Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

COVID-19: Төрт бейтап каза болуп, 97 жаңы учур катталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 8-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан төрт киши каза тапты.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2561 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 97 адамдан табылды. Көпчүлүгү Бишкек шаарында (47), андан кийин Чүй (22) жана Ысык-Көл облусу (11) турат. Калган аймактарда вирусту жуктургандардын саны 2ден 4 кишиге чейин.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 779 кишиге жетти.

Алардын 721и ооруканада жатат, дагы 1134 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 166 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 911 киши. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG