Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 01:48

Майып баланы багуу кымбат түйшүк


Иллюстрация

Майып балдардын ата-энелери президентке жана өкмөт башчыга кайрылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү өтүнүштү.

Кайрылууда ата-энелер майып балдарга төлөнүүчү 3000 сом жөлөк пул алардын дары-дармегине да жетпей жатканын белгилешкен. Алар мунун менен катар балдарды карап үйдө отурган ата-энелерге айлык төлөп берүүгө мезгил жеткенин айтышууда.

Майып баласын багып отурган ата-энелердин бирине айлык төлөө боюнча былтыр Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги да демилге көтөрүп, өкмөттүн кароосуна жиберген.

Эч нерсеге жетпеген тыйын

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пул акыркы жолу 2011-жылы 50 пайызга көбөйтүлүп, эки миң сомдон үч миң сомго көтөрүлгөн.

Ата-энелер андан бери инфляция күчөп, бул акча дары-дармек сатып алууга жетпей калганын айтышууда. Алардын бири Азиза Сактанова 15 жылдан бери майып кызын карап, үйдө отурат. ​

Иллюстрация
Иллюстрация

- Майып баламды карап, үйдөмүн. Баскан-турганды мындай кой, моюнун түз кармай албайт. Дагы төрт балабыз бар. Алар кудайга шүгүр, чоңоюп калышты. Бирок майып кызыбыздын үч миң сом жөлөк пулу өзүнүн дары-дармегине да жетпей калды. Мындай балдар дайыма витамин ичиши керек. Дары-дармектен тышкары тамак-ашы, кийим-кечеси бар. Улам дарыгерлерге, адистерге алып барып көрсөтүп туруш керек. Мунун баарына акча керек.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы орточо айлык акы 14 миң сом, ал эми минималдуу жашоо өлчөмү 6240 сом. Ушундан улам майып балдардын ата-энелери түзгөн "Жаңырык" деп аталган уюм өткөн жылдын аягында да өкмөт башчыга кайрылуу жиберип, жөлөк пулду көбөйтүүнү жана майып баласын карап, иштебей отурган ата-энелерге айлык акысын төлөп берүүнү өтүнгөн.

Бирок азырынча өкмөттөн жооп келе элек. Бул тууралуу "Жаңырык" уюмунун төрайымы Зейнеп Эшмуратова "Азаттыкка" билдирди:

- Жооп болбогонунан улам дагы бир сыйра кайрылууга аргасыз болдук. Өткөн жылы Социалдык өнүгүү министрлигинде атайын жумушчу топ менен ата-энелердин айлык акысын төлөп берүү боюнча чогуу жобо иштеп чыкканбыз. Бирок аны мамлекеттик деңгээлде атайын токтом менен бекитүү же башка алдыга жылдыруучу жыйынтыктуу иш жок болбой жатат.

Майып баласын карап, үйдө отурган ата-энелердин бирине айлык акы төлөп берүү маселеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. Ушунча убактан бери "бюджетте акча жок" деген жүйө менен бул маселе каралбай келет.

Майып бала багуу - оор иш

"Жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары сунуш кылып, бирок артка кайтарылган.

Мыйзам долбоору 1-апрелге чейин кайра каралууга тийиш. Анын авторлорунун бири, депутат Аида Касымалиева майып балдардын жөлөк пулун көбөйтүү маселесин да ушул мыйзам долбооруна киргизүү зарылчылыгы бар деп эсептейт:

Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

- Мен бул ата-энелердин суроо-талабын өтө түшүнүү менен кабыл алам. Көп учурда майып балдардан атасы баш тартып, энеси жалгыз карап калган учурлар бар. Ошол эне келечекте өзүн пенсия менен камсыз кылыш үчүн, ага эмгек китепчеси менен бекитилген иш стажы жазылып, айлык акы төлөнүп берилиши керек. Ал эми майып балдарга төлөнүүчү жөлөк пул азыр 1-апрелге чейинки мөөнөт менен өкмөттүн кароосунда турганы белгилүү. Ошондуктан ата-энелер өкмөткө кайрылып, балдарынын жөлөк пулунун өлчөмүн көбөйтүү тууралуу сунушун ага чейин киргизип калууга аракет кылышы керек.

Майып баласын карап, үйдө отурган ата-энелерге айлык төлөп берүү маселесин Социалдык өнүгүү министрлиги былтыр өзү да көтөрүп, ал боюнча атайын жумушчу топ иштеген. Учурда тиешелүү сунуштар өкмөттүн кароосуна жиберилген.

Буга чейин мындай ата-энелерге төлөнүүчү акчаны балдардын жөлөк пулуна кошуп берүү тууралуу да демилге көтөрүлгөн. Бирок ата-энелер буга каршылыгын билдирип чыгышкан, анткени аларга келечекте пенсияга чыгыш үчүн эмгек китепчеси менен бекитилген иш стажы маанилүү.

Социалдык фонддун пенсия чектөө башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулунун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, майып баласын карап үйдө отурган ата-энелер пенсияга чыкканда минималдык өлчөмдөгү пенсия алышат.

- Булар жеке ишкерлер сыяктуу эле пенсияга чыгат. Минималдуу пенсия десе да болот. Азыр бул пенсиянын өлчөмү эки миң сомдун тегерегинде.

Ушул тапта Социалдык өнүгүү министрлигинин каттоосунда 29 миң 460 майып бала бар. Алардын ичинен алты миң бала күнү-түнү кароого муктаж. Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул балдардын ата-энесине айлык акы төлөп бериш үчүн жыл сайын 470 миллион сомдон ашуун каражат талап кылынат.

"Жөрмөлөткөн" жөлөкпул
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:32 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG