Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Бишкекте "Таңшы комуз" иш-чарасы өтөт


Комуз.
Комуз.

Бишкекте 9-сентябрь - комуз күнүнө карата "Таңшы комуз" аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чара Коомдук телеканал менен биргеликте уюштурулуп, Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында өтөт.

Ага белгилүү комузчулар, Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын "Акак" комузчулар ансамбли, Петр Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин улан-кыздары катышат. Концертти "Маданият. Тарых. Тил" телеканалынан түз эфирде көрсө болот.

2019-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда 9-сентябрь комуз күнү деп жарыяланган.

Комуз - кыргыз элинин чертме музыкалык аспабы. Ал өрүк, жаңгак, арча жана башка бир катар жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кайнатылып, ышталып чабылган комуз бек жана добуштуу болот. Комуз турпаты баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат.

Кыргыз салттуу музыкасынын басымдуу бөлүгү комуз менен байланыштуу. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG