Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Нарында ЖМК өкүлдөрүнүн медиафоруму башталды


Нарында ЖМК өкүлдөрүнүн медиафоруму өтүп жатат. 8-сентябрь, 2021-жыл.
Нарында ЖМК өкүлдөрүнүн медиафоруму өтүп жатат. 8-сентябрь, 2021-жыл.

8-сентябрда Нарын шаарында “Ийгиликке кадам” медиафоруму башталды. Ага өлкө боюнча 80ден ашык журналисттер катышууда. Форумдун темасы "Аймактык жалпыга маалымдоо каражаттары бүгүн жана эртең" деп аталат.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышууда.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштуруп жаткан жыйында аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болот. Кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулаган жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууну көздөгөн "Ийгиликке кадам" медиафоруму ар эки жылда бир жолу ар кайсыл облуста өткөрүлүп турат.

Алгачкы жыйын 2019-жылы Ош шаарында болгон. Экинчи медиафорумду өткөрүүгө IFEX, USAID, IFES, Kyrgyz Concept уюмдары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси көмөк көрсөтүүдө. Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо алкагында облустардагы мамлекеттик телерадиокомпаниялар жана гезиттер өз алдынча медиа-борбор болуп бириктирилген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG