Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Октябрь окуялары: Канат Сагымбаев милицияга чакырылды


Канат Сагымбаев.
Канат Сагымбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу милицияга сурак берүүдө.

Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев "Азаттыкка" кабарлады. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да Сагымбаев айып коюлганы тууралуу билдирмени алууга милицияга чакырылган.

Канат Сагымбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалган. Ал №1 тергөө абагына камалып, 2020-жылы 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары тарабынан бошотулган.

Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына шектүү катары тергеле баштаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда Сагымбаевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Октябрь окуяларына байланыштуу буга чейин оппозициялык саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камалган. Анын адвокаты Кантемир Турдалиев Молдокматовго дагы төрт кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилгенин 7-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.

Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG