Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:17

Нарында жөлөкпулдар боюнча акция өттү


Нарындагы нааразылык акциясы. 13-декабрь, 2017-жыл.

Нарын шаарында бүгүн жөлөкпулдар боюнча жаңы мыйзамга каршы нааразылык акциясы өттү. "Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен билдиргенине караганда, 50дөй киши облустук акимчиликтин алдына чогулду.

Алар балдары үч жаштан өткөн адамдардын жөлөкпул алуу тартибин туура эмес деп эсептешет.

"Үч жашка чейинки баласы барлардын баарына, ал эми жашы үчтөн ашкандан кийин үчтөн көп баласы барларга гана жөлөкпул берилип жатканына каршыбыз", - деди Кенжегүл Усупбаева.

- Менин төрт балам бар. Экөө окуйт, экөө эгиз, эмчекте. Экөөнө албайсың дегени эмнеси?

Тургундардын нааразылыгын Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов угуп, тиешелүү кайрылуу менен өкмөткө кайрыларын билдирди.

Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда «балага сүйүнчү» бала төрөлгөндө бир жолу, «балага жөлөкпул» үч жашка чейинки баланы багууга ай сайын, «үй-бүлөгө көмөк» 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жана «социалдык жөлөкпул» пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ай сайын төлөнүп берилет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, парламент депутаты Аида Касымалиева буга чейин "Азаттыкка" жаңы төрөлгөндө бардык балдарга 4 миң сом сүйүнчү, үч жашка чейин балдар ай сайын 700 сом, үчтөн көп баласы бар үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон жөлөк пул чегерилип жатканын айткан. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG