Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Былтыр КТРКга бюджеттен 371 миллион сом жумшалды


КТРКнын студиясы.
КТРКнын студиясы.

Жогорку Кеңеш 8-сентябрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) 2020-жылдагы иши жөнүндө КТКРнын Байкоочу кеңешинин отчетун укту. Жыйында телекомпаниянын директору Бактияр Алиев каналдын бюджети боюнча маалымат берди.

“2020-жылы каналдын бюджети 523 миллион сом болду. Анын ичинен республикалык бюджеттен 371 миллион сом камсыздандырылды. КТРКга түшкөн кирише 92 миллион сомду түздү. Анын ичинен шайлоодон 40 миллион, жарнамадан 38 миллион, имаратты жана жабдыктарды ижарага берүүдөн 1 миллион 700 миң сом, эфирдик убакыттан 54 миң сом, жүгүрмө саптан 2 миллион 900 миң сом, лицензия сатуудан 723 миң сом, грант жана демөөрчүлөрдөн 3 миллион 549 миң сом, дагы башка булактардан 3 миллион 755 миң сом түштү”.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Мамлекеттик телеканалга коомдук деген макам берилген. Анда бийлик каналдын бейтарап иштөөсүнө шарт түзүүнү көздөгөн. Ага байланыштуу каналдын редакциялык саясатын көзөмөлдөө үчүн байкоочу кеңеш түзүлгөн. КТРКнын байкоочу кеңеши 15 адамдан турат.

Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: “КТРК”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, “Балдар FM” радиолору бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG