Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Балбан Нурмамбет Раймалы уулу КМШ оюндарынын чемпиону болду


Нурмамбет Раймалы уулу. 5-сентябрь, 2021-жыл.
Нурмамбет Раймалы уулу. 5-сентябрь, 2021-жыл.

Ушул күндөрү Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин оюндарында кыргызстандык балбан Нурмамбет Раймалы уулу алтын медал тагынды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, ал 5-сентябрда бел боо күрөшүнөн 100 килограмм салмакта финалда казакстандык Зангар Жанабекти жеңип алды.

Бул күнү Раймалы уулунан сырткары күрөштүн ушул эле түрүнөн кыргызстандык спортчулар беш күмүш жана эки коло байге алышты.

Күмүш байгелерге Калысбек Кайымов (62 кг), Хабибулло Тынчтык уулу (68 кг), Дастан Акылбеков (75 кг), Баяман Мыктыбеков (90 кг) жана кыз-келиндер арасында Айжан Анарбекова (+76 кг) татыды. 3-орунга Арсланбек Турдубеков (+100 кг) жана Кенжебай Нарынбай уулу (57 кг) ээ болду.

Нурмамбет Раймалы уулу бул КМШ оюндарында буга чейин грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта коло медал тагынган.

5-сентябрдагы мелдеш жыйынтыгы менен учурда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан КМШ оюндарында Кыргызстандын эсебинде эки алтын, тогуз күмүш, 14 коло байге бар. Медал алган өлкөлөр арасында Кыргызстан азырынча 5-орунда бара жатат.

Буга чейин 4-сентябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 55 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы алтын медал тагынган. Ал финалда орусиялык Александра Скиренкону жеңип алган.

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин оюндары 11-сентябрга чейин уланат. Ага 9 мамлекеттен 14 жаштан 23 жашка чейинки 1600 спортчу катышып, спорттун 16 түрүнөн 182 комплект медал үчүн күч сынашат. Кыргызстандын делегациясында 163 өкүл бар. Кыргызстандыктар спорттун 13 түрүнөн мөөрөй талашат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG