Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Кайындары менен үй талашкан келин президентке кайрылды


Талашка түшкөн үй.
Талашка түшкөн үй.

2010-жылы Оштогу улуттар аралык кагылышууда каза болгон Бахром Гуламжановдун жесири Адина Гуламжанова күйөөсүнүн туугандары үйүн тартып алууга аракет кылып жатканын айтууда.

Адина жана анын балдары тиешелүү органдар талашка чекит койбогонун айтып, коомчулукка жана президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал мындай кайдыгер мамилеге салык кызматында иштеген кайнагасы Бахадыр Гуламжановдун тиешеси бар деп эсептейт.

“Үйүмдү тартып алышса өзүмдү өрттөйм”

Адина Гуламжанова күйөөсү каза тапкандан кийин үч уул, бир кызы менен учурда талашка түшкөн үйүндө калганын айтууда. Кийинчерээк кайнатасы жана кайниси аны Бишкекке жиберген экен.

Адина Гуламжанова.
Адина Гуламжанова.

Келин анда балдардын документинен баштап үйдүн кызыл китебине чейин кайын-журтуна тапшырганын, балдары үчүн ишеним кат жазып берип акырында алданып калганын айтууда.

“2018-жылы Бишкектен Ошко келдим. Курулуш компаниянын өкүлдөрү жер там сатып алып жүргөн убак болчу. Ошондо кайын-журтум үйдү сатууга камынып калган экен. Мамкаттоо кызматына барып текшертсем, үй өзүмдүн эле атымда экен, дароо камакка алдырып койдум. Кийин кайним Лариса аттуу юрист аялын жетелеп келип, “үйдү өткөрүп бересиң, биз саттык” деп айтты. Кайнатама бул тууралуу айтсам, “үй меники, акча да меники, мага келин да, неберелер да керек эмес” деди. Күйөөмдөн жалгыз гана ушул үй калды. Төрт балам менен кайсы жерге барам?! Эгерде үйдү тартып алышса, өзүмдү да, үйдү да өрттөп жиберем!”.

Мындан сырткары Гуламжанова күйөөсү каза болгондон кийин берилген компенсация жана атасыз өсүп жаткан балдарынын жөлөк пулу да колуна тийбегенин айтууда. Ал буга “кайын-журтума ишенип өткөрүп берген документтер себеп болду” дейт. Ошондой эле күйөөсүнөн калган мүлктөрдүн баарын кайын-журту “ээлеп алганына” нааразы.

“Тиешелүү органдар иштебейт”

Гуламжановдун уулу Азизбек Гуламжанов буга чейин социалдык тармактар аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал укук коргоо органдары ишти акыйкат карабай жатат деп билдирди.

Азизбек Гуламжанов.
Азизбек Гуламжанов.

Гуламжановдун дагы бир уулу Хажимурат чоң атасына жана салык кызматында иштеген агасына “акча үчүн бизден кечти” деп нааразы болду.

Гуламжановдорду бир нече коңшулары да колдоп чыгышты. Алардын бири Абдуманноб Юлдашов “Азаттыкка” буларды айтты:

“Биз бул үй-бүлөнү колдойбуз. Жардам беришибиз керек. Жардам бериштин ордуна булардан үйдү тартып ала турган болсо акыретин ойлоп койсун. Ушул жердеги бардык кошуналар ушул үй-бүлөнү колдойбуз. Мына ушул үй сакталып, ушулар жашашы керек”.

Балдардын чоң атасы дооматтарды четке какты

Салык кызматында иштейт деген Бахадыр Гуламжановго кайрылганыбызда комментарий берген жок.

Гуламжановдордун үйү.
Гуламжановдордун үйү.

Ал эми балдардын чоң атасы Тахиржан Гуламжанов аларга карата айтылган дооматтарды четке какты.

“Баары жалган. Мен аларды багып чоңойтуп, үйлөп-жайлап койдум. Ал үй менин атымда. Анын ордуна Бишкектен эки бөлмөлүү үй алып бердим. Келиним менен неберем Азизге мен жашаган жерге жакын тогуз бөлмөлүү жер үй, 20 сотых гилас багын бердим. Азыр ошол гиластарды сатып оокатын кылып жатышат. 12 жолу сот болду. Үйдө алардын акысы жок. Уулуңа эки бөлмөлүү батир, кызыңа деле үй алып берейин дедим. Ага дагы эмне керек?”.

"Гуламжановдун айткандары чындыкка дал келбейт"

Азизбек Гуламжанов салыкчы агасы Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов менен жакын ымалада экенин айтып, алардын тааныштыгы туугандар ортосундагы талашка таасир этип жатат деп эсептейт.

Облустук администрациянын басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу Жамалдиновдун дарегине айтылгандарды куру доомат катары баалады.

"Азизбек Гуламжановдун билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Облус башчысынын Бахадыр Гуламжанов деген киши менен байланышы жок. Алар Жамалдинов келгенге чейин эле үйүн талашып жаткан экен. Бул ишти бир гана сот чечет. Жамалдинов облус башчысы катары органдарга эч кандай таасир эте албайт", - деди ал.

Облустук соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызынын маалыматына караганда, Адина Гуламжанова үйдү кайтарып алуу боюнча сотко бир нече жолу кайрылган. Арызы канааттандырылган эмес. Иш Жогорку сотто каралмай болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG