Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:51

КМШ оюндары: Кыргызстандын эсебине дагы беш байге кошулду


I КМШ оюндарынын күрөш  боюнча 120 килограмм салмактагы байге ээлери. 6-сентябрь, 2021-жыл. Казан, Татарстан.
I КМШ оюндарынын күрөш  боюнча 120 килограмм салмактагы байге ээлери. 6-сентябрь, 2021-жыл. Казан, Татарстан.

Ушул күндөрү Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан алгачкы КМШ оюндарында спорттун күрөш түрүнөн (көреш, бел боо күрөшүнүн бир түрү) кыргызстандык балбандар бир күмүш, төрт коло байгеге ээ болушту. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак 6-сентябрда Кыргызстандын эсебине күмүш байгени Арсланбек Турдубеков (120 кг) алып келди. Коло байгелерге Баяман Мыктыбеков (100 кг.), Нурканат Кайыпбердиев (65 кг), Бекмамат Бейшенов (70 кг) жана Бакберди Мирсланбеков (85 кг) ээ болду.

Арсланбек Турдубеков (+100 кг, коло) жана Баяман Мыктыбеков (90 кг, күмүш) бир күн мурда бел боо күрөшү боюнча таймаштарда да байгелүү болушкан.

6-сентябрдагы мелдеш күнүнүн жыйынтыгында азырынча Кыргызстан эки алтын, 10 күмүш жана 18 коло байге менен медал алган өлкөлөрдүн арасында 5-катарда келе жатат. Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн 55 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы жана бел боо күрөшүнөн 100 килограмм салмакта Нурмамбет Раймалы уулу алды.

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин оюндары 11-сентябрга чейин уланат. Ага 9 мамлекеттен 14 жаштан 23 жашка чейинки 1600 спортчу катышып, спорттун 16 түрүнөн 182 комплект медал үчүн күч сынашууда. Кыргызстандын делегациясында 163 өкүл бар. Кыргызстандыктар спорттун 13 түрүнөн мөөрөй талашат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG