Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

Атамбаевдин тарапташтарынын митинги болбой калды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө байланыштуу Бишкекте пландалган митинг болбой калды. Анын ордуна Кой-Таш айылында майрамдык маданий иш-чара өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Апрель" телеканалына билдирди.

"Митингге катыша турган адамдардын саны көбөйүп кеткендиктен, мен уюштуруу комитетине ушундай сунуш киргиздим. Башка адамдар болгондон кийин башка кадамдар, башка кадамдар болгондон кийин башка талаптар болот. Анан башаламдык башталып кетиши мүмкүн. Жоопкерчилик биздин моюнубузда болуп калат. Бул шайлоонун алдында саясий туруктуулукту чайпалтып коюшу мүмкүн. Бул партиянын дагы беделине чоң доо кетирет деп, түптөлүп калган саясий, социалдык-экономиакалык кырдаалды эске алып митингди болтурбоо тууралуу чечим кабыл алдык. Бул саясий иш-чара болчу, анын ордуна маданий иш-чара өткөрө турган болдук. Аны туугандары уюштурат. Бул сунушка балдары (Атамбаевдин - ред.) Кадыр, Сейит дагы макул болду", - деген Момбеков.

Буга чейин 17-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында митинг болору айтылып жаткан. Бул күнү Атамбаев 65 жашка чыгат.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда. (KЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG