Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Бекешов: Майыптарга мамилени өзгөртүү зарыл


Дастан Бекешов, Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешов, Жогорку Кеңештин депутаты

3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнү. Кыргызстандагы майыптардын абалы, аларга бийликтин жана коомчулуктун мамилеси тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Дастан мырза, Кыргызстанда майыптарга мамлекеттин, коомчулуктун жасаган мамилеси тууралуу кандай пикирдесиз?

Бекешов: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекет тарабынан болгону жөлөк пул менен пенсия берилет, социалдык жактан да айрым иш-чаралар бар. Бирок жалпы комплекстүү түрдө мамиле жасалбайт. Мисалы жолдордо, үйлөрдү курууда жана башка коомдук жайларда майыптарга ылайыкталып жасалган ыңгайлуулуктар жок. Анткени аны эч ким көзөмөлдөбөйт. Ошондуктан мамлекет тарабынан майыптарга түзүлгөн шарт өтө начар деп айтса болот.

“Азаттык”: Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жумуш менен камсыз болуусу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп аткансыйт...

Бекешов: Биздеги ишкерлер майыптарга иш берүүнү каалашпайт, анткени аларда “майыптар толук кандуу иштей албайт” деген түшүнүк калыптанып калган.

“Азаттык”: Сиз Жогорку Кеңештин депутаты болуп үч жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жатасыз. Майыптардын мына ушундай көйгөйлөрүн чечүү, алардын кесиптик билим алып, андан кийин иш таап кетүүсүнө кандай салым кошо алдыңыз?

Бекешов: Мен иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, азыр майып улан-кыздар жогорку окуу жайларында акысыз окуп жатышат. Ал эми жумушка орношуу жаатында болсо мен дагы бир мыйзам долбоорун сунуштагам. Бирок парламенттеги депутаттардын да көпчүлүгү ишкер болгондуктан, аны колдошкон жок. Анткени бизде мыйзам боюнча иш берүүчүлөр тарабынан беш пайыздык квота мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга берилүүгө тийиш, бирок ал мыйзам иштебей жатат. Мен ошого альтернативдүү мыйзам долбоорун сунуштагам: эгер ишкер майып адамды жумушка алгысы келбесе, алардын орду үчүн айына миң сомдон төлөп берсин деп талап кылгам. Анткени ошол чогулган миң сомду биз майыптарды жумуш менен камсыз кылуучу башка долбоорлорго жумшай алмакпыз.

“Азаттык”: Сиз жакшы билесиз, акыркы убактарда майыптар өздөрүн ар тараптан көрсөтүп, мүмкүнчүлүгү чектелүү эмес экенин далилдеп атышат. Мисалы бүгүнкү күндө кээ бир майып улан-кыздар дүйнөнү түрө кыдырып, мода көрсөтүп атышат, же бейөкмөт уюм түзүп, аны жетектөө менен өзү бир нече кишини иш менен камсыз кылышууда. Мына ушундай жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды шыктандыруучу иштерди жүргүзүүгө неге болбосун?..

Бекешов: Шыктандыруу демекчи, бул боюнча мен парламентте көп эле маселе көтөрдүм. Бирок өкмөт дайыма эле “акча жок” деген жооп менен кутулуп келатат. Ошондуктан мен жакында атайын социалдык долбоордун негизинде “Массаж борборун” түзүүнү көздөп жатам. Ал долбоор боюнча иш менен камсыз болгон майыптарга салык жагынан жеңилдиктер берилсе деген өтүнүч менен Мамлекеттик салык кызматына кайрылмакчымын. Бирок алардын жообу кандай болоорун азырынча билбейм.

“Азаттык”: Сиз 2010-жылы “Ар-намыс” фракциясы аркылуу парламентке келдиңиз. Мындан кийинки шайлоолордо дагы парламенттен, жергиликтүү кеңештерден мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын орун алышы үчүн кандай аракеттер көрүлдү?

Бекешов: Менин парламентке келишим – чынында эле Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн үлгү болду. Анткени андан кийинки Бишкек шаар кеңешине шайлоодо “Республика” партиясынын, КСДПнын тизмелеринде майып адамдар камтылган болчу. Мен билгенден азыр Кербен шаар кеңешинде мүмкүнчүлүгү чектелүү депутат иштейт. Мен дагы шайлоо мыйзамына кошумча киргизип, мындан ары партиялар депутаттык тизмесине аялдардын, аз улуттардын өкүлдөрүнө берилүүчү квота менен бирге эле мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга сөзсүз квота берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG