Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:50

Абактагы Молдокматовго дагы үч иш козголду


Жеңиш Молдокматовдун тарапташ-санаалаштары анын камалышын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Камактагы оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовго октябрь окуяларына байланыштуу дагы үч берене менен айып коюлду. Милиция 8-сентябрда былтыркы бийлик алмашуу менен аяктаган тоз-тополоңдон улам мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге да айыптуу экени тууралуу билдирме берди.

"Туран" партиясынынын лидери Жеңиш Молдокматовго ал дагы үч беренеге ылайык шектелип жатканы тууралуу билдирме берилгенин "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Адинай Шаршеева маалымдады.

"Жеңиш Молдокматовго Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык башаламандык") 257-беренеси, ("атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу", 309-беренеси ("бийликти күч менен басып алуу", 355-беренеси ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө".


Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев ал билдирмеге кол коюудан, көрсөтмө берүүдөн баш тартканын маалымдады.

"Мен өмүрүмдө мындай мыйзамсыздыкты көргөн эмесмин. Таң калып, оозум ачылып отурат. Тергөөнүн айтуусунда, октябрь окуялары учурунда жоголгон курал-жарактан баштап бардык кылмышты Молдокматов кылыптыр".

Молдокматовду милиция май айында камаган. Алгач октябрь окуяларында "атайын кызматтын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып коюлган. Көп өтпөй берене өзгөрүп, "октябрь окуяларында калайман башаламандык уюштурган" деген кине тагылган.

Июлда саясатчыга дагы бир айып коюлганы белгилүү болгон. Тактап айтканда, 9-октябрдагы тополоңго байланыштуу Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмүнө ("калайман башаламандыкты уюштуруу") ылайык шектүү экени тууралуу кабарлама берилген. Ага чейин ИИМ 9-октябрь окуясы боюнча ушундай эле айыпты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы угузган. Адвокат Замир Жоошев айып коюудагы далилдерден күмөн санады.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

"Жеңиш Молдокматовго коюлган төрт берененин бирөө жеңил экен. Экөө оор, бирөөсү болсо өтө оор кылмыш болуп эсептелет. Негизи оор кылмыштардын жазасы беш жылдан он жылга чейин, ал эми өтө оор кылмыштарга 10 жылдан жогорку жаза каралган. Бул саясий өңүттөгү иштер. Мындай иштерде далили жок эле айып таккан учурларга күбө болуп жүрөбүз. Ал окуяларда ким кимге кол салды, ким башаламандык баштаганын баарыбыз эле көрбөдүк беле. Кантип эле жабыр тарткан адамды тескерисинче уюштуруучу кылып коет? ".

Былтыр, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Атамбаев, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери жана айрым активисттер митингге чогулган.

Садыр Жапаровдун колдоочулары болсо эски аянтка топтолгон. Көп өтпөй борбордук аянттагы акция үзгүлтүккө учурап, ага катышкандар Жапаровдун тарапташтарын айыптаган, алар дооматты четке каккан. Ошол күнкү тоз-тополоңдо курал колдонулуп, ок атылган. Соцтармактарда Атамбаевдин автоунаасы аткыланганы тууралуу видеолор жарыяланган.

Мурдагы министр Тилек Токтогазиев октябрь окуларында Ала-Тоо аянтында жүргөн.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

"Ушул беренелер менен анда азыр бийликте отургандарды дагы отургузуш керек. Анда кайра Сооронбай Жээнбековду ордуна алып келип, мурдагы бийликке баарын бошотуп берип коюш керек. Эгер андай болбосо мыйзам баарына бирдей иштеши керек да. Жеңиш Молдокматовго ушундай айыптар коюлуп жатса, анда прецедент жаратып жатат. Бул прецедент калгандарына, бизге, мага, ошол эле Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге дагы тиешелүү болушу керек. Мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Ошондуктан муну саясий куугунтук катары кабыл алсак болот. Бирок булар бир нерсени түшүнүп коюшу керек. Эгер ушундай учурлар көбөйө берсе, бул бир күнү жарылат, коомдо каршылык маанай күчөйт",-деди Токтогазиев.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, парламенттин экс-депутаты Курманбек Осмонов болсо тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керектигине токтолду.

"Бул оор беренелер, ошон үчүн тергөөнү күтүш керек. Тергөөдө кандай материалдар бар, анын айыбы эмнеде экен, кандай айып коюлуп атат, ошолор белгилүү болушу керек. Тергөөнүн жагдайын билбей туруп ал эле, бул эле деп дагы айтуу кыйын. Негизи бул окуяларга саясий баа берилиши керек эле, бирок анын убактысы өтүп кетти, жаңы шайланган бийлик турукташып, отурукташты. Саясий бааны коомдук, мамлекеттик, депутаттаттык комиссия берет, андай комиссия түзүүгө кеч болуп калды. Ал эми кылмыш бар-жогун баары бир тергөө аныктайт".

Садыр Жапаров менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев октябрь окуяларынын тергелишине байланыштуу сын-дооматтарга үн катпай келет. Аларды дагы күбө катары суракка чакыруу талабына дагы комментарий беришкен эмес.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев жакында "Азаттык" радиосуна президент Садыр Жапаров саясий куугунтукка аралашпай турганын билдирген. Жапаров өзү дагы муну бир канча жолу белгилеген.

“Президент өзүнүн убадасына туруп, саясий куугунтуктоого убактысын короткон жок. Ал эми саясатта жүргөн адамдарга козголгон кылмыш иштерине укук коргоо органдары жана соттор жооптуу. Президент аларга көрсөтмө берилбей турганын ачык жана так айта алам”, - деген Абыкеев.

Садыр Жапаров ушул жылдын башында президенттик кызматка расмий киришип жатып, октябрь окуяларына "элдин улуу максаттарга умтулуусу, татыктуу жашоо тууралуу кыялдануусу негиз болду" деп айткан.

"Калың эл түрө көтөрүлүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга, мурдагы президенттин жана өкмөттүн бийликтен кетишине алып келди. Өлкөбүз башаламандыктын жана мыйзамсыздыктын чеңгелинде калаарда, улуттук ынтымакты сактоо үчүн, 5-октябрь күнү элибиз аттанып, жапа тырмак талап кылган кыял-тилектин урматы үчүн чогуу-чаран жоопкерчиликти тайманбай өз моюнубузга алып, абалды турукташтыра алдык. Анын ичинде мен дагы жан таттуу экен деп отуруп алган жокмун".

Ал тапта Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев милицияга сурак берип чыкты. Адвокат Замир Жоошевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Сагымбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында жапырт башаламандыкты уюштурууга айыпталып жатат.

Канат Сагымбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалган. №1 тергөө абагына камалып, 2020-жылы 6-октябрдагы башаламандык учурунда тарапташтары аны бошотуп алышкан.

Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына шектүү катары тергеле баштаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда Сагымбаевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган болчу.

Былтыр парламенттик шайлоого байланыштуу нааразылык чыгып, ал калайман башаламандык менен коштолгон жана бийлик алмашуу менен аяктаган. Бир адам мерт болуп, ондогон адамдын жараат алган окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ачылган. Ошол күндөрү аянтта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер күбө катары сурак берип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG