Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

"Кыргызкөмүргө" жаңы жетекчи дайындалды


Мирлан Жакыпов солдо.
Мирлан Жакыпов солдо.

Мирлан Жакыпов мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасына директор болуп дайындалды. Аталган ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы жетекчини жалпы жамаатка энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды.

51 жаштагы Жакыпов 2014-жылы "Кыргызкөмүрдү" жетектеген.

3-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишкананын директору Канатбек Ашырбаевди жана “Кара-Кече” филиалынын эсепчисин кармаган. 5-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Ашырбаевди 3-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган. Ушундан кийин мамлекеттик ишканага Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Марат Турдубаев жетекчи болуп келген.

УКМК Ашырбаев Кара-Кече кенинен казылып алынган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алганы үчүн айыпталып жатканы кабарланган.

Экспертизанын жыйынтыгында, атайын кызмат билдиргендей, казылып алынган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөн. Айыпталып жаткандар комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG