүн талап кылып жатканбыз. Мына ошого жол берген Советтер Союзунун мындан аркы келечеги жөнүндө келишимге 20-августта кол койгону Москвага барганы жатканбыз. 19-августтагы ГКЧП – мамлекеттик төңкөрүш аракети бизди, Кыргыз Республикасын башка республикалар сыяктуу өзүбүздүн эгемендигибизди сактап калууга чечкиндүү кадамдарды жасоого аргасыз кылды. Биз ошол кадамды жасадык. Эгемендик жөнүндө декларацияны 31-августта 350 депутат бир добуштан колдоп берип, кабыл алды”.

Өз алдынча мамлекет катары жаңылагандан кийин ушул эле 1991-жылдын 12-октябрында биринчи жолу жалпы элдик президенттик шайлоо өтөт. Иш жүзүндө бул мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын легитимдештирүү аракети болчу. Ошол себептүү да бюллетенде, парламенттин чечими менен кызматта олтурган Аскар Акаевди бекитүүгө “макул” жана “каршы” деген жооптор гана коюлган. 95,33% добуш “макул” деген графага берилет.

8-декабрда Орусия, Беларус жана Украинанын лидерлери Беловеж макулдашуусуна кол коюп, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги – КМШ уюмун түзөт. 21-декабрда Алматы шаарында ага Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жан Түркмөнстан кошулат.

1991-жылдын 25-декабрында СССРдин президенти Михаил Горбачёв иштен кетсе, 26-декабрда өлкөнүн парламенти бул кызматты жана жалпы союздук органдарды жоюу жөнүндө чечим чыгарат. Натыйжада, СССР мамлекети жоюлду деп эсептелет жана Орусия өзүн анын мураскери катары укугун сактап калат.

25-декабрда Кыргызстанды АКШ биринчилерден болуп эгемен өлкө катары тааныйт. Бирок Кыргызстан кийинки жылы, 1992-жылдын 2-мартында Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп кирет. Кыргыз Республикасынын желеги анын эртеси 3-мартта кабыл алынат. 1992-жылдын 18-декабрында гимн жактырылат.

“Москва жок, Компартия жок, Баш катчы жок, кандай кылабыз? Болгон Конституция менен жашай албайбыз. Ошентип эски Конституциядан кетишибиз керек, өзүбүздүн Конституцияны кабыл алышыбыз керек дегенге токтолдук. Көбүнүн башы айланды. Себеби, түшүнүк жок да. Депутаттык комиссия түзөлү да иштеп чыгалы деп, 50 кишилик комиссия куралды. Анан депутаттык эмес, мамлекеттик комиссия болуп түзүлдү да, депутаттардан мен да кирдим. Төрагасы Аскар Акаев, орун басары Медеткан Шеримкулов. Ай сайын эки ирет жолугушуу өткөрөбүз, ошентип 1991-жылдан 1993-жылга чейин, эки жыл иштедик. Ар кайсы өлкөлөрдүн, Советтер Союзунун Конституциясын талдап, өзүбүздүн Улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү бириктирип туруп, абдан мыкты Баш мыйзам болуп чыкты. Биз өзүбүз эле кабыл алган жокпуз, элге салдык. Радиодон, басма сөздөн берилип турду, эл абдан кызыгып кетти да, талкуу катуу жүрдү. Сунуш-пикирлерди алып, кайра иштеп, алымча-кошумча кылып жатып Кыргызстандын туңгуч Конституциясын кабыл алдык”,- дейт академик Жамин Акималиев.

Ооба, узак талкуудан кийин Жогорку Кеңеш 1993-жылдын 5-майында Кыргызстандын алгачкы Конституциясын бекитет. Баш мыйзам кабыл алынгандан беш күндөн кийин, 10-майда Улуттук банк өлкөнүн менчик валютасы – сомду жүгүртүүгө чыгарат. Мамлекеттик герб 1994-жылдын 14-январында жактырылган.

Аскар Акаев. Архивдик сүрөт.
Аскар Акаев. Архивдик сүрөт.

1994-жылдын күз айларында “Легендарлуу парламент” таратылып, 1995-жылдын 5-февралында Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо болот. Ушул эле жылы 24-декабрда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, Аскар Акаев кайрадан жеңип чыгат. Бүткүл элдик добуш берүүнү бир жыл эрте өткөрүүнү кезинде оппозиция альтернативдик талапкерлерди чыгарбоо жана алардын даярдыгына бут тосуу катары баалаган.

Акаевдик, бакиевдик жана отунбаевалык бийликтин жолу

Аскар Акаевдин бийлиги мамлекеттик символикаларды кабыл алуу менен эле эмес, өлкөдө менчиктештирүү саясатын киргизгени менен да белгилүү. Советтик империядан калган мүлктөр, мал-жандыктар жана үлүш жерлер жарандарга бөлүнүп берилет. Анын ишке ашышына байланыштуу нааразылыктар көп жылдарга калат, жадагалса ушул күндөрү да ал жөнүндө талаш-тартыштар арбын.

Биринчи президенттин тушунда өлкөдөгү эң ири алтын запаска ээ Кумтөр кенин иштетүү канадалык компанияга берилет. Келишим үч жолу (1992, 1994, 2003) түзүлөт. Кыргыз экономикасынын өзөгү болгон кендин тагдыры ошол бойдон кыйшык кетет жана көп чырдын башы болот.

Акаев башкарып турган учурдагы ири окуялардын бири өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан “Баткен коогасы”. “Өзбекстан ислам кыймылы” аттуу диний экстремисттердин тобу 1999-жылы Кыргызстандын чек арасын бузуп, Баткен аймагына бастырып киришкен. Баткендеги бир нече айылдарды басып алган согушкерлер Чоң-Алай жана Чаткал райондорундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардан да кирүүгө аракет кылышкан.

Өзбекстандын аймагына өтмөкчү болгон жоочулар менен сүйлөшүүгө барган Кыргызстандын расмий өкүлдөрү, аскер кызматкерлери барымтага алынган. Кармаш 2000-жылга чейин созулган жана андан Кыргызстандын ондогон жоокерлери жана жайкын тургундары каза болгон. Сырттан жасалган бул чабуул өлкөнүн коопсуздугуна шек кетирип, куралдуу күчтөрдү реформалоого түрткөн. Ушул окуялардан соң Баткен облус макамын алган.

2000-жылдын 29-октябрында Аскар Акаев үчүнчү ирет президент болуп шайланган. Төрт өлкө менен чектешкен Кыргызстан ошол туштарда коңшулар менен чек арасын тактоо иштерин жандантат. Анын ичинде Бишкек Кытай менен кесилишкен жерлерин тактоодо Үзөңгү-Кууш жайлоосун Бээжинге алдырды деп айыпталат. Ага байланыштуу нааразылыктар 2002-жылы Аксы окуясына алып келет.

Ошол жылы 17-марттагы каргашалуу Аксы окуясында 6 адам окко учкан. Кийин Бишкекте Аксы окуясына жана Үзөңгү-Кууш чатагына байланыштуу укук коргоочу, экономист Шералы Назаркулов ачкачылык кармап жатып каза тапкан.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев ал окуялар жөнүндө ойлорун ортого салды:

Топчубек Тургуналиев
Топчубек Тургуналиев

“Кытайга жердин берилишине каршы чыгып жаткан Азимбек Бекназаровду Акаевдин бийлиги Жалал-Абадда камакка алган. Азимбекке түрмөдө да кол салышкан. Ал билинип калат да, эл көтөрүлүп чыгат. 27-январда Аксынын Кара-Суу айылында өткөн жыйында мен да болгом. Анан ошол окуяларга эл нааразы болуп чыгып, аны тосуу үчүн Боспиек айылына куралдуу күчтөрдү алып барып, элге кыргын салышкан. Ал жерге Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын буйругусуз курал алып барышмак эмес. Ушул күнгө чейин ошолор окуяларга баа берилген эмес. Мына ушул окуялар да март окуяларынын чыгышына түрткү болду. Акаевдин шиши каканактап толгону, анан динамит катары шайлоодогу акыйкатсыздыктар кызмат кылды да, ошонун баары анын кызматтан кетишине алып келди”.

2003-жылдын 2-февралында өткөн кезектеги референдумда Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтү 2005-жылдын декабрына чейин деп 86,68% менен бекитилген. Бирок 2004-жылы оппозициянын масштабдуу биригүүсү орун алат. 2005-жылы 27-февралда 31 шайлоо округунда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында президенттин кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев депутат болуп өткөн. Бул бийликке нааразылыктарды дагы күчөтөт.

2005-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңешке калган 43 округда шайлоолор болуп өткөн. Анын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баштаган оппозициянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, нааразычылык акциялары башталган. Роза Отунбаева башында турган “Ата-Журт” оппозициялык блогу ишин жанданткан.

2005-жылдын 19-мартында Ошто, 23-мартта Баткен, Кочкор, Өзгөн, Базар-Коргон, Тоң райондорунун борборлорунда элдик курултайлар болуп өткөн. Нааразылык күч алып 2005-жылдын 24-мартында төңкөрүш орун орун алган. Аскар Акаев түнү менен Москвага учуп кеткен.

Орусияда жүрүп курган маектеринин биринде тунгуч президент бул окуяларды көп жолу комментарийлеген. Алардын биринде 2005-жылы бийликти конституциялык жол менен өткөрүп бербегенине өкүнөрүн айткан эле:

Аскар Акаев
Аскар Акаев

“Эгемендиктин алгачкы 15 жылындагы биринчи президент катары бир өкүнүчүм бар. 2005-жылы конституциялык жол менен кийинки президентти шайлатып, бийликти өз колум менен өткөрүп берсем, анда менде өкүнүч болбойт эле. Катасыз чоң иш бүтпөйт, менде каталар да болду. Бирок, тең салмактап келгенде мен Кыргызстан үчүн көп эле пайдалуу иштерди жасадым. Саясий авантюристтер эркин шайлоодон президент шайлана албасына көздөрү жеткендиктен, 2005-жылдын март айында, мен кетерге жарым жыл калганда мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, күч менен бийликти алышты. Ошонун терс кесепети бүгүнкү күнгө чейин уланууда”,-деген Аскар Акаев быйыл “Youtube” порталындагы “Автор ТВ” каналына берген интервьюсунда.

Ошентип, 2005-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында Аскар Акаев Бишкектен барган, курамында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башкалардан турган депутаттар тобу менен жолугуп, өз ыктыяры менен президенттик кызматтан баш тарткан арызга кол койгон. Мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев президенттин милдетин аткаруучу болуп, ушул эле жылы 10-июлда экинчи президент болуп шайланган. Бакиев мурдараак төңкөрүш учурунда абактан бошотулган Феликс Кулов менен тандем түзүп, аны премьер-министрликке дайындаган.

2006-жылы оппозициянын Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Болот Шер, Мелис Эшимканов башында турган өкүлдөрү президент Курманбек Бакиевди конституциялык реформаларга барууга чакырган ири митингдерди башташкан. Ортодо Кулов кызматтан кетип, бийликке каршы “Бириккен элдик фронт” түзгөн.

Бирок 2007-жылы 21-октябрда Бакиев сунуштаган Конституциянын башка – жаңы долбоору кабыл алынган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш таркатылган. 2007-жылдын 16-декабрында Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы шайланып, президент түзгөн “Ак жол” партиясы көпчүлүк добуш алган.

Курманбек Бакиев 2009-жылкы президенттик шайлоодо.
Курманбек Бакиев 2009-жылкы президенттик шайлоодо.

2009-жылдын 23-июлунда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев 76% менен шайланып, экинчи мөөнөткө бийлигин узарткан. 2009-жылдын 26-октябрында президенттин жарлыгы менен, анын уулу Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар боюнча борбордук агенттик - ЦАРИИ түзүлгөн.

2010-жылдын 1-январынан тартып эл үчүн электр кубатына баа эки эсеге өскөн, ар бир телефон чалууларга кошумча 60 тыйын акы киргизилген. 11-мартта “Азаттык” радиосу жабылган. Бул жана башка жагдайлар бакиевдик бийликке карата нааразылыктарды күчөткөн.

2010-жылдын 17-мартында Бишкекте элдик курултай өтсө, 6-апрелде Нарын жана Талас шаарларында митингге чыккан нааразы тараптар облустук администрацияларды басып, элдик бийлик орнотулганы тууралуу кабар таратышкан.

Бул күндөрү Бишкекте, Таласта жана Ошто оппозиция лидерлери биринен сала бири камакка алынган. 7-апрелде Бишкекте митигге чыккандарга карата бийлик тарабынан ок атылып, алгач 87 адам набыт болуп, 1500дөй демонстрант жаракат алган. Акцияга чыккандар Ак үйгө бастырып киришет. Президент Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиев менен Жалал-Абадга качкан.

Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. 2010-жылдын 8-апрели.
Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. 2010-жылдын 8-апрели.

Элдик курултайдын аткаруу комитети бийлик тактан оодарылганын жарыялап, Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттү түзгөн. Отунбаевага Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев орун басар болушкан. Жалпы курамы 14 кишиден турган.

2010-жылдын 14-апрелинде Курманбек Бакиев Ош, Жалал-Абадда өз бийлигин орнотуу аракеттери оңунан чыкпай калгандан кийин алгач Казакстандын Тараз шаарына учуп, андан ары Беларустун Минск шаарына чыгарылып кеткен.

“2010-жылкы “Апрель окуясы” 2005-жылкы “Март окуясынын” идеялары ишке ашпай калганы үчүн болду. Шайлоо калыс өткөн жок, куугунтуктар болду. Акаев баштаган үй-бүлөлүк, кландык диктатураны Бакиев да улантты. Кайсы мамлекетте президент элге мылтык сунуп, ок аттырат? Бул кандай деген адамдын колунан келет? Акаев канча акчаны чыгарып кетсе, Бакиев да ошондой миллардарды өлкөдөн чыгарып кетти. Мына ошолордун баарына Акаевди да, Бакиевди да жоопко тарттыра албай олтурабыз”, -дейт Топчубек Тургуналиев.

“Апрель окуясынан” эки айдан кийин, 10-14-июнь күндөрү Ош, Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кандуу кагылыштар катталган. Анын натыйжасында 442 адам окко учкан. 925 адам ар кандай жаракат алышкан. 545 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

2010-жылдын 27-июнунда – жалпы элдик референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алынган. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ушул эле бүткүл элдик добуш берүү аркылуу өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланып, 2011-жылдын аягына чейин башкарууга бекилет.

Рулда Атамбаев, Жээнбеков жана Жапаров

2010-жылы бийликте Убактылуу өкмөт турганы менен, ошол эле жылы күздө өткөн парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков баштаган “Ата Журт” партиясы биринчи орунда келет. Көп орунду алган саясий топ Жогорку Кеңештин маанайын түзүп, Келдибеков спикер болуп калат.

2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо өтүп, Отунбаеванын тушунда премьер-министр болуп турган Алмазбек Атамбаев 62,52% менен мамлекет башчысы болуп шайланган. Ушул эле жылы 1-декабрда жаңы түзүлгөн көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Өмүрбек Бабановду бекиткен. 21-декабрда болсо Жогорку Кеңештин төрагылыгына Асылбек Жээнбеков олтурат.

2012-жылы Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия Кумтөр боюнча иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында кенге оперативдик башкаруу киргизүүнү сунуштайт. Бул процесс “улутташтыруу” деп аталбаганы менен иш жүзүндө кенди мамлекетке алуу болчу. Бирок Жапаров сунуштаган токтом долбоору өтпөй калат, Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт башка, мамлекеттик комиссия түзөт. Бабанов өзү күздө премьер-министрликтен кетип, анын ордуна Жантөрө Сатыбалдиев дайындалат.

Депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов болсо 2012-жылдын 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу Бишкекте митинг кылып, Ак үйдүн дарбазасынан ашып өтүшөт. Натыйжада үчөө тең камакка алынат. Бул соңку аталган үч саясатчыларды кийин бийликке алып келүүгө салым кошкон окуялардан болуп калат.

Кыргызстан 2015-жылы жайда мурдагы Бажы Биримдиги, жаңыдан Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) деп аталган уюмга кошулат. Натыйжада бажыда бир топ чектөөлөр кирет жана ал азырга чейин нааразылыктарды жаратып келет.

Ушул эле 2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында алты партия утуп чыгат. Биринчи орунду атамбаевчил КСДП партиясы алган.

Соңку референдумда Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө чектөө коюлганына карабай президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 2016-жылы конституциялык реформа жасайт. Бүткүл элдик добуш берүүдө кабыл алынган Баш мыйзамда негизинен премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилет. Бул кезинде Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин кайра өкмөт башчылыкка келиши мүмкүн деген түкшүмөлдөрдү жаратат.

Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. 2017-жылдын 24-ноябры.
Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. 2017-жылдын 24-ноябры.

Ал ортодо Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков 2015-жылы Мамлекеттик кадр кызматына директорлукка бекилип, 2016-жылы президенттин аппаратынын биринчи орун басарлыгына келет. Ушул эле жылы премьер-министрликке секирген Жээнбеков 2017-жылы Атамбаевдин колдоосу менен президенттикке аттанат.

2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо Сооронбай Жээнбеков 54,22% добушун алып, мамлекет башчы болуп калган. Ага курч атаандаштыкты түзгөн Өмүрбек Бабановго шайлоодон кийин кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кызматтан алынышына байланыштуу келишпестиктен улам 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда тиреш башталат. Ал окуянын артынан Атамбаевдин “кол тийбестик” макамы алынат. 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу Атамбаевге кылмыш иши козголуп, 2019-жылы августта камакка алынат. Атамбаев суракка баруудан баш тартканы үчүн укук коргоо органдары анын Кой-Таш айылындагы үйүнө бастырып кирип, атышуу болгон. Анын жүрүшүндө атайын кызматтын бир аскери курман болот.

2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоодо бийликчил “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары көпчүлүк орунду алып калганына байланыштуу, өтпөй калган партиялар Бишкекте нааразылыкка чыгышат. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйгө бастырып киришип, Жээнбековдун администрациясын кууп чыгат. Бул күнү Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров баштаган саясатчылар тобу абактан бошотулат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ошол эле күнү парламент Кубатбек Бороновду кызматтан алып Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткени кабарланат. Бирок парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккандардан түзүлгөн саясий топ анын легитимдүүлүгүнө шек санашып, тааныбай турганын жарыялашат. 14-октябрда резиденцияда парламенттин кеңири курамы Жапаровду кайра шайлайт. 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенин жарыялап, 16-октябрь күнү анын милдети премьер-министр Садыр Жапаровго өтөт.

Саясатчы Бектур Асанов ушул жылдардагы окуяларга сереп салды:

Бектур Асанов
Бектур Асанов

“Бакиевдин бийлигинде “үй-бүлөлүк башкаруу” болсо, Атамбаевдин тушунда деле ошол башка формада уланды. Ал шоопурларын, жан сакчыларын, дагы башка жакындарын бийликке алып келип, ошо менен саясат жүргүздү. Ал керек болсо дагы жаңы ыкма ойлоп таап, “жоош кишини” президенттикке алып келип, көзөмөлдөөнү ишке ашырам деди. Бирок анысы ишке ашпай калды. Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен чыгып кетип тескерисинче, кайра анын өзүн камады. Бирок Сооронбай Жээнбеков деле жакындары, туугандары, кудалары менен, кыскасы “олигархат” менен чогуу саясат жүргүздү. Парламентти да “кол балага” айланткысы келди. Ошонун баарынын жыйынтыгы “октябрь окуялары” болду. Бүгүнкү бийлик “олигархат” менен келишимди жаңыдан түздү да, мурдагыдай саясатты улантууга аракет кылып жатат. Эрежелерди бир аз өзгөртүштү, бирок ыкма ошол эле. “Олигархат” кайсы бийлик келсе да тилин таап, кайрадан кучагына кирип алат экен”.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, анда Садыр Жапаров дээрлик 80% добуш менен утуп чыгат. Ушул эле күнү “президенттик” жана “парламенттик” башкарууну тандаган референдум да өтүп, анын жыйынтыгында биринчиси тандалат. Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтүп, расмий түрдө ишке киришет.

Садыр Жапаров инаугурациясында. 28-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров инаугурациясында. 28-январь, 2021-жыл.

Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө негиз берген Жаңы конституция 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу өткөн референдумда кабыл алынып, президент Жаңы баш мыйзамды 5-майда кабыл алат. Жаңы редакциянын алкагында премьер-министр кызматы жоюлуп, Министрлер кабинети түзүлөт.

Садыр Жапаровдун тушундагы эң талылуу окуялардын бири быйылкы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы “Баткен окуясы” болуп калды. Баткендеги “Башкы” суу бөлүштүрүүчү жайды талаштан улам тажик тарап Кыргызстандын айылдарына бастырып кирип, чатак чыккан. Куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Президент Садыр Жапаров алгачкы билдирүүлөрүндө окуяга баа берүүдөн карманып турса, кийинкилеринде аны “өлкөнүн бүтүндүгүнө шек кетирүү” катары баалаган. Бирок кыргыз президенти эки айдан соң, 28-29-июнда иш сапар менен Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жолуккан. Башка маселелерден сырткары андагы сүйлөшүүлөрдө чек ара темасы да кеп болгон.

Коомчулукта президентти чек арадагы чатакты коңшу өлкөнүн агрессиясы катары тааныбаганы жана ошого жараша кадамдарга барбаганы сынга кабылган. Кийин кайра коңшу өлкөгө барганын айыптагандар чыкты.

Жылдыз Жолдошева аз күн алдын блогер Майраш Базлакуновага берген маегинде окуяны мындайча баалады:

Жылдыз Жолдошева
Жылдыз Жолдошева

“Үйүмө бастырып кирип, өрттөп жатса, балдарымды өлтүрүп жатса, мен эмне эл аралык уюмдар эмне дейт деп олтурушум керекпи? Мен да атышым керек болчу. Садыр Жапаровдун бийлиги катуу жооп бериш керек болчу. Мен Тажикстандын аймагына кол салгыла дебейм, биздин аймакка кирип келгендерге керек болсо бомба ташташ керек болчу. Азыр мамлекеттин, улуттун намысын тебелетип койду. Жер карап калдык. Андан дагы Эмомали Рахмон чакырса, Жапаров эмне үчүн Тажикстанга барып жатат? Маселе жок, сүйлөшүүгө барыш керек, бирок үчүнчү өлкөдө, нейтралдуу аймакта кездешиш керек болчу. Мына ушул окуялар үчүн азыркы бийликтегилер кийин сөзсүз жооп беришет”.

Садыр Жапаровдун бийлиги быйыл майда өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине сырттан башкаруу киргизип, Кыргызстанга кайтарып алган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кенге байланыштуу 1992-жылдан 2019-жылга чейин келишимдердин бардыгын жокко чыгарып, денонсациялоо процессин баштаган.

Анын ичинде келишимдерди жана башка документтерди кабыл алууга тиешеси бар мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Игорь Чудинов, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Мухаммедкалый Абылгазиев, экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров жана башкаларга айып тагылган.

Булардын көбү камакта, бир бөлүгү иштин мөөнөтү өтүп кеткени үчүн “жоопкерчиликке тартылды” деп эсептелип, бирок бошотулган. Акаев Орусиядан келип, бир апта сурак берип, кайра учуп кеткен.

УКМК жаңы эпизоддордо кылмыш аныкталса экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Сапар Исаков баштаган аткаминерлерге айып тагыларын эскерткен. Атамбаев башка иштер боюнча камакта олтурат, Исаков чет жакка качып кеткен.

Кыргызстандын мындан аркы багыты

Кыргызстандын отуз жылдык жаңы тарыхында саясий жана экономикалык суверенитет жөнүндө талкуу ар дайым күн тартибинде туруп келди.

Талдоочулардын көбү “өлкөнүн бийлиги дайыма Орусиянын көзүн карайт” деп айыпташса, башкалары “бул экономикалык чабалдыктан улам жаралган аргасыз жагдай” деп мүнөздөп жүрүшөт. Ошол себептүү саясий чөйрөдө Кыргызстанды кайсы бир өлкөлөргө көз карандылыктан толук чыгаруу азыркы бийликтин жана келерки бийликтердин негизги милдети болушу керек деген жүйөлөр арбын.

Саясатчы Бектур Асанов кайрадан кепке кошулду:

“Эгемендиктин алгачкы жылдары биз көз карандылыкты байкачубуз, бирок моюн бербегенге аракет кылганбыз. Акаевдин, Бакиевдин тушунда деле “державага” кылчактаган саясат кармап келдик. Эң акыры Атамбаевдин тушунда ЕАЭБге кирдик да “чоң байкеге” толук көз каранды болуп калдык. Бүтүндөй бир мамлекеттин айтканына чыга албай калдык. Сооронбай Жээнбеков да ал өлкөнүн айтканынан чыга алган жок, бүгүнкү президент Садыр Жапаров да андан чыга албайт. Мамлекет качан гана көз каранды эмес саясат жүргүзө алганда гана өз жолубузду табабыз. Ансыз өнүгө албайбыз. Мисалы, биз 20 жылдан ашык убакыттан бери транзиттик темир жол кура албай келатабыз. Анткени “арттагы держава” уруксат бербейт. Биздин өнүгүп кеткенибиз, байып кеткенибиз аларга керек эмес. Бул бир эле мисал, өз алдыбызча саясат жүргүзө албаганыбыздан улам мындан башка толтура иштерди ишке ашыра албай жүрөбүз”.

20 жылча мурдагы “Баткен коогалаңы” да Кыргызстандын коопсуздугун чыңдоосу керектигин көрсөткөн. Бирок быйыл майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар өлкө бул жаатта көп жетишкендиктерге жетпегенин дагы бир жолу аныктады.

Ооганстанда террордук деп саналган “Талибан” кыймылынын бийликке келиши, Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да коркунуч жаратууда. Бул өлкөдөгү абал оошсо Ала-Тоодо да диний радикалдык абал чыңалышы мүмкүн. Мына ошондуктан адистердин узун катмары бийликке көп коопсуздук боюнча көп эскертүүлөрдү берип келет.

Коомдук ишмер Максат Чакиев мурдараак берген маегинде Кыргызстан эми тышкы саясатка көңүл бөлүп, аны менен бирге ички саясатты кайра карап чыгышы керектигин айткан эле:

Максат Чакиев
Максат Чакиев

“Биринчи кезекте тышкы саясатты кайра карап чыгып, жаңы доктринаны кабыл алышыбыз шарт. Буга чейин Орусиянын көзүн карап, толгон-токой уюмдарга кире бергенбиз, аларга такыр ишенбей, өз алдыбызча саясатка акырындан өтүшүбүз кажет. “Көп векторлуу” же жөн эле “векторлуу” деген саясаттан кайтып, керек болсо Кыргызстандын гана кызыкчылыгын алдыга койгон саясатка өтүшүбүз керек. Баары менен дос боло берели, бирок алардын айтканы менен жашабашыбыз керек. “Манастын тукумубуз, биз улуу элбиз, мыктыбыз” деген өзүбүздү алдамай ички саясатты токтотушубуз керек. Бул кайра эле өзүбүздү алдоого, эйфорияга алып келет. Биз сергек ой жүгүртүп, эмнеге даярбыз, эмнеге даяр эмеспиз деген суроолорго жооп таап алалы. Кадрдык саясатты оңдоп, экономиканы көтөрүшүбүз керек. Андан кийин стратегиялык тармактарга басым жасашыбыз керек. Маданият, социалдык тармактар да маанилүү. Бирок коргонуу жана коопсуздук биз үчүн эң маанилүү экенин аңдоого мезгил жетти”.

Башка маселе, Кыргызстандын экономикасы анчалык кубаттуу эмес. Акыркы жылдары ал тургай кыйла артка кетип жатат. Кымбатчылык, жакырчылык, жумушсуздук, маянанын жана жөлөкпулдун аздыгы бийликке нааразылыктарды күчөтүүдө.

Анүстүнө шайлоолордогу алешемдик, добуш сатып алуулар жана акчалуулардын парламентке келиши да мурдатан социалдык жарылуулардын башаты болуп келген. Азыр да алдыдагы Жогорку Кеңештин шайлоосу опурталдуу болуп турат. Анда да жалаң бийликчилдер утуп чыкса каршылыктар күчөйт деген жоромолдор бар.

Бир эле бул шайлоо эмес, келечектеги шайлоолор, бийликтин терс аракеттери жана башка ушуга окшогон жагдайлар ар дайым элдик толкундоолор тобокелдигин сактап турат. Кээлери үчүнчү жолу бийлик күч менен алмашкандан кийин эле “төртүнчү жолу төңкөрүш болбойбу?” деген суроону коюшкан. Мындай суроо коомдо дагы деле бар.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушул күндөрү жасаган видео кайрылуусунда аталган тема жөнүндө ой толгоолорун жарыялаган. Ал Эл аралык республикалык институттун (IRI) узак жылдардан берки сурамжылоолорун мисалга тартып, калкта нааразылыктын пайыздык көрсөткүчү көбөйгөн учурларда төңкөрүш болуп кетип жатканын белгилеген.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Үч жылдан бери өлкө саясий кризисте. Кризис Атамбаев-Жээнбеков аттуу эки достун мамлекетти алмак-салмак, кезектешип башкарабыз дегенинен улам башталган. Ал эми бүгүнкү эки дос Кыргызстанды талашып, жарышып башкарып жатышат. Мындай башкаруунун ыкмасы өлкөнү кризистен чыгаруунун ордуна андан ары дагы кризиске батырат. Шайлоодо эски ыкмалар колдонулуп, өткөндө бийлик партиясында жүргөндөр шапкесин алмаштырып, кайра жаңы бийликтин партиясына кирип, шайлоо туура эмес өтсө, бул дагы көтөрүлөт. Натыйжада нааразылык калктын 50% түзүп калат. Эгерде бизди оор кыш күтүп турганын, финансы-экономикалык кризисти эске алсак, башкаруу системасындагы кризис улана берсе жазда нааразылар тобу 60-70% чейин тээп, көтөрүлүп калат. Ошондо өлкөдө төртүнчү жолу революция болуу коркунучу пайда болот”,-деди Өмүрбек Текебаев.

Ошентип эгемен Кыргызстандын тарыхында жалпы алты президент, отуздан ашык өкмөт башчы алмашкан, парламент алты жолу шайланган. Эки палаталуу Жогорку Кеңештеги төрагаларды кошуп санаганда жалпы жыйырмадай спикер кызмат кылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG