Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Июнь окуясы: эл кооганы эстегиси келбейт


 Чай ичип жаткан кыргыз-өзбек аксакалдары. Ош, "Сузак" чайканасы. Архивдик сүрөт.
Чай ичип жаткан кыргыз-өзбек аксакалдары. Ош, "Сузак" чайканасы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда июнь калабасынан бери 11 жыл өтсө да, анын муздак эпкини тарай элек. Бирок өлкөнүн түштүгүндө эл каргашалуу окуяны эстөөнү, кеп кылууну жактырбайт. Тескерисинче, акыркы убактарда улуттар аралык мамиле жакшырып, мурункудай бири-биринен чочулоо жоктугун айтышууда.

Эксперттер кагылыштарды болтурбоо үчүн улуттарды бириктирген жалпы идеология жетишсиз экенин белгилеп жатышат.

"Кооганы эстегибиз да келбейт"

Ош шаарынын тургуну Феруза Инаходжаеванын айтуусунда, бүгүнкү күнү карапайым эл июнь коогасын эстегилери да келбейт. Алар кадимкидей бири-бирине аралашып, ынтымакта жашоого аракет кылып жатышат:

"Биз жакында үй-бүлөбүз менен чогуу Ноокаттын Кара-Кой деген кооз жерине барып, эс алып келдик. Биздин үй-бүлөбүз чоң, чоң ата, чоң энелерден тартып, неберелерге чейин 20 чакты адам барып, эс алдык. Бизди кыргыздар тосуп алып, сонун меймандап, жылуу узатышты".

Феруза Инаходжаева кандуу калабаны эстөөдөн көрө, мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо зарыл деп эсептейт:

Кара-Кой жайлоосу. Ноокат. Июнь, 2021-жыл.
Кара-Кой жайлоосу. Ноокат. Июнь, 2021-жыл.

"Биз бала-бакырабыз менен кенен-кесири Оштун эле эмес, Кыргызстандын бардык жерлерин кыдырып, эс алып жүрөбүз. Алайга барабыз, Кара-Кулжа, Өзгөндүн кооз жерлерине барып, боз үйлөрдө жатып, кымыз ичип келебиз. Кудайга шүгүр, эч кандай коркунуч жок. Өзбек-кыргыз эли бирге туруп, бир үйдө тамак жеп, кадимкидей эле жүрдүк. Жаман улут жок, жаман адам бар дегендей, кайсы бир жаман адамдардын кесепетинен болгон каргашаны азыр эстегибиз да келбейт. Биз ошол от күйгөн июнь окуяларынын учурунда да өзбек-кыргыз дебей, бири-бирибизге жардам берип, моралдык-материалдык жактан колдоп турганбыз. Андай күндөн Кудай сактасын!".

Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүндө бир көчөдө жашаган кыргыз-өзбек кошуналар июнь окуясында бири-бирин катуу коргоп турушканын эскеришти. Алардын бири Айчүрөк Касымова калабада тескерисинче коңшулардын ынтымагы артканын айтып берди:

"Биз кылымдан бери бир көчөдө жашасак, кантип бири-бирибизге каршылаш болмок элек? "Кыргыздар келатыптыр" десе, кыргыздардын үйүнө, "өзбектер каптап келет экен" десе, өзбек коңшулардын үйүнө корголойбуз" деген үмүт менен чогуу, биримдикте турганбыз. Айылдын эркектери кыргыз-өзбек дебей, чогуу күзөттө турушкан. Балдарыбыз бир табактан тамак жешкен. Ынтымагыбызды сактасын, андай жаман күндөр кайталанбасын!".

"Ынтымагыбызды кут кылсын"

Ушундай эле пикирди Оштогу Өзбек маданий коомунун жетекчиси Рашитхан Ходжаев да билдирди.

"Жок жерден эле улуттар араздашып, бири-бирине коркунуч менен карап калышкан. Эми андай күндү башыбызга салбасын. Тилибиз да, динибиз да, базарыбыз да, мазарыбыз да бир эл болгон соң, ынтымакта жашоого эмне жетсин. Жакында Баткендеги куралдуу жаңжалда жабыркаган мекендештерибизге биз дагы өзүбүздүн колдообузду көрсөттүк. Акчалай жана тамак-аш жактан жардамыбызды жаңжалда жабыркагандардын колуна тапшырып келдик. Кудайга шүгүр, азыр өзбектер Алайга, Өзгөнгө, Ноокатка 5-10 күндөп эс алып, саамал ичип келип жатышат. Кыргыздардан чочулоо жок. Он-Адыр деген Ош шаары алаканга салгандай көрүнүп турган жер. Ал панорамага кыргыз жаштар түнү менен барышат. Кудай ушул күнүбүздү, ынтымагыбызды кут кылсын!".

Июнь окуясы демекчи, быйыл 446 адамдын өмүрүн алган кандуу окуяга 11 жыл болду. Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалда өзбектерден да, кыргыздардан да жоготуулар көп болгону айтылган. Кандуу калабанын себебин Мамлекеттик комиссия, Депутаттык комиссия, Эл аралык көз карандысыз комиссиялар иликтеген. Бийлик тарабынан, бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен улуттар аралык ынтымакты бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Кыргыз, өзбек тилдеринде бирдей берүүлөрдү обого алып чыккан "Ынтымак" телеканалы түзүлгөн. Быйыл аталган телеканал 10 жылдык мааракесин белгиледи.

Коогада үй-жайынан ажырагандар үчүн Мамлекеттик дирекция тарабынан атайын турак-жайлар курулуп, берилген. Бүгүнкү күнү анда кошуналар кыргыз, өзбек дебей, бир эшиктен кирип-чыгып жашап жатышканын Ош шаарынын тургуну Карамат Тойчубекова "Азаттыкка" билдирди:

"Бул үйдүн жарымында өзбек, жарымында кыргыз аралаш жашайбыз. Бири-бирибизге кек сактоо, бири-бирибизди жаман көрүү, тукуруу деген жок. Аябай ынтымактуубуз. Ким өзбек, ким кыргыз экени деле билинбейт. Карым-катнашыбыз аябай жакшы. Туулган күнбү, тойбу, бири-бирибизсиз өтпөйт да. Кошуна деген туугандан жакын".

Түркүн-түстүү Он-Адыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:30 0:00

Улуттар аралык кагылыштарга жалпы идеологиянын жоктугу себеп

Июнь окуясынын себептерин иликтеген парламенттик комиссиянын мүчөсү, учурдагы акыйкатчы Токон Мамытов улуттар аралык кагылышууга өлкөдө жалпы идеологиянын жоктугу себеп болорун белгиледи. Анын айтуусунда, 1990-жылкы, 2010-жылкы улуттар аралык кагылыштар да ушул себептен келип чыккан:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

"Саясий, социалдык-экономикалык, диний себептер менен кошо эле улуттарды бириктирген идеологиянын жоктугу ушундай карама-каршылыктарга, кагылыштарга алып келет. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, саясатчылар шайлоо, референдум же башка бир чоң саясий окуялар учурунда аз улуттардын кызыкчылыгын өз пайдасы үчүн колдонуп, улуттар аралык картаны шугулданып ойноп жиберген учурлар бар. Бул дагы себептердин бири. Мындан ары түрдүү кагылыштарды болтурбоо үчүн жалпы идеология, биримдик кызыкчылыгы болушу керек. Булар болбосо кандай гана иш-чараларды өткөрбөйлү, майнапсыз болот. Азыркы бийлик дагы муну эске алышы абзел. Кээ бир маселелерди кабыргасынан коюп, аягына чыгарууга саясий эрк керек".

Июнь окуясынан кийин өкмөттүн алдында Өзүн-өзү башкаруу жана улуттар мамилеси боюнча агенттик түзүлгөн. Ага улуттар аралык ынтымакты бекемдөө иштерин жүргүзүү милдети жүктөлгөн. Июнь коогасынан кийинки сот иштерине, адам укуктарынын корголушуна байкоо салган "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова аталган агенттиктин ишине оң баа берди:

"Булар айыл өкмөттөрү менен түздөн-түз иштейт, ошол айыл өкмөттөрдүн аймагында улуттар аралык окуялар катталса, кабардар болуп турат, чатактарды болтурбай, анын алдын алат деген себеп менен улуттар аралык мамилени бекемдөө аларга жүктөлгөн болчу. Бул агенттик өтө жакшы иштерди аткарды. Жер-жерлерде, өлкөнүн 24 аймагында коомдук кабылдамаларды түздү. Анын алдында атайын координациялык кеңештер түзүлдү. Ага аксакалдар кеңешинен, жергиликтүү депутаттардан, активисттерден өкүлдөр мүчө болуп кирип, коомдук башталышта иштеп жүрүштү. Буларга түрдүү маселе менен кайрылган жарандардын маселе-көйгөйлөрүн тиешелүү тармактарга, жетекчилерге жеткирүүгө жардам берип атышты. Мисалы, Ороктогу, Жаңы-Жердеги кыргыз-түрк жаштарынын ортосунда чыккан жаңжалды тынчытууда дал ушул координациялык кеңештин иши чоң роль ойногон".

2019-жылы 5-июнда Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жана Төмөнкү Орок айылында жаштар арасында мушташ чыккан. Буга нааразы болгон тургундар көчөгө чогулуп, окуяны жайгарыш үчүн көп сандагы милиция кызматкери тартылган. Айыл аксакалдары, активисттер милиция менен чогуу жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жаңжал токтогон.


Былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан кийин, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө милдети президенттик администрациянын алдындагы жарандык коом, дин иштери жана улуттар аралык мамиле боюнча бөлүмгө берилген.

Президент Садыр Жапаров июнь коогасынын 11 жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда окуя жалпы элге чоң сабак болууга тийиштигин белгиледи.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу бабалардан мураска калган сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин дагы бир жолу ырастады.
«Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот» деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүн биз биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир өлкө катары келечекке багыт алуубуз зарыл. Бири-бирибизге болгон сый-урмат, жардам, ишеним аркылуу биз чоң-чоң ийгиликтерди жаратып жатабыз. Биздин күч— биримдикте!",- деп жазылган мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Жапаров эки ай мурун УКМКга июнь окуясын кайра иликтөөнү тапшырганы белгилүү.

Расмий эсеп боюнча 2010-жылдагы июнь коогасында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Жапырт башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

«Ош окуясына» калыс баа берилдиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:10 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG