Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

"Адилет" резиденцияда жашагандарга кызыкты


"Ала-Арча" резиденциясы.
"Ала-Арча" резиденциясы.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы "Адилет" укуктук клиникасынын мамлекеттик резиденцияда жашагандар тууралуу суроосуна белгиленген мөөнөттө жооп берилерин билдирди.

Аталган уюмдун башчысы Чолпон Жакупова аларга бул жайда жашап жаткандар, ал жактагы бейрасмий иш-чаралар жана бюджеттен корогон акча тууралуу маалымат, түшүндүрмө сурап кайрылган. Анын алдында Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында атайын кызматттын төрагасы Камчыбек Ташиев жашап жатканы, жакында эле уулунун үйлөнүү тоюн өткөргөнү тууралуу талаш-талкуу көбөйгөн.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова президент Садыр Жапаровго кайрылып, резиденцияга байланыштуу бир канча суроо берди. Ал мамлекет башчынын "Ала-Арча " резиденциясында учурда кимдер, кандай шартта жашап жатканын коомчулук билиши керектигин билдирди.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

"Кайрылганыма Камчыбек Ташиев уулунун үйлөнүү тоюн өткөргөнү тууралуу коомчулукта олуттуу талкуунун жаралышы себеп болду. Биз ал жакта азыр кимдер жашап жатканын билбейбиз. Ачык маалымат булактардан да ал жакта кимдер жашап жатканы тууралуу маалымат таба алган жокпуз. Бул деген Камчыбек Ташиев ал жакта жашаганга укугу жок дегенге, же андан күмөн саноого жатпайт. Жаңы Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укугу абдан чоң. Анын жарлыгы менен министрлердин баары жашап алса болот. Бизге, юристтерге ал жакта кимдер жашап жатканы кызык болду. Эгер Ташиев президенттин жарлыгына ылайык жашап жатса, биз ошол жарлыкты көрсөткүлөчү, дегеле жашап жаткандардын тизмесин бергилечи деп жатабыз".

“Адилеттин” маалыматына ылайык, президенттин иш башкармалыгына быйыл бюджеттен 662 миллион сом бөлүнгөн, бул былтыркыга караганда 8 миллион сомго көп.

"Бюджеттен барган сайын акча көп бөлүнүп жатат, бирок башкаруунун сапаты өзгөргөн жок. Экинчиден, "биздин экономикалык абалыбыз начар, белиңерди бекем буугула, бул деген глобалдуу экономикалык каатчылык, бизге дагы кесепети тиет" деп бизди улам-улам эле коркутуп жатышат. Ошол эле учурда улам бир башка салыкты ойлоп табышат, бизнести кысышат. Биз ушул маселени изилдеп жатып, президенттин иш башкармалыгына быйыл 8 миллион сомго көп каражат бөлүнгөнүн билдик. Ошондуктан эмнеге эл эле белин бекем бууй бериш керек, ошол эле убакта булар жыргай бериши керектигин билгим келди. Эл ансыз деле азыр нааразы болуп жатат", - деди Жакупова.


Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул кайрылууга белгиленген мөөнөттө жооп берилерин "Азаттыкка" билдирди.

"Президенттин администрациясына "Адилет" укуктук клиникасы” коомдук фондунун директору Чолпон Жакупованын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашаган тараптар тууралуу кайрылуусу келип түштү. Кайрылуу белгиленген тартипте каралып, жообу арыз ээсине жөнөтүлөт".

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов менен байланышканбызда ал комментарий берген жок.


Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Камчыбек Ташиевдин резиденцияда жашап жатканы тууралуу комментарий берилбей турганын билдирген. Деген менен Ташиевдин тарапташтары муну каралоо катары сыпаттап келишет.

"Ал резиденцияда жашап жатат, той өткөрдү деген сөздөр каралоонун гана бир ыкмасы. Мен ал кишини жакшы билген адам катары айтып жатам", - деген жарандык активист Мукай Керимбаев.

Буга чейин Ташиев "Ала-Арча" резиденциясында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган үйдө жашап жатканын, уулунун үйлөнүү тоюн өткөргөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ал бул үй мамлекеттин акчасына салынбаганына токтолду.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

"Эл ким мамлекеттин эсебинен жашап жатканын билиши керек. Анткени алар элдин салыгына жашап жатат. Кайсы үйдө, ким, кандай макам менен жашап жатканын коомчулук билиши керек. Экинчиден, Камчыбек Ташиев жашап жатат деген үйдү мамлекет салган эмес. Ал үйдү Алмазбек Атамбаев өз каражатына салдырган. Ал үйдү өткөрүп берген, бирок аны резиденция өз балансына алдыбы же жокпу, менде так маалымат жок экен. Бирок ал бекер салынган үй да. Алмазбек Атамбаев аны өзүнө салдырган. Кийин ар кандай сөздөрдөн кийин мамлекетке өткөрүп бергенин өзү айткан".

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал "Азаттыкка" резиденцияда кимдер, кантип жашай турганы жөнүндө айтып берди.

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

"Мамлекеттик резиденцияда президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, экс-президенттер, Турдакун Усубалиевдин жана Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү жашайт. Анарбек Бакаев, Курамаевдер илгери менчикке чыгарып алышыптыр. Ошондой эле, Абсамат Масалиевдин үй-бүлөсү жашачу. Алардан сырткары биздин убакта президент уруксат берген башка мамлекеттик органдардын башчылары жашачу. Булар президенттик администрациянын башчысы, Бишкек шаарынын мэри, УКМКнын төрагасы, президенттин жардамчысы болушу мүмкүн. Бирок ошолордун ичинен президенттин гана үйү мамлекеттин эсебинен каржыланат. Калган адамдардын баары жарыкка, сууга, газга, дагы башка кызматтардын баарына, тамак-аш үчүн акыны өздөрү төлөйт. Төрага Жогорку Кеңештин бюджетинен төлөйт, премьер-министр өкмөттүн бюджетинен төлөйт, калгандарынын баары өз чөнтөгүнөн төлөйт".

Түлөбаев резиденцияда той-аш өткөрүү өңдүү бейрасмий иш-чараларга байланыштуу дагы эреже-тартипти түшүндүрдү.

"Резиденция ичинде Конгресс-холдун жертөлөсүндө, жаңы курулган боз үй тибиндеги үйдүн, ар жактагы Ысык-Көл деген жерлерде 100-200 кишилик залдар бар. Ал залдарга төлөсө, мен да барып той өткөрсөм болот. Сиз дагы той өткөрсөңүз болот. Бирок алардын белгилүү бир шарттары бар. "Мобул жерден чыкпайсыңар, убакыт ушунчада бүтөсүңөр, ушул жерге машинелерди коесуңар" дегендей чектөөлөрү бар. Каалаган эле киши резиденцияда жай бош болсо, алар макул болсо, акчасын төлөсө той өткөрсө болот. Бул коммерция. Ошол жерде хан сарайларды ижарага алып, конок жаткырса дагы болот. Ал жакта белгиленген баасы бар. Ал жакта чынында эч ким деле той бергиси келбейт, анткени "андай баспа, мындай баспа" деп айласын кетиришет. Бирок бул жерде ачык маалымат керек. Той берилсе, талкуу жаралса иш башкармалыктан бирөө чыгып айтышы керек эле. "Ташиев той өткөрсө болот, өзү акчасын төлөйт, мага демектен ошол жерде күндө той берсе да болот, ага мыйзам жол берет" деп ачык эле айтышы керек да. Анын эмнесин жашырышат?".

Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы, маркум Абсамат Масалиевдин уулу, экс-депутат Исхак Масалиев ата-энеси менен резиденцияда жашаган учурдан кеп салды. Анын пикиринде, учурда резиденцияга байланыштуу суроолорго ачык жооп берилиши керек.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Союздун тушунда Борбордук комитеттин биринчи катчысы, экинчи, үчүнчү катчысы жашачу. Министрлер кабинетинин башчысы эки орун басары жана айрым министрлер турчу. Эсимде, тамак-ашты өзүбүз сатып алып, тамакты апам өзү бышырчу. Ашканадан тамак алчу эмеспиз. Негизи ал жерде кимдер жашай алары тууралуу тизме болушу керек. Анткени ал жерде 15-20 дача бар. Мен билгенден дагы бир топ мейманканалар бар. Эң негизги маселе ал жерде ким жашаганы эмес, ким төлөйт деген маселе. Тамак-ашка, үйдү жыйнаганга ким төлөйт, ошону караш керек. Ал жерде саналуу гана адам жашашы керек, анан айрыкча эл кыйналып жатканда аларга өзгөчө бир шарт түзүлбөшү керек. Чолпон Жакупова туура эле маселе көтөрүп жатат, муну эл билиши керек".

Азыр резиденцияда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков дагы жашайт.

Ал эми экс-мамлекет башчы Роза Отунбаева быйыл жыл башында резиденциянын кызматын пайдалануудан баш тарткан жана учурда ал жакта жашабайт. Бул тууралуу "Отунбаеванын демилгелери" фонду билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG