Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Жапаров Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендик күнү менен куттуктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Эгемендүүлүк алган жылдардан тартып Өзбекстан Республикасы күчтүү жана туруктуу демократиялык мамлекетти куруу менен бирге социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасап келет. Ошондой эле Өзбекстан чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө чоң ийгиликтерге ээ болуп, эл аралык жана аймактык маселелерге кошкон салымы үчүн дүйнөлүк аренада да татыктуу орунду ээледи", - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Жапаров мамлекеттер ортосунда жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрүлгөн кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы бирге күрөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Өзбекстанда Эгемендик күнү 1-сентябрда белгиленет.

Быйыл март айында президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып, жыйынтыгында 22 документке кол коюлган. Эки лидер ортодогу чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышканын билдиришкен.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG