Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Арктикада Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри кайтыш болду


Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев Норильскиде өтүп жаткан машыгуу маалында кырсыктан кайтыш болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 55 жаштагы Зиничев Орусияда кызмат үстүндө көз жумган биринчи министр болду.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 8-сентябрдагы билдирүүсүндө "Евгений Зиничев Арктика аймагында өтүп жаткан мекемелер аралык машыгууда кызматтык милдетин аткарып жатып, адам өмүрүн сактап калам деп курман болгонун кайгыруу менен билдиребиз" деп айтылат.

Russia Today телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян "Твиттерге" Зиничев жардан кулап кеткен операторду кармап калам деп, өзү да курман болгонун жазды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан көз жумган оператор 63 жаштагы таанымал кинорежиссер Александр Мельников экенин билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин "Зиничевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарын" Кремлдин расмий сайты жарыялады. Путин менен Зиничев Санкт-Петербургда туулуп-өсүп, узак жалдар бою бирге иштешкен.

2018-жылдын октябрында Зиничев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келгенге Федералдык коопсуздук кызматында эмгектенген. 2016-жылы Калининград облусун эки ай башкарган. 2006-2015-жылдары Путиндин жеке коопсуздугун камсыздаган кызматта иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG