Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Парламент жөлөк пул мыйзамын кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш өкмөт сунуш кылган "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда жактырып, кабыл алды.

Ал президент кол койгондон кийин иштей баштайт. Ошондой эле быйыл жыл башында күчүнө кирип, бирок өкмөттүн сунушу менен убактылуу токтотулган мыйзамдын ордуна иштейт.

Демилгечи депутаттар өкмөт жөлөк пул берүүдө эски коррупциялык схеманы кайра сунуш кылганын, аны айла жоктон колдоого мажбур болгонун айтышууда.

Маселе парламентте каралып жатканда майып балдардын пенсиясын көбөйтүүнү ушул мыйзамга киргизүүнү талап кылгандар Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Майып балалуу энелердин өтүнүчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

Былтыртан бери талаш-талкуу жаратып келген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзам долбоорунун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуш кылган варианты 29-марттагы сессияда дароо экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду.

Үч саатка созулган талкуудан кийин жыйында каттоодон өткөн 111 депутаттын 110у аны бир добуштан колдоп, мыйзам кабыл алынды. Буга чейин өкмөттүн сунушун сындап келген демилгечи депутаттар да бул жолу документти колдоого аргасыз болгонун айтып чыгышты.

Туңгуюкка келип калдык. Эл жөлөк пул ала албай апрелге чейин токтоп калды. Кандай болсо да алдыга жылуу керек болуп, колдоого аргасыз болдук.
Карамат Орозова

- Муну колдобосок туңгуюкка келип калдык. Эл жөлөк пул ала албай апрелге чейин токтоп калды. Кандай болсо да алдыга жылуу керек болуп, колдоого аргасыз болдук. Өкмөттүн сунушун айласыз кабыл алдык. Өкмөт алган мөөнөт 1-апрелде бүтүп баратат. Эми өкмөт бул мыйзамды ишке ашыра албаса, кайра өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш менен келет. Себеби, аны иштетүү өтө кыйын. Биз сунуш кылып, кол коюлган мыйзам токтоп калгандан кийин бул мыйзамды иштетүү керек болуп жатат да. Антпесе элге жөлөк пул берилбей калмак. Ал мыйзамды да атайын мыйзам долбоорун кабыл алып токтотконбуз. Ошону ачыш керек болуп калды, - деди КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова.

Карамат Орозова өкмөттүн колдоо тапкан вариантында эски коррупциялык схемалар өзгөрүүсүз калганын билдирип жатат. Анда депутаттар сунуш кылган мыйзамдан ар бир ымыркайга сүйүнчү пул берүү тууралуу жобосу гана калып, жөлөк пул бериш үчүн киреше эсептөөдө пенсия кошулбай турган болду.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын сессияда айтканына караганда, бул мыйзамда муктаждыкка карап, "аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана жөлөк пул берилсин" деген өзгөртүү киргизилди:

- Азыр өкмөттүн жөлөк пулду эң муктаж, эң жакыр жашаган үй-бүлөлөргө гана бергенге мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок бара-бара муну караштырууга даярбыз.

Парламент "Жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды талкуулап жатканда Жогорку Кеңештин алдында 20дан ашык майып баланын ата-энеси нааразылык акциясына чыкты. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап отурган ата-энелерге айлык төлөө, мындай балдардын пенсиясын кеминде 30 пайызга көбөйтүү туурасында талаптар коюлду.

Майып балдардын ата-энелери кирген "Арди" коомдук бирикмесинин жетекчиси Турдубү Жумабекова бул талаптарды “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга кошуу зарыл деген ойдо:

Азыр үч миң сом пенсия эмнеге жетет? Эч нерсеге жетпейт.

- Балдарга сүйүнчүсүн, жөлөк пулун деле бере берсин. Бирок майып балдардын пенсиясын көбөйтсүн. Азыр үч миң сом пенсия эмнеге жетет? Эч нерсеге жетпейт. Биздин балдар деле тамак-аш ичип, кийинип, жашашы керек да! Мындан тышкары, 18 жаштан жогору биринчи, экинчи, үчүнчү топтогу майыптарга жөлөк пулду жогорулатып, 4-5 миңге жеткиришсин.

Министр Таалайгүл Исакунованын айтымында, өкмөт майып бала баккан ата-энелерге эмгек акы төлөө боюнча токтом иштеп чыкты. Ал ушул мыйзамга кошулабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул акыркы жолу 2011-жылы 50 пайызга көбөйтүлүп, эки миң сомдон үч миң сомго көтөрүлгөн. Ушу тапта 29 миң 460 майып бала каттоодо турат. Алардын ичинен алты миң бала күнү-түнү кароого муктаж.

Талашка түшкөн "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү былтыр Карамат Орозова, Аида Касымалиева баштаган депутаттар тобу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу иштеп чыгышкан. Аны 2017-жылы жайында парламент кабыл алып, ошол кездеги президент кол койгон. Документ быйыл 1-январда күчүнө кирүүгө тийиш болчу.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бирок өкмөт Нарын шаарында өткөн митингдеги нааразылыкты жүйө келтирип, былтыр декабрда "документте оңдоого муктаж жана кошумча изилдей турган жоболор бар" деп, анын ишке кирүү мөөнөтүн үч айга, 1-апрелге чейин узартууну өтүнгөн. Парламент бул суранычты канааттандырып, аны “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам кабыл алуу менен узарткан.

Натыйжада өкмөт депутаттардын сунуш-пикирлерин, Нарындагы нааразылык акциясында айтылгандарды кошуп, Карамат Орозова баштаган эл өкүлдөр менен бирге иштелип чыккан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, аны парламентке алып келмей болгон. Эгерде өкмөт өз сунушун 1-апрелге чейин депутаттардын колдоосунан өткөрө албаса, 1-январда күчүнө кире турган мыйзам иштей баштамак.

7-марттагы сессияда демилгечилер жана башка депутаттар өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун күн тартибине киргизбей коюшкан. Буга "аталган мыйзамдын жаңы редакциясына эмес, эски мыйзамга эле бир аз өзгөртүү кошулуп, чийки бойдон киргизилди" деген нааразылыктар себеп болгон. Ага карабай, 14-мартта парламенттин жалпы жыйынында биринчи окуудан өткөнү да коомчулукта көп суроо жараткан болчу. Эми экинчи жана үчүнчү окууда жактырылып, кабыл алынып отурат.

Өкмөт өзгөртүүнү сунуштаган мыйзамда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү, үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө балдары 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөк пул чегерүү камтылган эле. Аны былтыркы президенттик шайлоо алдында кабыл алынган "популисттик кадам" катары баалагандар да чыккан. Өкмөт өкүлдөрү парламенттин 29-марттагы жыйынында ар бир балага жөлөкпул берүү үчүн мамлекеттин казынасы чектелүү экенин моюнга алышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG