Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Тыңшоо маселеси парламентте көтөрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым жарандык активисттердин телефону тыңшалып жатканы тууралуу маселе парламент жыйынында көтөрүлөт. Бул тууралуу 1-сентябрда "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

30-августта Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист Биринчи Май райондук соту быйыл 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарганын билдиришкен.

Телефону тыңшалгандардын арасында Дастан Бекешев дагы бар.

Алар бул үчүн жоопкер тиешелүү жетекчилерди, анын ичинде ички иштер министри Улан Ниязбековду жана башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алууну, ал эми ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Азамат Жумабаев менен Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратовду кылмыш жообуна тартууну талап кылышкан.

Активисттердин дооматына Ички иштер министрлиги (ИИМ) жооп берди. Ага ылайык, телефон сүйлөшүүлөр былтыр октябрь айындагы окуяларга байланыштуу айрым шектүү адамдар менен байланышын текшерүү максатында тыңшалган. Тыңшоолор соттун уруксаты менен ушул жылдын 10-февралына чейин жүрүп, андан кийин узартылган эмес. 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларга байланыштуу Кылмыш кодексинин 262-беренеси (Массалык башаламандык) менен кылмыш иши козголуп, прокуратура аны ИИМге жүктөгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG