Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

КМШ оюндарында Кыргызстан самбодон беш коло байге алды


Самбо боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы. 7-сентябрь, 2021-ж. Казан, Татарстан.
Самбо боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы. 7-сентябрь, 2021-ж. Казан, Татарстан.

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында кыргызстандык беш спортчу самбо боюнча таймаштарда коло байгенин ээси болду.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 7-сентябрда самбо боюнча эркектер жана кыздар арасында жети салмак боюнча таймаштар өттү. Анын жыйынтыгында кыздар арасында Канышай Аманкулова (50 кг) жана Элла Мусаева (+80 кг), эркектер арасында Алай Сартов (71 кг), Тимурлан Токтоболотов (88 кг), Алымбек Адил уулу (98 кг) 3-орунду ээледи.

Азыркы тапта Кыргызстан эки алтын, 10 күмүш жана 23 коло байге менен бир тепкичке төмөндөп, 6-катарда бара жатат.

Алдыңкы үч сапта Орусия (63 алтын, 20 күмүш, 22 коло), Өзбекстан (16 алтын, 25 күмүш, 18 коло) жана Азербайжан (11 алтын, 6 күмүш, 15 коло) жайгашкан.

Кыргызстанга алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн 55 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы жана бел боо күрөшүнөн 100 килограмм салмакта Нурмамбет Раймалы уулу утуп берди.

КМШ мамлекеттеринин оюндары биринчи жолу өтүп жатат. Ага тогуз мамлекеттен 14 жаштан 23 жашка чейинки 1600 спортчу катышып, спорттун 16 түрүнөн 182 комплект медал үчүн күч сынашууда. Кыргызстандын делегациясында 163 өкүл бар. Кыргызстандыктар спорттун 13 түрүнөн мөөрөй талашат. Оюндар 11-сентябрда жыйынтыкталат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG