Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

"Мыйзамсыз тыңшоо бийликке аброй алып келбейт"


Иллюстрациялык сүрөт

Ички иштер министрлиги жоон топ коомдук-саясий ишмерлердин, жарандык активисттердин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшагандыгы тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Айрым саясатчылар, жарандык активисттер муну бийликтин басымы десе, тиешелүү расмий органдар мыйзамдуу аракет деп жатышат.

Тыңшоо чаралары эмне үчүн колдонулат жана ал адам укуктарына канчалык шек келтирет? "Азаттыктын" "арай көз чарай" талкуусу ушул жана башка суроолорго жооп издеди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, "Реформа" саясий партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев катышты.

“Азаттык”: - Ички иштер министрлиги телефон сүйлөшүүлөрүн жашыруун уккан саясатчылардын, активисттердин тизмеси сот чечиминин көчүрмөсү менен кошо социалдык тармактар аркылуу мурда тараган. Жарандык активисттер муну адам укуктарын одоно бузуу катары баалап, Башкы прокурордун, ИИМдин жетекчилигинин, тергөөчүнүн, чечим чыгарган судьянын отставкага кетишин талап кылган кескин билдирүү менен чыгышты. Буга Башкы прокуратура менен УКМК реакция жасай элек. Сот жана Ички иштер министрлиги тыңшоо мыйзамдуу болгонун негиздеген билдирүүнү маалымат кызматтары аркылуу таратуу менен чектелишти.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсү

“Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы 2020-жылдын октябрында болгон окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин биринчи бөлүмүндө (массалык баш аламандык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Бул сотко чейинки өндүрүш боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мындан аркы иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына тапшырган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешелүүлөрдү, ага катыштыгы барларды жана кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар менен мүмкүн болгон алардын байланыштарын аныктоо максатында Жазык процесстик кодексине ылайык, тергөө тарабынан Биринчи май райондук сотуна 2021-жылдын 6-январынан 10-февралына чейинки убакытта телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоону жүргүзүү жөнүндө сунуштама жиберилип, ал сот тарабынан канааттандырылган. Көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин бул атайын тергөө аракеттери тергөө тарабынан жүргүзүлгөн эмес жана сот тарабынан анын убактысы узартылган эмес. Конституцияга ылайык, ар бир жаран жашыруун жазышууга, телефон менен сүйлөшүүгө жана башка пикир алмашууларга укуктуу. Бул укуктардан чектөө бир гана мыйзамга ылайык жана соттун актысы менен жүргүзүлөт. Тергөө кызматы мыйзамга ылайык, өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып баргандыгын Ички иштер министрлиги баса белгилейт”.

Биринчи май райондук сотунун билдирүүсү

“Маалымат каражаттарындагы сот тарабынан адам укуктарын одоно бузууга жол берилген деген кыяздагы маалыматка байланыштуу жарандар төмөнкүлөргө көңүл бурушу маанилүү: Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту судья мыйзамдарга ылайык акыйкат жана мыйзамдуу чечим кабыл алды деп эсептейт. 2020-жылдын октябрындагы башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мекемелер аралык тергөө тобунун башчысы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган. Өтүнүчтү кароо учурунда мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчилери, Башкы прокуратуранын прокурору катышкан. Тергөө иштериндеги судья мекемелер аралык тергөө тобунун атайын аракеттерди жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Судья өтүнүчтү өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык чечкен”.

“Азаттык”: - Клара айым, расмий тарап тыңшоо мыйзамдуу деп атат. Андай болгондо маселе эмнеде? Расмий негиздемелер жүйөөсүзбү?

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулова: - ИИМ менен Сот формалдуу жагын мыйзамга такап айтып атышат. Биз соттун чечими да, тергөөчүнүн сотко берген сунуштамасы да мыйзамсыз деп жатабыз. Биз эмне үчүн мыйзамсыз деп атабыз? Туура. Тергөөчү сунуштама берет. Бирок, бир сунуштамада ошончо адам болбойт да. Ар бирине жүйөө келтириш керек. Бул адам укугуна коюлуп жаткан чоң чектөө. Ал жерде элүүдөн ашык кишинин аты аталып жатат. Биз аны дагы бир сыйра карап, тастыктап чыктык. Ал жерде октябрь окуясына эч кандай тиешеси жок, басып барбаган адамдар жүрөт. Өздөрүнөн деле сурасаңар болот, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева, Нурбек Токтакунов дегендер жологон да эмес. Болгону алар январь-февраль айларында сунушталган баш мыйзамга каршы чыгып, активдүү аракеттерди жүргүзгөн. Тыңшоо алардын ошол аракеттерине каршы багытталган. Тизмедеги кишилердин шайлоого, референдумга тиешеси бар. Мисалы, Каныбек Иманалиев, Канат Исаев сыяктуулар президенттик шайлоодогу оппозициялык маанайдагы талапкерлер.

Булар (тиешелүү бийлик органдары - ред.) биз октябрь окуясындагы ишти тергеп аттык эле, бул өтө оор кылмыштарга кирет, токтомдо көрсөтүлүп турат деп айтып атышат. Туура. Мен ага макулмун. Чындап эле оор кылмыштарга кире турган болсо, анда биринчи тыңшай турган шектүүлөр ошол окуялар аркылуу бийликке жетишкен Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Улан Ниязбеков болуш керек эле. Эмне үчүн бизди шекшип, тыңшашат?

“Азаттык”: - Социалдык тармактар аркылуу таратылган тизмеде камакта отурган саясатчылардан тышкары, жоон топ таанымал укук коргоочулар, жарандык активисттер, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары жүрүшөт. Булардын кылмыш ишке тиешеси бар-жогу, тыңшоолордун жыйынтыктары тууралуу суроолорубузга ИИМден жооп ала элекпиз. Дастан мырза, сиз бул боюнча Башкы прокуратурага жана сотко кат жолдогонуңузду "Твиттердеги" баракчаңызга жаздыңыз. Кандай суроолор менен кайрылдыңыз?

Дастан Бекешев: - Мен адегенде материалдарды топтоюн деп атам, эмненин негизинде сотко ушундай сунуштама беришкен. Менин аты-жөнүм аталган соң, кылмыш иши менен мен дагы таанышуум керек. Булар октябрь окуяларына таянып атышат. Чындыгында, тизмедегилердин арасында октябрь окуяларына катышкан кээ бир депутаттар, активисттер жок. Январь айы референдум жана президенттик шайлоо болуп аткан кез болуп атпайбы. Президентке каршы сөз айткандарга гана ушундай тыңшоолорду коюп атышат да. Экинчиден, мен бул ишти жөн эле калтырбайм. Себеби, ошол учурда иштеп аткан Конституцияда депутаттын кол тийбестиги бар деп так жазылган. Анан ыйгарым укуктар жөнүндөгү Конституциялык мыйзам бар. Ошол жерде депутатка иш козгоого башкы прокурор өзү уруксат бериши керек деп так жазылган. Депутатка иш козголуп аткан соң, логика боюнча башкы прокурордун өтүнүчү болушу керек эле. Аны жасаган жок. Муну дагы көтөрөйүн деп атам.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Бул мыйзамсыз аракеттерди саясий эркке, берилген уруксатка жараша болгон деп түшүнүшүбуз керек. Ошондуктан, эч ким жазаланбайт, жоопкерчиликке тартылбайт. Ар кандай курулай каттар жолдоно берет. Менин катыма деле архивге кетти же тергөө купуялыгы деген өңдүү курулай жооп берилиши мүмкүн. Эгер андай болсо, бул мыйзамсыз аракеттерди жөн эле калтырбашыбыз керек. Бүгүн болбосо келечекте жоопкерчиликке тартылат.

Өмүрбек Эгембердиев: - Тыңшоо дүйнө жүзүңдө бар. Ага мыйзам чегинде уруксат берилет. Адегенде кылмыш аракеттерин, коомго келтирилген коркунучтарды тактап туруп, анан тыңшоого барыш керек. Мындайда ар бир адамды өзүнчө карап, өзүнчө чечим чыгаруу керек. Азыркыдай узун тизмеге жол берилбейт. Кылмыш кодексинин 19-бөлүгү толугу менен дал ушул адам укугун коргоо боюнча жазылган. 136-беренеде эгер ушул жоболорду бийликте отургандар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери бузса, кылмыш кодексине ылайык жооп берери санкцияларына чейин жазылып турат. Болуп аткан бул окуяда аша чабуу бар. Факт турат. Эч ким андан кача албайт. Мындайлар Кыргызстанда канча болду? Кезинде Феликс Куловго, Дооронбек Садырбаевге, Исмаил Исаковго, башка депутаттарга тыңшоолор болуп, кабинеттеринен тыңшоочу аппараттар табылбады беле. УКМКнын үстүнөн да иш козголуп, кийин убакыт өткөндө каралбаган бойдон калды.

Менимче, азыркы бийликке дагы бул аброй алып келбейт. Адамдын укугун бузуу оор кылмыш. Ошондуктан, менин оюмча, ачыкка чыгып калган соң, прокуратура буга реакция жасап, керек болсо иш козгоп, жооп бериш керек. Бийлик жоопкерчилиги бар адамдарды жоопко тартса элде ишеним жаралмак. Анан депутат айткандай, "биздин тыңшаганга акыбыз бар" деген сыяктуу курулай жооптор болбойт. Бул жерде кызматынан кыянат пайдалануу деген да бар. Мунун баарын терең талдап баа берсе, өздөрүнүн абийири дагы таза болот.

Талкуунун толук видео вариантын бул жактан көрүңүз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG