Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:33

Жарандык активист өкмөттү сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык соту мамлекеттик жөлөк пул тууралуу мыйзамдын күчүнө киришин 1-апрелге чейин токтотуу тууралуу өкмөттүн чечимине каршы жарандык активист жана юрист Нурбек Токтакуновдун арызын карай баштады.

Активист мыйзам коомдук талкууга коюлбастан эреже бузуу менен кабыл алынганын айтып, алгач өкмөткө каршы Бишкектин район аралык сотуна кайрылган.

Бул инстанция "документтин талкууланбай кабыл алынганына далил жок" деген негизде арызды кароодон баш тарткан. Активист ага макул болбой, шаардык сотко даттанды.

Бишкектеги “Прецедент” юридикалык компаниясынын негиздөөчүсү, юрист Нурбек Токтакунов быйыл 1-январда күчүнө кирген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясынын аткарылышын үч айга узартуу тууралуу чечим туура эмес деген ойдо.

Анын айтымында, мыйзамдын жаңы редакциясы социалдык коргоо тармагындагы коррупциядан улам жөлөк пул албай отурган көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Мыйзам ишке кирсе, 1-январдан тартып үч жашка чейинки балдардын баарына тегиз жөлөкпул бериле баштамак.

Ал эми кары-картаңдарга, жетим балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга пенсия берүүдө үй-бүлөлөрдүн кирешеси эсептелмек эмес.

Юрист мыйзамдын күчүнө киришин 1-апрелге чейин узартуу боюнча чечим "Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" мыйзамдын 22-23-беренелерин бузуу менен кабыл алынганын, өкмөт аны коомдук талкууга койбостон бир жума ичинде кабыл алып койгонун белгилеп жатат. Ал мыйзам боюнча ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору кеминде бир ай бою коомдук талкуудан өтүшү зарыл экенин эске салды.

Жайлоодогу энелер
Жайлоодогу энелер

- Мыйзамды түшүнүш үчүн биринчи талкуу өткөрүш керек эле. Бардык тараптардын пикирлерин, дооматтарын, жүйөлөрүн угушубуз керек болчу. Бачым эле чечим чыгарып коюп, эч нерсени укпай калдык да. Талкуу ошон үчүн керек. Мен сотко "өкмөт талкуу өткөргөн жок" деп арыз жаздым. Сот болсо "талкуу болбогонун бизге далилдеп бергиле" деди. Талкуу өтпөсө, анын болбогонун мен кантип далилдейм? Аны өкмөт далилдеши керек! Ошондуктан сот менин арызымды кароодон башка себеп менен баш тартты деп эсептейм.

"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын Карамат Орозова, Аида Касымалиева баштаган депутаттар тобу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен чогуу иштеп чыгышкан. Аны 2017-жылы жайында парламент кабыл алып, президент кол койгон. Документ быйыл 1-январда күчүнө кирүүгө тийиш болчу. Бирок өкмөт Нарын шаарында өткөн митингдеги нааразылыкты жүйө келтирип, былтыр декабрда "документте оңдоого муктаж жана кошумча изилдей турган жоболор бар" деп, анын ишке кирүү мөөнөтүн үч айга, 1-апрелге чейин узартууну өтүнгөн.

Натыйжада Жогорку Кеңеш бул суранычты канааттандырып, “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кабыл алган. Өкмөт мыйзамдын жаңы редакциясына өзгөртүүлөрдү киргизип, 1-апрелге чейин эл өкүлдөрүнүн колдоосун алышы керек болчу. Анткен менен 7-мартта демилгечилер жана башка депутаттар аны күн тартибине киргизүү тууралуу өкмөттүн сунушун четке кагышты. Буга "аталган мыйзамдын жаңы редакциясына эмес, эски мыйзамга эле бир аз өзгөртүү кошулуп, чийки бойдон киргизилди" деген нааразылыктар себеп болду.

Мыйзамды иштеп чыккандардын бири, КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова өкмөттүн өзгөртүүсүндө эски коррупциялык схемалар ошол бойдон калганын билдирип жатат:

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

- "Жөлөк пул жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын биз чукул кабыл алсак "популисттик" дешти. Ал мыйзамга тиешелүү бардык мекемелер каршы пикир айткан эмес. Финансы, Эмгек жана социалдык өнүгүү, Юстиция министрликтери, өкмөт, ар бир мекемелердин юридикалык бөлүмдөрү оң пикир билдирген. Бир эмес, эки президент кол койгон.

Бул документти "популисттик" деп алып, бирок өзгөртүүгө келген мыйзамды бир жумада кабыл алышты. Ал эмне, популизм эмеспи? Азыр бул мыйзам бир ай ичинде келип жатат. Беш айда тиешелүү механизмдерди иштеп чыга албагандар аны бир айда кантип иштеп чыгат? Азыр да шашылыш болуп атпайбы? Шашылыш алып келгенде эле оңдой беришибиз керекпи? Биз жаңы жылга чейин бюджет мыйзамын бекиткенбиз. Анда 1 миллиард 800 миллион сомду жөлөкпулга чегерип бергенбиз. Эртең ал мыйзамды да алып келип, аны да өзгөртүп беришибиз керек да. Ошондуктан шашылбаш керек, өзгөртүү керек болсо - баарын талдап өзгөртүү абзел.

Ошол эле маалда өкмөт өзгөртүү киргизген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 14-марттагы сессиясында биринчи окуудан өткөнү белгилүү болду. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиеванын "Азаттыкка" айтканына караганда, документ жакын арада экинчи окууга киргизилет:

- Нарындагы митингде "даректүүлүк болсун, баарына төлөнбөсүн, эмнеге байлар да алышы керек экен" деп айтылбады беле? Азыр ошол даректүүлүк дегенге баратабыз. Ал эми сүйүнчү пул жаңы мыйзам боюнча берилип жатат. Учурда аны 3 миңден ашык адам алды. Сүйүнчү пул жөнүндөгү жобо ошол бойдон калтырылып, ишке кирген да. Берки эки жобонун ишке кириши токтотулган. Тактап айтканда, жаңы төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки бардык балдарга жана он алты жашка чейинкилерге жөлөк пул берүү тууралуу жобо алынып, анын ордуна мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга гана жөлөк пулду көбөйтүү маселеси биздин долбоордо камтылган. Муктаждыкка карап, "аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана жөлөк пул берилсин" деген өзгөртүү киргизилди.

Нарындагы нааразылык акциясы. 13-декабрь, 2017-жыл.
Нарындагы нааразылык акциясы. 13-декабрь, 2017-жыл.

​Жөлөк пул мыйзамынын жаңы редакциясына кол коюлганда коомчулукта аны шайлоо алдында "саясий упай" топтош үчүн кабыл алынган популисттик документ катары баалагандар көп чыккан. Бир топ экономисттер бюджеттин абалынан улам аны аткаруу мүмкүн эмес экенин билдиришкен. Демилгечи депутаттар долбоор добушка коюлганда ал ишке ашат деген ишеним болгонун айтып, "Нарындагы митинг жөн гана себеп болду" деп боолголоп жатышат.

Мыйзамдын жаңы редакциясында жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү, үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө балдары 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү камтылган.

Бишкек шаардык соту юрист Нурбек Токтакуновдун арызы боюнча чечимди 26-мартта жарыялайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG