Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Футбол: Кыргызстан Бангладешти 4-1 эсеби менен утту


Кыргызстан менен Бангладештин оюну.
Кыргызстан менен Бангладештин оюну.

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкекте жыйынтыкталган "Үч улуттун кубогу" эл аралык футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы жеңүүчү болду. Бул күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Бангладеш курама командасы менен ойноп, 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргызстанга тиешелүү голдорду Элдар Молдожунусов (10-мүнөт), Алимардон Шүкүров (39-мүнөт), Турсунали Рустамов (46-мүнөт) жана Бактияр Дүйшөбеков(90-мүнөт) киргизсе, Бангладешке таандык бир голдун автору Махбубур Рахман болду. Оюнду президент Садыр Жапаров дагы келип көрдү.

"Үч улуттун кубогу" эл аралык мелдеши 2-сентябрда башталган. Ага Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышты. Алгач Кыргызстан 2-сентябрда Палестина курамасы менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш курама командалары беттешип, Палестина 2:0 эсебинде утуп алган.

Кыргыз футбол бирлиги уюму билдиргендей, аталган мелдеш Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы үчүн 2023-жылы Кытайда белгиленген Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдыктын алкагында өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG